Айбат » Акыркы катачылыктары – анын “саясый өлүккө ” айланышына негиз болобу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акыркы катачылыктары – анын “саясый өлүккө ” айланышына негиз болобу?

           1024851444Президент болуу амбициясы ашынып кеткенден улам Өмүрбек Бабанов акыркы учурларда өз башын өзү таппай калгансыды. Шайлоочуларга жакшы көрүнүү үчүн ал балдай таттуу убадаларды катыра берүү менен бирге, биринчи кезекте өз элине эмес, өзгө мамлекеттин колдоосуна таяна тургандыгын да көрсөтүп алды.

Буга ачык мисал, анын шайлоо алдындагы үгүт иштери башталары менен казак лидери Нурсултан Назарбаевдин алдына чөгөлөп бара калганы болду. Ошол эле убакта ал казак жана россиялык олигархтардан доллар менен миллиондогон суммадагы финансылык колдоолорду алганы да ачыкка чыкты. Муну 1-октябрда өзү өткөргөн чукул маалымат жыйынында да тана алган жок.

Мындан сырткары ал өлкөбүздө жашаган өзбек тектүү мекендештерибиздин добушун алуу үчүн улуттар аралык жаңжалды козутуучу чакырыкты (сепаратист Кадыржан Батыровдун 2010-жылдагы чакырыгын) кайталады. “Тизелеп туруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Силердин бирөөңөрдү уруп атса, калганыңар кошулуп кеткиле, ошондо силерге эч ким тийе албайт. Эл деген бул сел болот. Бир өзбекке милиция тийсе, ал кызматынан кетет, мен сөз берем”, – деп кыйкырды ал Ош облусунун Өзгөн районунун Он-Адыр айылынын өзбек тектүү жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Кече жакында эле анын тарапташы, ЖК депутаты Канат Исаевдин Бабановдун атынан криминалдык чөйрөнүн адамдары менен жолугушуп, 800 000 сом берип атканы көрсөтүлгөн видео тасма интернет булактарында тарады. Мунун өзү Бабанов бийликти алуу үчүн кримчөйрө менен да мамиле курууга, өлкөбүздө башаламандык салып, кан төгүүгө даяр экендигин  көргөздү.

Мына ушул сыяктуу жана башка катачылыктары Бабановду 15-октябрдан кийин “саясый өлүккө” айлантып салуусу турган иш болуп калды. Элибизге мамлекетибиздин бүтүндүгүнө кол салгысы келген, улуттар аралык кастыкты тутанткысы келген жана кримчөйрөнү пайдалануу аркылуу төңкөрүш жасагысы келген саясатчынын эч кандай кереги жок эмеспи. Андыктан Бабанов эми шайлоодон кийин качканга балким чемоданын даярдап койсо керек, бирок жаңы эле курган “Азия Моллун” “чемоданга батырганга” үлгүрөт болду бекен?



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru