Айбат » Анвар Артыков: Эгерде элдер чɵгɵлɵп жашап жатканын билсе, эмнеге буга чейин парламентте кɵтɵргɵн эмес, эмнеге эми гана эстеп атат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Анвар Артыков: Эгерде элдер чɵгɵлɵп жашап жатканын билсе, эмнеге буга чейин парламентте кɵтɵргɵн эмес, эмнеге эми гана эстеп атат?

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, прокуратура жана БШК Бабановдун Ошто  сүйлɵгɵн сɵзүнɵ укуктук баа бериши зарыл. Бул тууралуу ЖК депутаты Анвар Артыков «Вести.кж» сайты аркылуу кесиптеши, президенттикке талапкер Ɵмүрбек Бабановдун Оштогу ɵзбектерге кайрылып, эч нерседен коркпоого,  бир нерсе болсо чогулуп, каршылык кɵрсɵтүүгɵ чакырган сɵзүнɵ пикирин билдирген учурда айтты. 

Анвар Артыков

Анвар Артыковдун белгилɵɵсүндɵ, кесиптеши туура эмес сүйлɵгɵн.

– Албетте, шайлоо алдында талапкерлер кɵп учурда реалдуулуктан алыс сɵздɵрдү сүйлɵшɵт, бирок кандай болгон күндɵ да мыйзам чегинен чыкпашы керек, – дейт эл ɵкүлү. Бардыгы мыйзам чегинде болушу кажет.

Депутат ɵз сɵзүндɵ белгилегендей, Бабановдун кɵпчүлүгүн ɵзбектер түзгɵн жолугушууда минтип сүйлɵɵсү катачылык болуп калды.

– Ким билет, балким, ɵлкɵнүн башкы кызматына талапкер эмоцияга алдыргандыр. Бирок Ɵмүрбек Токтогулович ɵзбектерге кайрылып, «чɵгɵлɵп жашагандан кɵрɵ, тике туруп ɵлгɵн жакшы» деп кеңеш берип жатат. Ал муну менен чогулуп, каршылык кɵрсɵтүүгɵ чакырууда. Кызыгы, кимдерге каршы, эмне себептен? Бабанов депутат, эгерде элдер чɵгɵлɵп жашап жатканын билсе, эмнеге буга чейин парламентте кɵтɵргɵн эмес, эмнеге эми гана эстеп атат?», – деп суроо салат ЖК депутаты Анвар Артыков.

Ошондой эле депутат  талапкердин айткандары  ɵтɵ туура эмес болгонун,  андайды  токтотуу керектигин айтты. Анын пикиринде, Бабановдун айткандары толугу менен провокациялык, себеби, учурда маалыматтык кылымда жашап жаткандыктан, миңдеген чакырым аралык алыстыктан эмне сүйлɵп, эмне айтып жатканын угуп, кɵрүүгɵ болот.

– Мына, анын сүйлɵгɵн видеосу интернет айдыңын аралап  жүрɵт, аны кɵргɵндɵр, уккандар козголоң кылууга чакырык катары кабыл албайт дегенге кепилдик жок. Буга окшогон нерселерге жол берилбеши керек. Саясатчы, президенттикке талапкер адамдын оозунан дегеле мындай сɵздɵр чыпашы керек болчу. Тескерисинче, ал элди биримдикке чакырышы абзел. Эптеп эле добуш алуу үчүн мындай сɵздɵрдү айтуунун ɵзү таптакыр туура эмес, – дейт эл ɵкүлү.

Ошол себептен депутат БШК, УКМК жана прокуратура Бабановдун Оштогу сɵзүн иликтɵɵгɵ алып, анын айткандарында кырдаалды курчутууга чакырыктын бар, жоктугун карашы керек. Ошондой эле бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, укуктук баа берилүүгɵ тийиш.

– Ушуга окшогон сɵздɵр жана башка маалыматтардын баары  тиешелүү органдар тарабынан тыкыр текшерүүгɵ  алынып, чакырык же пиар экендиги боюнча вердикт чыгарылышы керек, – дейт Анвар Артыков.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru