Айбат » Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановду тээп түштү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановду тээп түштү

                   44831_w750_h_r

Дүйнөлүк практикада мамлекет башчыларын шайлоо алдында талапкерлердин теледебат формасы кеӊири таралган. Мындай теледебаттар айрым учурда тигил же бул талапкер тууралуу коомчулуктун пикирин түп-тамырынан бери өзгөртүп жиберүүгө жөндөмдүү болгондуктан, ага өзгөчө маани берилип келет. 

    Президентикке талапкерлер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Токтайым Үмөталиева, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов катышкан КТРКда өткөн теледебат тууралуу сөз кылсак, биринчи экөө жөнүндө коомчулуктун пикири белгилүү болгондуктан, негизги таймаш  – Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда болгонун, тараза ташы ачык эле Сооронбай Жээнбековго ооп турганын белгилей кетишибиз керек.

 Сооронбай Жээнбеков популисттик чечимдерге каршы

Сөздү биринчи алган Ө.Бабанов теледебатты атаандашына асылуу деп түшүнүп алганбы  кандай “7 пайыздык кредит берүү маселесин биздин фракция парламенттен ɵткɵргɵн. Тилекке каршы, Алмаз Шаршенович кол коёрдо сиз премьер-министр катары бюджетте акча жоктугун айтып, каршы чыктыңыз… Сиз айылда жашаган элдин турмушун оңдойбуз деп жатасыз. Аларга каражат бербесе, жумуш орундарын кантип түзсɵ болот?”, – деген провакациялуу суроо таштады. Сыртынан караганда суроо жөндүүдөй туюлат. Бирок Сооронбай Жээнбеков бюджет резина эместигин, популисттик чечимдерди кабыл алууга  эч кандай барбай турганын жооп кылды. “Биз аймактардагы кайра иштетүү ɵнɵр жайына 6 %дан кредитти берип баштадык, бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат…сиздин популисттик демилгеңизди колдогонго болбойт. Анткени, мамлекеттик бюджет резина эмес, анын эсеби бар, популисттик чечимдерди кабыл алганга мен каршымын”, – деп жооп берди.

Көрүнүп тургандай бул жерден бир маселеге карата эки позицияны байкап атабыз. Ө.Бабанов ишке ашабы-жокпу аны ойлобой эле элге жакшы көрүнүү үчүн популисттик долбоорун өткөрүп кетүүнү көздөсө, Сооронбай Жээнбеков андай чечим кабыл алуудан мурда бюджеттин чамасын көрүү керектигин айтты.

Коррупция менен күрөш Бабановдон башталабы?

Андан кийин Ө.Бабанов: “…сиз шайлоо ɵнɵктүгү башталгандан бери бир да жолу коррупция жɵнүндɵ сɵз кылбай жатасыз… Коррупциядагы булактарды бурсак, завод, фабрикаларсыз эле элибиздин  жашоосун оңдосок болот деп ойлойм”, – деп баштады эле Сооронбай Жээнбеков мындай деген татыктуу жообун берди: “…Мен премьер болгондо Кыргызстандын тарыхында болбогон ɵсүштɵр болду. Аны жакшы билесиң, анан ушул жерге чыгып алып, уялбай калп айтып атасың. КНС салыгын мен эмес, Сариев алып салганын эсиңе тутуп ал. 2016-жылы бюджетке 11 млрд. сом киреше алып келдим. Экспорт 57 %га, ɵндүрүш 47 %га, сен иштегендеги 2012-жылы түшүп кеткен ИДП кɵлɵмүн 3 %га кɵтɵрдүм. Калпты да ɵз жолу менен  башка жерде айт”, -деди.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков бул өӊдүү бир жагы популисттик, экинчи жагынан коррупция менен күрөшпөйсүӊ дегенге, өзү таза, колу булганбаган инсан катары жаны кашайып кетти окшойт Ө.Бабановго абдан эле катуу айтып салды: “…7 %дык кредитти айтасың, бетиң болсо 17 млн. долларды  4 % менен алат белең, элге бербей. Ошончолук элге күйɵт экенсиң, ошону 7 % менен элге бербейсиңби, бул жерге келип алып мени жаманатты кылбай. Уялбайсыңбы, күрɵшсɵң, таза, ачык күрɵш, туура сɵз айт.  Менин сага берчү 25 суроом бар. Кыргызстанда коррупция  кандай экенин жакшы билем. Мен 95-жылдан бери саясаттамын, сен 2005-жылы саясатка келдиң, сени балапан кезиңден бери  билем. Коррупция менен мына мен күрɵшɵм,. биринчи сенден баштайм. Миллиарддарды бюджетке кайтарттырам. Сен муну айтпашың керек болчу, кандай адам экенимди, таза экенимди билесиң. Мени жаманатты кылгың келет ушул жерде, аның мага жукпайт, мен кудайдын алдында да тазамын. Мен сендей эмесмин, миллиардер болом деген киши эмесмин. Ɵмүрбек иним, жакшына бол”, – деди ал.

Өмүрбек Бабанов анын мындай чабуулунан эси чыгып кетти окшойт “…мен сизди коррупционер деген жокмун. Мен коррупционерлер жɵнүндɵ сɵз кылып атам”, –  деп кайпактап калды. Сооронбай Жээнбеков жөнүндө анын саясий атаандаштары “жоош”, “баш көтөрө албайт” дегендей пикир таратып, ага шайлоочуларды ынандырууга аракет кылып жүргөнүн билчүбүз. Бул жолу Сооронбай Жээнбеков  өзүнүн намыскөйлүгүн, керек учурда катаал адамга айлана алаарын, чечкиндүү мүнөзүн көрсөтүп койду. Бул айрыкча мамлекет башына кайраттуу, бекем, эрки күчтүү адам келсе деп жүргөн электораттын көпчүлүк бөлүгүн өзүнүн тарапкерлери кылып алууга жол берди көрүнөт.

 

“Коопсуз шаар”… ”Таза шайлоо” таржымалы

Ө.Бабанов теледебатта “Коопсуз шаар” боюнча маселе көтөрдү эле Сооронбай Жээнбеков буга да кынтыксыз жооп берди:  «Коопсуз шаар» боюнча дагы айтам, бул мага жукпайт. Буга сиз күнɵɵлүүсүз, бирок күнɵɵнү мойнуңузга алгыңыз келбей жатпайбы. Долбоор кымбатка бааланган, ошол үчүн иш сотко кеткен. Иш сотто болгондо жылбайт экен…Мен 1,5 ай ɵкмɵт башчы болдум, ушул убакытта бүтүрдүм. Сот бүтүп, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу башталды, эми камералар орнотула баштайт”, – деди ал.

Теледебатта “Таза шайлоо” маселеси да көтөрүлүп Ө.Бабанов бул А.Атамбаевдин эмгеги экенин айтып, сөзүнүн аягында президент болуп калса эч кимди куугунтуктабай турганын. Сооронбай Жээнбековду улуу агасы катары чайга чакыраарын билдирди. Мунусу мен ал теледебатта утулганын, дегеле бул шайлоодо жеӊиле турганын мойнуна алды окшойт.

Сооронбай Жээнбеков да аягында кадимки нарктуулугуна салып мындай деди: “…Сен баштаганда эле тема менен эмес, менден баштадың. Мага күнɵɵ коюу үчүн болбогон нерселерди жабыштырууга аракет кылдың, калптарды айттың. А мен сага жообун гана бердим, мен баштаган жокмун иним. Сени инимдей жакшы кɵрɵм, бирок туура эмес кылдың. Коррупция менен эң катуу мен күрɵшɵм, ошону эске алып кой”.

Жыйынтыктай келгенде бул теледебатта Сооронбай Жээнбеков кыйла тажрыйбалуулугун, ошол эле учурда жалган айтып жалаа жабууга каршы катаал мүнөзүн да көрсөтө алды. Эл андан ушуну күткөн болчу. Демек, алдыдагы шайлоо кыргыз журтчулугу мамлекеттин башкаруу тизгинин кимге тапшыра тургандыгы көрүнүп калды. Ал албетте, Сооронбай Жээнбеков!

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru