Айбат » Жасалма рейтинг жеңиш алып келбейт же Бабановдун ооз көптүрмөсү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жасалма рейтинг жеңиш алып келбейт же Бабановдун ооз көптүрмөсү

44137_w750_h_rОн-Адырдагы кыргыздардын кыжырына тийген, утурумдук саясат үчүн улут арасында козуткуч “гяптарды” урдуруп ийген Ѳмүрбек Бабанов ошол жолугуушуда беткабын сыйрып алды. Ага чейин Бабановдун жаштыгына, бизнес дегенде элирип иштеген энергиясына басым жасап, “ушул келсе реформа кылат” деп күтүп аткан калың журттун демине суу септи. Башка региондорду билбейм, бирок Он-Адырдагы Өмүрбектин өзбек туугандарга арнаган “одасы” анын Баткен, Ош, Жалал-Абад жергесинде рейтинггин түшүрдү. Ага чейин эле Бабановдун Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусу элдин көңүлүнө жакпай турган эле.

Аңгыча эле бандиттердин жардамы менен башаламандык уюштургусу келген Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев криминалдарга ошол тополоң үчүн 800 000 сомду берип аткан видеосу менен дадилденип, камакка алынды.

Эки революцияны баштан өткөрүп, кан көрүп калган эл Бабановдун тарапташынын бул кылыгына кадимкидей жини кайнап, “төңкөрүш уюштурууга дагы кимдер катышы бар болсо, алар да камалсын” деп чыгып атышат.

К. Исаевдин камалышынан кийин Бабанов жекшемби күнү шашылыш жыйын өткөрүп, аны колдоп сүйлөмүш болгону менен, дароо “биз Канат Кедейкановичти каржылабайбыз” деп адатынча суудан кургак чыгып кетти.

Ушул окуялардан кийин Өмүрбек Бабанов шайлоо өнөктүгүндө өзү иштешип аткан бардык массалык маалымат каражаттарына, телеканалдарга социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы менен “65,5” пайыз көрсөткүчтө алдыда келе жатканын жар салды.

Арийне, 1200-1500 киши катышкан соцсурамжылоо бүткүл кыргыз элинин тандоосун билдирбейт. Экинчиден, жасалма рейтинг жеңиш алып келбейт. Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев да өз пикирин: “Шайлоочулар кимдир бирөөлөрдүн атайылап жалган маалыматты таңуулап атканынан корголушу керек. Президенттик шайлоонун маанилүү экенин жана анын жыйынтыгынын өлкөнүн тагдырына тийгизген таасирин эске алганда коомчулуктун пикири менен манипуляция жасоо мамлекеттин келечегине олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Тилекке каршы, талапкерлердин бири шайлочулардын “65,5” пайызы биринчи турда эле ага добуш берүүө даяр экенин эч кандай тастыкталбаган далилдер менен коомчулукка таңуулаганга аракет кылып жатканы буга мисал боло алат. Андыктан, атуулдарыбызды башаламандык аракеттерден коргоо үчүн коомчулукка реалдуу маалыматтарды жеткиришим керек деп эсептейм”, – деп билдирген мамлекет башчысы социалдык кызматтардын ушул жылдын март айынан баштап, октябрь айына чейин жүргүзгөн реалдуу жыйынтыктарын көрсөттү.

Социалдык сурамжылоо көрсөткүчтөрүндө марттан баштап июль айынын ортосунда Бабанов үчүн элдин 37-42 пайызы добуш берүүгө макул болсо, ошол эле учурда бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков үчүн  добуш берчүлөр элдин 4-15 пайызын гана түзгөн. Ал эми август айынан баштап Бабановдун рейтингги 21 пайызга чейин түшүп, Жээнбековдун рейтингги 40 пайызга дейре өскөн.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru