Айбат » Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, экс-“республикачы” депутат: “Төңкөрүш аракетинин артында Бабанов турганына ишенем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, экс-“республикачы” депутат: “Төңкөрүш аракетинин артында Бабанов турганына ишенем”

                   1370090243_bee239d245b3a51192be1aec224cad78_500_0_0 

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен бир партиядан депутат болуп, аны жакындан тааныйсыз. Учурда Бабанов элге тоодой убадаларды берип жатат. Аны жакындан билген киши катары айтсаңыз, Өмүрбек Токтогуловичтин убадаларына ишенсек болобу?

-          Жалпы эл, мен жолугушкан адамдар Бабановго ишенбей жатат. Учурда мен айылда жүрөм, шайлоочулар менен сүйлөшүп калам. Бабановдун 6 жылда тездик менен өнүккөн 10 мамлекеттин катарына кошом дегени элдин кыжырын гана келтирүүдө. Эми ушуга ким ишенсин? Же президентте экономиканы көтөрүү боюнча укугу болсочу. Тездик менен өнүккөн Сингапур, Малайзия кеминде 30 жылын короткон.

Бабанов элди кыска аралыкта эки эсе бай болосуңар деп жатат. Кыргыз эли адал мээнет, ак эмгек менен баар таап келген. Тез байып кетүү, кыска аралыкта ири олжого мааруу бул таза жол менен келбейт. Арам оокат, уурулук кылгандар гана ушундай тез байышы мүмкүн. Андыктан адал эмгек менен тапканга жетпейт.

-          Буга чейин Бабанов казак президентине барып чөгөлөдү. Андан кийин чет элдик олигархтарга жолукканын моюнга алды. Шайлоо мыйзамдарына каршы келген мындай аракеттерди кандай баалайсыз?

-          Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп мыйзамды одоно бузулду. Казактар болсо буга чейин Назарбаев Сооронбай Жээнбеков менен да жолуккан деп актанып жатпайбы. Жээнбеков казак президенти менен премьер-министр катары кезиккен. Бабанов болсо үгүт маалында бул жолугушуусун реклама кылып жатпайбы. Бул мыйзамды сыйлабастык, шайлоочуларды урматтабастык, элдин намысына шек келтиргендик болуп саналат.

Бабановдун олигархтар менен жолукканы да элдин кыжырын келтирүүдө. “Эмне кыргыз президентин чет өлкөнүн президенттери менен олигархтары шайлайбы?” деген нааразычылыктар болуп жатат.

-          Өмүрбек Токтогуловичтин Он-Адырдагы сөзү коомчулукту катуу нааразы кылды. Сиз Бабановдун ушул сөзүнө кандай баа бересиз?

-          Бул сөздү 2010-жылы сеператист Кадыржан Батыров сүйлөгөн. Эми минтип Бабанов шайлоо астында кайталап жатат. Буга укук коргоо органдары чечкиндүү баасын бериши керек.

-          Бабановду шайлоодо активдүү колдоп жаткан депутат Канат Исаев төңкөрүш жасоо алдында кылтакка илинди. Бул ыплас иштин артында Бабанов турган жокпу?

-          Бул төңкөрүштөн артында Бабанов турганына ишенем. Мындай аракет алардын саясый планынын бир бөлүгү болушу ыктымал. Анткени булар үзөңгүлөш болуп, Исаев шайлоо учурунда Бабановду колдоп келди. Төңкөрүш аракетин пландагандардын бүт аймактарды башка кишилери да болушу ыктымал. Андыктан тасмадагы фактылар дилилденсе баарын жазалаш керек.

-          Сиз өзүңүз Бабанов менен үзөңгүлөш жүрдүңүз эле. Аны менен эки ача жолго түшүшүңүзгө эмне себеп болду?

-          Биз 2015-жылы шайлоодо чогуу иштеп Ысык-Көл облусунда эң көп добуш топтоп бергенбиз. Ошондо Бабанов аксакалдар алдында биздин облуска үч мандат бериле турганын убада кылган. Бирок, биз алып берген добуштардын баарын сатты. Бабанов Зарылбек Рысалиев, Камчыбек Ташиев сыяктуу далай үзөңгүлөштөрүн алдап кеткен. Андыктан бул киши карапайым элди жөн эле алдап жатат. Бул жолу Бабановго эл ишенбейт.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru