Айбат » Бабановдун эки жүздүүлүгү: «Башкалар добуш сатып алып атса бизге билдиргиле, биздикин башкаларга билдирбегиле»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабановдун эки жүздүүлүгү: «Башкалар добуш сатып алып атса бизге билдиргиле, биздикин башкаларга билдирбегиле»

                     1504583156123741Мамлекет башчысы болсом дегенде эки көзү чоктой кызарып калган Ө. Бабановдун өкүлдөрү үгүт кампаниясына ЖОЖдордун студенттерин активдүү тартып жатышканы, көбүнесе аларды башкалардын да добуштарын сатып алууга иштетип атышканы билинип калды.

Маселен, Ө. Бабановдун өкүлдөрү К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери менен жолугушуп, анан бул талапкерди колдогон активдүү студенттерди Москва-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги штабка чакырышканын, кызматташууга макул болгондоруна кымбат баадагы уюлдук телефон жана студенттер үчүн аз эмес суммадагы акча каражатын беришкенин биздин редакцияга аталган университеттин студенттеринин бири кабарлады.

Ошондой эле алар эгер студенттер чын көңүлдөрү менен иштеп берсе, анда дагы ири суммада акчалай сыйлык боло турганын, ал этап-этап менен төлөнүп, акыркысы президенттик шайлоо күнү берилерин убада кылышкан экен. Акча берип атканда фото, видео, аудио жазуулар болуп кетпесин деп сактанышып, штабга кирердин алдында чакырылгандардын уюлдук телефондору жана сумкалары алынып, күзөтчүлөрүн жанында калганын да айтышууда.

Негизи Кыргыз улуттук агрардык университетинде республикабыздын башка аймактарынан келген студенттер үчүн кошумча шайлоо участогу ачылган жана алар шайлоого катышуу үчүн Ф-2 бланкын толтуруулары керек. «Бүгүнкү күндө Ө. Бабановдун шайлоо алдындагы кампаниясына тартылган студенттер толтура турган жакка берилген бланканын дүмүрчөгү (корешок) үчүн 1000 сомдон сунуштап жүрүшөт. Ал эми көрсөтүлгөн талапкердин пайдасына добуш берүү үчүн кошумча 1500 сомдон 2500 сомго чейин убада кылышууда», – дейт атын атагысы келбеген студент.

Бизге жеткен мааламыттарга караганда бул университеттеги студент-үгүтчүлөрдүн координатору Дүйшөмбиев Адилет аттуу 20 жаштагы студент экен. Өзү Талас облусунан болорун да маалымдашты. Андан сырткары Сокулук районунда Ө. Бабанов үчүн активдүү үгүт жүргүзүп жүргөн Саткеев Майрамбек жана Раимкулов Жеңиш аттуу жарандар да шайлоочулардын добуштарын сатып алуу процесстерин каржылап жүрүшкөнүн сокулуктук жарандар нааразы болуп айтып жүрүшөт. Алар Бабановдун талапкерлигине добуш берүүгө 2000 сомдон өйдө акча сунуштап жүрүшкөнүн тастыктаган адамдар бар.

Ошентип алар «бийлик административдик ресурс колдонуп атат» дешет дагы, өздөрү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет жасап атышканы кандай? Андан калса, НТС телеканалы (кимге тиешелүү экенин билесиздер да) «Ким ким добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу боюнча фото жана видео тасмаларды тартып алган болсо, бизге жөнөткүлө» деп жар салууда. Ошентип өздөрү жар салып алып, анан кайра өздөрүнүн штабында акча таратып аткандары ачыкка чыгып кетпеши үчүн киргендердин телефонун, сумкаларын алып коюп аткандарына жол болсун дейли.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru