Айбат » Премьер кезинде жер тартуулагысы келген Бабанов Казакстандын долбоору беле?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Премьер кезинде жер тартуулагысы келген Бабанов Казакстандын долбоору беле?

            1504583156123741Бу Ѳмүрбек Бабанов башынан эле казактарга жан тартып келгени белгилүү болуп калды. Анан калса ишкерлик ишин да казактан баштаганын, алгачкы сүйүүсүнөн бетер унутулбайт окшойт. Кийин премьер-мииистр болгондо ошол сүйүүсү эсине түшүп эбедейи эзилип кетсе керек, Ө.Бабановдун буйругунун негизинде 2012-жылдын 28-сентябрында Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева аянты 2600 га болгон «Большой Клин» деп аталган участоктун Кыргызстанга өткөнү тууралуу келишимге кол коет. Анын ордуна Казакстан биздин мамлекетке тиешелүү болгон бири 110 га, экинчиси 1500 га болгон түшүмдү көп берүүчү жерди алган.

            Бул алмашуу ачык айтканда казак тарабынан төө ордуна торпок бергендей эле иш болгон. Анын үстүнө алмаштырууга да негиз жок эле.. Анткени аянты 2600 га «Большой Клин» деп аталган участок башынан эле Кыргызстандын жери болчу.         

            Тарыхка кайрылсак Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун Токтомуна ылайык Казак жана Кыргыз АССРинин ортосундагы чек ара дарыянын табигый агымы  боюнча өткөн.  Анда эч кандай «Большой Клин» болгон эмес.

Мындан тышкары КирАССР жана КазАССР территорияларынын чек араларын тактоо жана кабыл алуу-өткөрүү боюнча макулдашуу комиссиясынын протоколунун негизинде кабыл алынган  1926-жылдын 27-сентябрындагы ВЦИКтин токтомуна ылайык, «Большой Клин» территориясы кыргыздар тарабынан колдонулган территория катары толугу менен Кыргыз АССРинин курамына кирген.

            Ошентип, кайран гана Бабанов жөн турган кыргыз жерин кескилеп, тайдан уча чыгаргансып, биздин түшүмдү көп берген, карапайым дыйкандардын менчигинде турган жерибизди өзүнүн буйругу менен казактарга бере салып атпайбы. Сүйлөсө жаттап алгансып оозуна мамлекеттен башка сөз келбейт. Анан мамлекетке күйгөн киши кыргыздын жерин береби?

            Дагы жакшы намыскөй Талас элинин, айрыкча  Көк-Сай жана Кайнар айылдарынын кайраты, аракети менен  бул алмашуу процесси токтотулган. Туура да. Кылымдардан бери эле ата-бабасы пайдаланып келген жерди Ө. Бабанов губернатор Койсун Курманалиеванын колу менен казак бердирип жатса карап турушмак беле? Айры, кетмен, күрөгүн ала жүгүрүп жатышып араӊ алып калышкан. Бирок аларды артынан түшүп, коркутуулар болгонун бул айылдын элдери эмгиче унута элек.

            Казак тарабы бул максаттары ишке ашып кетсе Кыргызстан аркылуу «Майдам-Тал» жайлоосуна  жол ачып алууну көздөгөн. Ал жайлоого казак тарабынан жол жок. Андай болсо “Майдам тал” деле кыргыздын жери да. Кандайча казактар ал жака чыгышы керек? Ойлончу маселе окшойт. Же жайкысын ижарага алып чыгышабы? Ижарага алса кыргыздын жери менен өтө берсин ким эмне демек эле?!

            Акыры мындай иштерди “баӊ-баӊ” жасай салчу Бабановдун максаты ишке ашпады. Баса ошол учурдагы Кара-Буура районунун акими,  Бабанов жат десе жатып, отур десе отура калып жүрчү Анарбек Осмоналиев да бул иште башкы ролду ойногон. Ал үчүн элдин каргыш-илкишине калып, кызматынан айдалган. Бирок Бабановго башы оту менен берилген, ансыз бир саат да жашай албаган бечара, бүгүнкү күндө Кара-Буура району боюнча анын штабын жетектеп келет.

            Бабанов оӊой карышкыр эмес. 2008-жылы мамлекеттик чек аралар боюнча Келишимди ратификациялоо тууралуу №63 мыйзам кабыл алынган. Анын 2-беренесинде Кара-Буура районунун Көк-Сай участкасы боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылчылыгы ачык көрсөтүлгөн. Бирок, ал убактагы Игорь Чудинов башында турган өкмөт эч кандай кадам жасаган эмес.Муну билген Бабановдун премьер-министрлик укугунан  пайдаланып, кыргыз жерин эптеп эбин таап казакка алып берүү аракетин көргөндөгүсү турбайбы.

            Ал эми 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага кайрылып, «Большой Клин» участогу казак тараптан бир тараптуу тартипте мыйзамсыз тосулуп турганын билдирет. 2010-жылдын 6-майында Кыргызстандын ТИМи Казакстандын ТИМине кайрылып, бул участоктогу чек араны бир тараптуу тартипте бекитүүдөн алыс болуп турууларын өтүнөт.

            Кийин Бабанов премьер-министр болгондо губернатор Курманалиевга кыргыз жерин казакка бергиле деген буйругун берип атпайбы.

            Абийир болуп кыргыздын жерин аз жерден казакка берип сала жаздаган Бабановдун арамза планы ишке ашкан жок. Ылайым ишке ашпасын! Кокус президент болуп калса ал эбактан бери келаткан кыялын ишке ашырбайт деп айтууга болобу?! Президент  Нурсултан Назарбаевдин Ө.Бабановду бооруна тартып, олигархтары жабыла колдоп, колтугуна суу бүркүп жатышкандыктары ушундай себептерден улам болуп жүрбөсүн?!

Ошондуктан кыргыз эли Ө.Бабанов үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы май жутуп ийгендей эч нерсеге арзыбай турган иш экенин, анын көздөгөнү жалаӊ гана “акча жана акча” экендигин билип алышканы дурус. Анткени жогоркудай жер берүүлөрдүн артында жер майышкан акча турганын баарыбыз билебиз. Андыктан Бабановдун “Алдыга жолу” ал үчүн “Акчага жол” дегенди түшүндүрөөрүн эске алгыла!   

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru