Айбат » Ѳзүн ѳзү премьер-министр деп жарыялаган Бакыт Тѳрѳбаев кайда?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Ѳзүн ѳзү премьер-министр деп жарыялаган Бакыт Тѳрѳбаев кайда?

46797

  Чоң шаан-шөкөт менен өткөн шайлоо алдындагы Бабанов-Төрөбаев биригүүсү, кыязы эч нерсе жасай элегинде эле талкаланып калды окшойт. Бул тандемдин катышуучулары ич ара президенттик жана премьерлик кызматты бөлүштүрүп алышкан, ошондон кийин эле өзүн-өзү өкмөт башчы кылып алган адамыбыз кайдадыр жоголду. Акыркы эки жума ичинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери шайлоого катышпаган адамдай эле житип кетти.

Бакыт Төрөбаев өз алдынча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөргөн жок. Анын саясый компаньону Ѳмүрбек Бабанов уюштурган жыйындарга да катышкан жок. Тандемдин катышуучусунун статус боюнча кичүүсүнүн жадакалса баннерлери жана сайттарда, гезиттерде эч кандай рекламалары жок. Келечектеги премьер-министрди Нурсултан Назарбаев менен жолугушууга чакырбаганын айтпай эле коелу. Эгерде Төрөбаев да Алматыда болгондо, жок эле дегенде Елбасы менен сөзсүз селфи жасамак, анан өзүн Facebookтан пиар кылмак.

Азырынча «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери эмне кыларын билбей турат. Эмнеси болсо да ал азыр президенттик жарыштан өз талапкерлигимди алып салсам туура болобу деп ойлонуп отурат. Ал албетте мурдагысындай эле Бабановдун президенттигинде премьер-министр болом деп кыялдана берсе болот. Бирок, андай эч качан болбой тургандыгы улам ачык болуп баратат, андыктан Төрөбаев өз каалоосу менен түшүп берген саясый тузактан чыгып кетүүнүн жолун издөөдө.

Төрөбаев президенттик шайлоодон чыгып кетүүгө эми баралбайт. Бабанов менен бириккенден кийин ал ансыз деле өзүнүн электоратынын байкалаарлык бөлүгүнөн ажырап калды. Мезгилсиз дистанциядан чыгып кетиши, болгондо да чоң үлүштөгү мүмкүнчүлүгү менен чыгып кетиши «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидерине өздөрүнүн жердештеринин биротоло көңүл калышын камсыздап коет. Ал эми ишенимди жоготуу анын саясый карьерасынын кайгылуу аякташына алып барышы мүмкүн.

Бул фондо, эксперттердин белгилешине караганда, Сооронбай Жээнбековдун рейтинги өсүүдө. Бул президенттикке талапкердин ансыз деле түштүктө олуттуу позициясы бар болчу, эми Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен ал эч кандай интригасы жана кара пиары жок эле, ашыкча кыйналбастан көпчүлүк добушту өзүнө алып кетет.

Бабановдун шайлоо алдындагы кампаниясын коштогон жаңжалдардын сериясы электоратка ой жүгүртүү үчүн олуттуу негиз берип койду. Чет элдик олигархтар менен жашыруун жолугушуу, Назарбаевге жүгүнүү үчүн Алматыга сапар, добуштарды сатып алуу боюнча көптөгөн билдирүүлөр, чоочун мүлктөрдү өзүмдүк кылып алууга айыптоолор жана башка кырдаалдар аткарылбай турган убадаларды жеңил эле берип аткан талапкерге карата шайлоочулардын сын көз менен кароосуна алып келет. Коомчулукта мыйзам ченемдүү баалуулуктарды кайрадан баалоо болууда.

Эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикиринде, бүгүнкү күндө потенциалдуу шайлоочулардын жарымынан көбү президент Алмазбек Атамбаев тарабынан белгиленген курсту жана реформаларды колдойт жана бүгүнкү күндө башталган мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду уланта турган талапкерди колдошот. Анан албетте шексиз артыкчылык болуп мындай шайлоо Кыргызстандагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого кепилдик бере тургандыгы болуп саналат.

Эми жөнөкөй эле арифметика – эгерде аналитиктер айтып аткандай мамлекеттин жашоочуларынын 55%ы айрым талапкерлердин ызы-чуусуна жана агрессивдүү пиарына карабай, өздөрүнүн симпатиясы менен бир талапкерге токтолгон болсо, анда калган талапкерлерге эмне калат?

Сариев кандай болгон күндө да 6-7 пайыз добуш алат, бул анын былк этпес констатасы. Шайлоодон шайлоого чейин анын ишенимдүү тарапташтарынын саны анча байкалаарлык өзгөрүлбөйт. Өзүнүн патриоттук духта негизделген жана ишенимдүү электоратына ээ болуу – бардык саясатчылардын кыялы.

Эгерде Төрөбаев шайлоодон баш тартпаса жана эрктүүлүгүн көрсөтсө, болжол менен ушунча эле пайызда добуш алат. Себеби ал өзүнүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен 7%дык тосмону ашып өтүп, парламентке өз алдынча эле келе албадыбы.

Калган талапкерлер сурамжылоолоржана мурдагы шайлоолордун тажрыйбасы боюнча жалпы биригип 5 пайызга чейин же андан бир аз ашыгыраак алышат.

Мындай жол менен, Бабанов максимум эмнеге таяна алат, бул анын каршылык электоратынын жана али бир талапкерге токтоло электердин электоратын кошкондо 25 пайызга жетиши мүмкүн. Бүгүнкү күндөгү тенденция мындай, саясый аренадагы окуялардын кандай өнүгүп атканы баам салсак, эл таттуу жашоону убада кылууга эмес, жасалган конкреттүү ишке добуш беришет.

Шайлоо күнү элди көчөгө алып чыгууга жасалган чакырыктар карапайым адамдарды кооптондуруп турат. Мындан сырткары элибиз айрым ишмерлердин жаңыдан гана жолго коюлуп бараткан мамлекетибизге кайрадан чаң-тополоң салгысы келгендерге өтө сактык менен мамиле кылып турушат. Эгерде экономиканы жана бизнести олигархтардын кызыкчылыгы алдында кайрадан куруу башталса, анда бул Кыргызстанды 10 жыл аркага алып барат, бакиевдик эпохага.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru