Айбат » Бабановдун рейтинги кескин төмөндөп, жаштардын да көңүлүн кайт кылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабановдун рейтинги кескин төмөндөп, жаштардын да көңүлүн кайт кылды

                1034523308

Негизи башында эле «ээрге кыйшык» отурган. Бирок, кандай болгон күндө башында Өмүрбек Бабановдун шайлоочулар арасындагы рейтинги дурус болуп турган. Өзгөчө жаштар арасында сүйгүнчүккө ээ болуп, «жаш кадр бийликке келсе, жаңыча ойлонот, мамлекетибизди оңдойт» деген пикирде болушту эле.

Анын үстүнө анын жалындуу сүйлөй билген ораторлугу, таттуу убадалары көпчүлүктүн кулагын сүйүндүрүп турду. «Мына президент болом деген киши ушинтип сүйлөш керек» деп кубаттап турушту. Бирок, сүйлөп коюу менен иш бүтпөй тургандыгын, кооз убадалар жөн гана максатка жетүү үчүн тепкич катары айтылып атканын бир ай болбой жатып жаштар да түшүнүп калышты.

Балким Бабанов калпыс кадамдарды жасабаганда, ага карата коомчулуктун ишеними мынчалык кескин төмөндөп кетпейт эле. Ал өзүнүн берген убадаларын эч качан аткарбай тургандыгын, үгүт иштеринин жүрүшүндөгү кыска убакыт аралыгында эле тастыктап койду.

Бир четинен далилдерди келтирели. Ал Өзгөн районунун эли менен жолугушуусунда «Мен президент болсом, премьер-министр деген кызмат жоюлат, баардык жоопкерчилик президенттин өзүндө гана болот» деген убаданы берди. Эл буга кол чаап, коштоду. Бирок, Өзгөндөн бери 40 чакырым жылгандан кийин эле, тактап айтсак Жалал-Абад эли менен жолугушуусунда жанына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Б. Төрөбаевди кошо ээрчитип чыгып, «Мен президент болсом, Бакыт Эргешович премьер-министр болот» деп билдирди. Демек, ал ага чейин Өзгөндө элге берген убадасын Жалал-Абадка келгенге чейин унутуп калды десек болот.

Ошентип Бабановго ишенип турган шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн ишенимине суу бүркүлдү. «Кече берген убадасын эртеси унутуп калып аткан адам кантип өлкөнү алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошсун? Бул жөн эле сүйлөй берет турбайбы», – деп этек-жеңин кагынышты.

Андан кийин Ө. Бабанов Өзгөн районунун Он-Адыр айылынын өзбек улутундагы жашоочулары менен жолугушуусуна бара жатып, башындагы калпагын чечип, эки бүктөп портфелине салып койгонун көргөндөрдүн бир көңүлү калды. Анан ага кошумча катары Бабанов: «Урматтуу өзбек калкым! Чөгөлөп туруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Силер эч нерседен коркпогула. Бирөөңөрдү уруп атса, калганыңар кошулуп кеткиле. Эл деген бул сел болот, эч ким эч нерсе кыла албайт. Бир өзбекке милиция тийсе, ал кызматынан кетет, мен буга сөз берем» деген улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыгы ого беш бетер өлкө жаштарынын нааразычылыгын жаратты.

«Биз кимди колдоп атканбыз, бул адамда деги улуттук ар-намыс деген жок экен го? Эмнеге башынан калпагын чечип коет? Эмнеге тынч жаткан эки элдин ортосуна кайрадан коогалаң салгысы келет? Кокус бул адам бийлик башына келип кала турган болсо, өлкөбүздөгү 80ден ашуун улуттарды бири-бирине тукуруп отуруп, мамлекеттүүлүгүбүздү жок кылат го», – деген күдүк ойлорго жетеленген жаштар, Бабановго добуш бермек турсун, аны эми деги эле Кыргызстандын саясый аренасынан көргүлөрү келбей калды.

Андан кийин эле Ө. Бабановду сүрөөнгө алууну чечкен ЖК депутаты Канат Исаевдин 15-октябрда өлкөбүздө башаламандык салуу үчүн, бийликти басып алуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү менен жолугушуп, ага 800 000 сом берип атканы видеосу интернет булактарына тарады. Ага удаа эле кримчөйрөнүн эки өкүлүнүн телефондогу сүйлөшүүсү камтылган аудиожазуу таркады. Ал аудиожазууда сүйлөшкөн экөө Бабановдун атынан К. Исаев кримчөйрөнүн өкүлдөрүнө байланышка чыгып, «ярый» балдар үчүн ар бир районго 4 миллион сомдон, ал эми Ош менен Жалал-Абадка 25 миллион сом берилгени айтылат.

Мына ушул көрүнүштүн өзү Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүнүн уландысындай эле туюлат. Ал жакта кыргыз менен өзбек элинин ортосуна от жагып, жаңжал чыгарууну көздөсө, К. Исаев аркылуу кримчөйрөнү да өлкөдө башаламандык салууга сатып алып атат.

Жаңыланууну, жаңыча ой жүгүртүүнү айтып, жаштардын кулагын «бышырып» аткан Бабановдун бул кадамдары эч кандай «алдыга кадам» эмес, «башаламандыкка, мамлекетти талкалоого кадам» болуп калды деп кейишти Бабановдун басымдуу тарапташтары.

Мына ушундай жагдайлардан улам Бабановдун рейтинги өтө тездик менен төмөндөп кетти. Эгерде буга чейин аналитикалык агенттиктердин сурамжылоолорунда Бабанов үчүн добуш берүүнү каалагандар орточо 25-30%ды түзүп келсе, анын акыркы адашууларынан кийин бул цифра эки эсеге төмөндөдү. Андан сырткары али кимди шайлай турганын так аныктай элек, бирок көңүлүндө «Бабановду тандап калышым мүмкүн» деп турган жаштардын да көпчүлүгү, «Мен тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактай турган, башка элдин алдына чөгөлөп барбай турган, бүгүнкү жасалып аткан иштерди улай турган талапкерди тандайм» дешсе, айрымдары «Бабановду шайлаганча, «баарына каршы» добуш берем» деп турушат.

Келечек ээлери – жаштар экендигинде калет жок. Ошол жаштардын сынган көңүлүн эми Бабанов канча аракет кылса да, ордуна келтире албай калды. «Бабанов бизге үмүт берди эле, бирок анысын актай албады, ага карата ишеним бир айга жетпей жалп өчтү» деп кейиген жаштарды көрсөк чындыгында каңырык түтөйт. Ишенимдин сынганы эң жаман эмеспи.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru