Айбат » Коррупция аралаган дары-дармек департаменти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Коррупция аралаган дары-дармек департаменти

2-февралда КР Башкы прокуратурасы Кыргызстанга биологиялык активдүү кошулмаларды алып келүүгө мыйзамсыз уруксат бергендиги үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаментине кылмыш ишин козгоду. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “кызматтагы жасалмалуулук” беренелери (304, 315-беренелери) боюнча Башкы прокуратура менен ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын биргелешкен текшерүүсүнөн кийин козголгон. Аталган департамент “О-К” ЖЧКсынын биологиялык активдүү кошулмаларды каттоосу жок, лабораториялык текшерүүдөн жана экспертизадан өткөрбөстөн алып келүүгө уруксат бергендиги аныкталган. “Дары-дармектер” тууралуу КР мыйзамына ылайык, биологиялык активдүү тамак-аш кошулмалары Кыргызстандын аймагына алып келүүгө жана колдонууга уруксат берилген учурда гана сатылууга тийиш. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттен мамлекетке келтирилген зыян 400 миң сомдон ашык каражатты түзөөрү аныкталган. Төмөндө ошол Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин ишине саресеп салып көрөлү.

дары

 

Кыргызстанга алынып келинген дары-дармектер сатыкка текшерилип чыгарылабы?

Башка жактан алынып келинген дары-дармектер КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти тарабынан текшерүүдөн жана лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, дарылардын жарактуу экендигин аныктагандан кийин гана дарыканаларга сатыкка чыгышы керек. Бул департаментти Рустам Курманов жетектейт. Аталган департаментке башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп жатканы белгилүү болду.

Буга чейин аталган департаментке дооматтар артылып келгени коомчулукка жакшы маалым. “Бактамед” дарысынын уу-дуу жаратканы, мурдагы чакырылыштын депутаты Ширин Айтматова баш болуп, медицина тармагынын адистери, айрым бейөкмөт уюм өкүлдөрү чырылдап чыкканы көпчүлүктүн эсинде. Өткөн жылы экс-депутат Айтматова “Бактамед” текшерүүдөн толук өтпөгөндүктөн 20га жакын балага залакасы тийгендигин жалпыга маалымдоо каражаттарына, Жогорку Кеңеш трибунасында да айтып, ал дарыны биздин мамлекетте каттаткан фирма менен соттошуп жүргөнү белгилүү. Жыйынтыгында медицина адистеринен турган атайын комиссия түзүлүп, ал дары текшерүүдөн туура эмес өткөндүгүн, дары-дармек департаменти аны коррупциялык жол менен сатыкка чыгарып койгондугун айтып чыгышкан.

Дары-дармекти рационалдуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева ал комиссиянын курамында болгон. Ал мына буларды айтат:

– Испанияда даярдалды деген “Бактамед” ал мамлекетте даярдалбагандыгын комиссия аныктаган. Бул дарыны каттоодо дары- дармек менен камсыздоо департаменти талапка жооп бербеген кээ бир көрүнүштөргө көз жумуп койгон. Мисалы муну каттоодон өткөрүүгө арыз берген компания дарыны капсула түрүндө каттап берүүнү сураган, ал эми бул дары порошок түрүндө чыгарылат. Жыйынтыгында дарыны кабыл алган бөбөктөрдүн айрымдарына терс таасирин тийгизип, буту баспай, майып болуп калгандары да бар.

Бул маселе боюнча журналисттик иликтөө жакында НТС телеканалында чагылдырылып, анда саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү, бейөкмөт уюмунун өкүлү Бурул Макенбаева мындай пикирин билдирген:

“Кыргызстандын эли дарылар жагынан кооптуу абалда. Анткени дары-дармектердин коопсуздугуна мамлекет тараптан кепилдик берилген эмес жана бере албайт. Учурда жасалма жана мөөнөтү өтүп кеткен дарылар биздин рынокто көп. Бул чоң бизнеске айланып, акчага азгырылуу жагынан баңгизаттан да ашып кетти. Биздеги дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Рустам Курмановдун туура эмес иштерин көбү билет, бирок эч ким аны жоопко тарта албай жатат”.

 

Эмнеге мамлекет тарабынан бул тармакка көңүл бөлүнүп, чара көрүлбөйт?

Ошол эле жогоруда аталган комиссия мүчөлөрүнүн билдирүүсүндө, дары-дармек департаменти Ак үй,көк үйдөгүлөрдүн да каражат алып туруу булагы болуп калгандыгы, дары-дармек департаменти өз ишин башка багытка буруп алган ири бизнес тармагына айлангандыгы айтылып келет.

Атын атагысы келбеген, жалпак тил менен айтканда, департаменттин “кардары” төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Расмий түрдө бери дегенде 500дөн 1500 долларга чейин талап кылынат, мындан тышкары дарыны каттоодон өткөрүүдө жең ичинен да акча беребиз.

Каттоодон баштап лабораторияга чейин 4 этаптан өтөбүз. Дарыны каттоого алты ай убакыт берилет. Акча бербесең дарылар катталбай жата берет. Мындан улам биз акча берүү менен ишти ордунан жылдырууга мажбурбуз. Фармация рыногунда абдан чоң каражаттар айланат. Дарыга байланышкан чоң маселелердин бири– анын мөөнөтү, ошондуктан тез арада каттатып сатыкка алып чыгууга кызыкдарбыз. Ошондуктан айласыздан паракорчулукка барып жатабыз”.

Өткөн жылдын аяк ченинде аталган департаменттин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгынын адистери ал жакта бир канча ай болуп, айрым кызматкерлерди суракка алып, департаменттин ишмердүүлүгүнө байкоо салган.

 

ИИМдин 5-башкы башкармалыгы:

“Структураны оптималдаштаруу коррупция менен курөшүүгө көмөк берет”

* КР президентинин “Бийлик органдарындагы саясий жана системалык коррупция менен күрөшүү” тууралуу чараларды аткаруу максатында КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаментин текшерүүнүн жыйынтыгында жетекчи кызматтагыларды кыскартуу менен катардагы кызматкерлердин санын оптималдаштыруу жана көбөйтүү максатында департаменттин фармациялык инспекция бөлүмү дарылоо-алдын-алуу иштери сектору менен бириктирилген. Ошондой эле дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы каражаттарды каттоодон өткөрүүдөгү эксперттик иштердин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында фармакологиялык комитет менен фармакопея комитети дары-дармек каражаттарынын адистешкен экспертизасы бөлүмүнө айландырылган, ал эми медициналык техника комитети медициналык багыттагы каражаттарды экспертизадан өткөрүү боюнча адистештирилген бөлүм болуп калган.

Жыйынтыгында 2015-жылдын соңунда, департаменттин ичиндеги айрым негизги делген комитеттерди бириктирип, бир бөлүм кылып, мына ушундай болсо иш жакшырат дегендей бүтүмгө келишкен. Мындан улам кайсы бир мекеменин ичиндеги түзүмдү бөлүү же кыскартуу маселесин башка министрликтин өкүлдөрү чече алабы деген суроо туулат. Ички иштер министрлиги Саламаттык сактоо министрлигинин ичиндеги кадр маселелерин жөнгө салып, орду-ордуна коюп берүүгө акысы барбы? Мына ушундай суроого жооп алуу максатында КР

Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылоо боюнча башкармалыгынын башчысы Самат Тойматовдун кабылдамасы жана басма сөз кызматы гезит чыккан маалга чейин башкармалыктын башчысы менен байланыштыра албагандыктан жооп алууга мүмкүн болбоду.

 

Ашыралы Зурдинов, медицина илимдеринин доктору, фармаколог:

«Министирлик менен Департамент туура эмес жолго түштү…»

– «Саясий жана системалык коррупцияны жою үчүн…» демиш болуп ИИМдин 5 башкы башкармасынын сунушу дегенге шылтоолоп эксперттик комитеттерди бириктирип, аны ошол эле Департаментке баш ийдиргендери эч кандай акылга сыйбайт. 5-чи башкармалыктын катында ал Министирликтин алдында болуш керек деп сунушталган болсо керек эле. Учурунда биз эксперттик органдар эч кандай ведомостволык көз карандысыз, Өкмөттүн же Жогорку Кенештин көзөмөлүндө болсун деп сунуштаганбыз (көптөгөн мамлекеттердегидей эле). Тиллекке каршы бул маселелерге терең түшүнүү болбой келатат. Ошондуктан, Министрлик менен Дары-дармек департаментинин түпкү максаты айкалышып коррупциялык иштерге жол бербей турган адистерден арылып, ыңгайлуу, «сөзгө келүүчүлөрдү» таап, эптеп чоң маселени чечтик деп бетке тутканы турган чак. Дары-дармек тармагы, тилекке каршы, ири бизнеске айланганы айтылып эле келе жатат, мында дары чыгарган фирмалар акчанын күчү менен Кыргызстанда дарысын жеңил эле каттатып, тийиштүү кагаздарын алып жатканы жашыруун эмес.

 

Гүльбара Кулушова:

“Департамент коррупцияга жол бербей турган кадрларды четтетип жатат”

Департамент жетекчилигинин ишине канааттанбаган, мекеменин ишин ичинен жакшы билген адис Гүльбара Кулушова менен маектешип төмөндөгүлөрдү уктук:

– ИИМдин 5-башкармалыгы департаменттин ишин текшерди. Бирок ошол эле кезде алар коррупцияны жөнөкөйлөштүрүүгө шарт түзүп беришти деп ойлойм. Мурда Фармакологиялык комитет жогорку квалификациялуу фармаколог-адистер менен кызматташчу, дарыларды экспертизадан өткөрүү үчүн адистердин сөзсүз окумуштуу даражасы талап кылынчу. Азыр ал жакта дээрлик андай адистер калган жок. Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти эмнени ойлоп жаткандыгы белгисиз. Эмне дегенде дары-дармектерди экспертизадан өткөрүүнү жөнгө салуу маселеси эң башкы жана негизги маселе. Бул калкты сапаттуу жана коопсуз дары-дармектер менен камсыздоого шарт түзөт. Анын үстүнө биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирдик, мында жалпы рынок иштейт жана чек араларды ачуу жагында кошумча кооптуу кырдаалдар, контрабандалык жана жасалма дары-дармектердин кирүү коркунучу бар. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бул кызматка келген күндөн баштап, дары-дармектердин Улуттук базасын түзүү боюнча чоң иштерди жүргүзүп келе жатат. Бул жагы абдан маанилүү, анткени рынокко түшүү системасы ачык-айкын болушу керек. Ошону менен бирге эле улуттук мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикте кызматташуу алкагында мамлекеттин эң негизги маселелеринен болуп калышы керек.

Азыр менин билишимче, Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти ЕЭБ бекитилген процедуралар менен иштөөгө даяр эмес, бүгүнкү күндө бир дагы нормативдик-укуктук актылар ЕЭБ менен шайкеш иштөөгө даярдыгы жок. Евразиялык экономикалык биримдикте иштөө боюнча структураларды чыңдабай эле департамент квалификациялуу адистерден арылып жатат.

 

Замир Акаев, Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин маалымат кызматынын жетекчиси:

“Жогорку квалификациялуу адистерди кетирип жатат деген туура эмес”

* Департамент реорганизация болгондо жогорку квалификациялуу адистерди кетирип жатат деген туура эмес. Мурда иштеген адистер дагы жаңы тутумга кирип иштеп жатышат. Болгону комитеттин төрагалары, анын орун басар кызматтары жоюлду. Фармакология комитетинин төрагасы азыр башкы адис болуп иштеп жатат.

Бул маселенин башы азыр, ЕЭСке кирип жатканда эле пайда боло калган жок, ал мурунтан эле болгон. Кыргызстанда регулятордук системаны сынап, эмнеси жакшы-эмнеси жаман, кайсы жагын өзгөртүш керек деп системаны өзгөртүү боюнча Бүт дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери изилдеп, бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен сүйлөшүп, фармация рыногун карап, көп сунуштардын арасында азыркы сунушту да көрсөтүшкөн. Негизинен бардыгын бир эксперттик орган караш керек деп бүтүм чыгарышкан. Бир нече бөлүм болгондо баары толук жооп бербейт, убакытты да алат. Азыркыдай структура Европада, ЕЭС өлкөлөрүндө – Беларуста жана Казакстанда иштеп жатат. Биз экономикалык биримдиккен киргенден кийин структурабыз бирдей болгону жакшы да.

Коррупциянын алдын-алыш үчүн департаментте “Бирдиктүү терезе” системасы киргизилген, келечекте регистрациялык досьени онлайн режиминде көрүүгө болот. Бул эксперттер менен түздөн-түз байланыш болбой турганын көрсөтсө, экинчиден дары-дармектерди каттоодон өткөрүү процессинин ачык-айкындуулугун шарттайт.

Анткен менен Гульбара Кулушованын айтымында, 2003-жылдан баштап Кыргызстанга келген дары-дармекти каттоодо “Жөнөкөйлөтүлгөн система” ишке кирген. Тактап айтканда дары-дармекти каттоону тездетип, процессти жеңилдетүү. Бул система аркылуу мурда катталып жана изилденип, бирок кайра жаңыланган дарылар өтүшү керек. Бул багытта да катачылыктар бар. Бул система аркылуу изилдөөдөн өтө элек дарылар да учурда өтүүдө. Атап айтсак, Эрбисол, Церебролизат, Репретин, Ротокиназа, Эскадерм, Перагезик, Тазиллин жана башкалар. Ушундай каталар кетирилгендиктен Бактамедге байланыштуу кайгылуу окуялар катталууда.

Эксперттердин билдиргенине караганда, департаменттин элегинен дарылар тийиштүү деңгээлде жакшы эленбей, мунун жыйынтыгында пайдасыз дарылардын саны өсүп жатат. Башка өлкөлөр өзүлөрүнүн керексиз дарыларын Кыргызстанга окшогон мамлекеттерге экспорттоп турушун бүгүнкү күндө дагы токтото элек, ал эми бизде көзөмөлдүн жакшы болбой жаткандыгы аларга ыңгайлуу шартты түзүп жаткандыгы айкын.

ПолитКлиника




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2016 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru