Айбат » Карабековдун бир жактуулугу же Бабанов тѳӊкѳрүш темасын кантип жазгырууга ѳттү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Карабековдун бир жактуулугу же Бабанов тѳӊкѳрүш темасын кантип жазгырууга ѳттү?

1034523308

Убагында Акаевдин да, андан кийин Бакиевдин да тилин тапкан, алардын жылуу колтугунан орун алып, бөпөлөнүп жүргөн Кабай Карабеков аттуу журналист агабыз бар. Бүгүнкү күндө «Коммерсант» гезитинин кабарчысы. Тээ 1992-93-жылдары туңгуч качкын ажо А. Акаевдин жардамчысы, маалымат катчысы боло калган. 2000-2005-жылдары да ошол эле Акаевдин колдоосу менен парламентке депутат болуп отурган. Бирок, Акаев качкандан кийин деле Карабековдун кылы кыйшайган жок. Ал ошол замат канкор Бакиевдердин «Ак жол» партиясына жылып кирип, баягы эле депутаттык креслодо манчыркап отуруп калган.

Бирок, 2010-жылдан кийинки бийликтин колтугунан орун таба албады. Ошондон уламбы, айтор маал-маалы менен бүгүнкү бийликти окшошсо-окшошпосо да бир сынга алып калмай жайы бар. Ошол эрен президенттикке талапкер Ө. Бабановду колдоого алып аткан ЖК депутаты Канат Исаевдин төңкөрүш даярдоо планы ачыкка чыгып калып, камакка алынганын «Кыргызстандын атайын кызматы шайлоого аралаша баштады» деген маанайда жазып чыгыптыр.

30-сентябрда К. Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен адегенде кафелердин биринде, андан кийин өзүнүн штабында жолугушуп, «15-октябрга карата «ярый» балдар керек» деп, анан алдын-ала «задаток» катары 800 000 миң сом берип атканы боюнча видеоматериал интернет булактарына кеңири тараган. Андан сырткары уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүнүн телефондогу сүйлөшүүсү боюнча аудиожазуу тараган. Ал аудиожазууда депутаттар Канат Исаев менен Каныбек Иманалиевдин аттары аталып, «ярый» балдар үчүн аймактарга 4 миллион сомдон берилип атканы, Ош менен Жалал-Абадка 25 миллион сом берилгени, К. Исаев ачык эле төңкөрүш кылыш керек экенин айтканы, болгондо да аны Бабановдун атынан айтканы айтылат.

Мына ушунун баарын К. Карабеков бийликтин атайын жасаган ишиндей кылып көрсөткүсү келген. Ал «Бабанов «Мен биринчи турда эле 65% шайлоочулардын добушун алам» деп билдирген, андыктан анын жакын санаалашын камакка алуу – бул атайын кызматтын провокациясы» дейт.

Эмне Бабанов өзү канча пайыз добуш ала турганын алдын-ала билгендей олуя беле? Кимдин, кайсыл талапкердин канча добуш ала турганын 15-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы гана бере алат. Эгерде Бабановго жагынган пиарщиктери: «Биз сурамжылоо жүргүздүк, сиз 65% шайлоочулардын добушун алат экенсиз» деп «соска» сордуруп койгон болушса, ал биздин күнөөбүз эмес. Кайсы бир талапкердин акчасына иштеп аткан пиарщиктердин баары эле өз талапкеринин сурамжылоодо эң биринчи болуп келатканын көрөт.

Анан ошол пиарщиктерине ишенип алган Бабанов «Кудай буюрбаса да бийликке келем» дегенсип эле туру. Мунусу анын «мен бийликке келиш үчүн төңкөрүш да жасайм, мен буга абсолюттуу түрдө ишенимдүүмүн» дегениндей эле болуп атпайбы.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru