Айбат » Башкалардын ишине “автор” болгон Бабанов же “Кумтѳргѳ” берилген жердин кайтарылышынын таржымалы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Башкалардын ишине “автор” болгон Бабанов же “Кумтѳргѳ” берилген жердин кайтарылышынын таржымалы

Президенттикке талапкер Өмурбек Бабанов: “Мен премьер-министр болуп турганда “Кумтөрдүн” 16 миң га корук аймагын “Кумтөргө” берүү жөнүндө токтомду жокко чыгарып, ал жерлерди мамлекетке кайтаргам” деп тотукуштай кайталаганын токтотподу.

Бабанов

Шайлоочулар менен болгон бардык жолугушууларда, жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюларында, ал турсун теледебаттарда ал жетектеген министрлер кабинетинин бул жетишкендиги сөзсүз айтылат.

Эгерде Өмүрбек Бабанов өзүнө ыйгара турган мындан башка колго илинерлик, сөз кылууга арзыган ийгиликтери жок болсо абдан өкүнүчтүү.

Мурдагы документти жокко чыгаруу жөнүндө Өкмөттүн токтомуна Өмүрбек Бабановдун кол коюусу чынында техникалык эле жумуш деп эсептелет.

Возврат 16 тысяч га земли - заслуга не Омурбека Бабанова, а Жогорку Кенеша

Бардык алчы-таасын жеген тажрыйбалуу саясатчылар сыяктуу эле Ө.Бабанов фактыларды улуп-жулуп өзүнө ылайык өңүттөн көрсөтүүнү жакшы өздөштүргөн. Долбоор боюнча өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн кымындай да болсо көрүлгөн аракеттер менен чечимдерди чечкиндүүлүк менен өзүнө энчилеп алса боло берет деп эсептейт окшойт.

“Жеңиштин атасы миң, утулган ар убак жетим” деп айткан экен АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди. Эң кызыгы, ошол кездеги премьер-министр Бабанов “Коопсуз шаар” долбоорунун жүзөгө ашпай калгандыгы үчүн жоопкерчиликти мурдагы ички иштер министрине оодарган. Бул “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери ийгиликтүү өкмөт башчысы болуп көрүнгүсү келгендигинин бир эле мисалы. Ооба, көрүнгүсү келет, бирок иш жүзүндө андай эмес.

Ошол “Кумтөргө” берилген 16 миң га корук жер темасына кайтып келели.

Возврат 16 тысяч га земли - заслуга не Омурбека Бабанова, а Жогорку Кенеша

2010-жылдын апрелиндеги окуяларга чейин бир ай калганда мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өкмөттүн токтому менен 16 миң га жерди бир категориядан экинчисине которуп жана аларды “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын пайдалануусуна өткөрүп берет.

2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия канадалык компаниянын ишмердигин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, алардын арасында экологиялык ченемдердин сакталышына тиешелүү чоң отчет даярдайт.

Возврат 16 тысяч га земли - заслуга не Омурбека Бабанова, а Жогорку Кенеша

Бул отчеттун пункттарынын биринде “Кумтөр” долбоорунун алкагында иштетилүүгө тийиш концессиялык аянтты кайра карап чыгуу зарылдыгы баса көрсөтүлгөн.

Ушул эле жерде Жогорку Кеңеш Данияр Үсөнов кол койгон токтомду жокко чыгарууну Өкмөткө сунуштаган.

Возврат 16 тысяч га земли - заслуга не Омурбека Бабанова, а Жогорку Кенеша

Мына мындан Өмүрбек Бабановдун ѳкмөтү жөн гана Жогорку Кеңештин сунушун аткарды деп бүтүм чыгарууга болот. Тактап айтканда, тиешелүү токтомду токуу боюнча техникалык жумушка кол тийгизген.

Жогорудагы документтерге үстүрт көз чаптыруу менен Өмүрбек Бабанов өзүн көрсөткүсү келгенден таптакыр башкача адам экендигин баамдоого болот. Анын ийгиликтер деп атагандары реформатормун деген мактанычка барып такалат, бирок ал андай боло албайт.

Юристтердин айтымында, Бабанов тарабынан жерлерди кайтарып алуу боюнча кол учу менен кабыл алынган чечим Кыргызстанга каршы “Центтерра Голд Инктин” доо арыз менен сотко кайрылуусуна шылтоо болушу мүмкүн. Анткени, бул чечим инвестициялар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Кумтөрдүн мүлкүн “тартып алуу” катары каралышы да кеп эмес.

Токтомду токуп жатып экс-премьер-министр бул чечим кеңейтилген концессиялык аянтты жана 2009-жылдагы Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууга ылайык, жер тилкелерин берүү боюнча Өкмөттүн милдеттенмелерин жокко чыгарбастыгына көңүл бурган эмес.

Экс-премьер-министрдин мына ушундай алабармандыгынын аркасында өлкө олуттуу тобокелдерге жана кесепеттерге кептелгени турат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru