Айбат » Ѳмүрбек Бабановдон кудай сактасын, ал президент болсо Кыргызстанды чет ѳлкѳлүктѳр башкарып алат!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ѳмүрбек Бабановдон кудай сактасын, ал президент болсо Кыргызстанды чет ѳлкѳлүктѳр башкарып алат!

 Без названия (6)  Урматтуу шайлоочулар, элестетиңиздер, 15-октябрда Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов ишенимдүү түрдө көпчүлүк добушту алып жана биздин мамлекетти башкарам деп билдирип атат. Өзүнүн программасын ал ар бир облуста, ар бир райондогу жолугушууларда угузуп атат жана ал бул убадаларды аткара алабы же жокпу, келечектин иши. Анын буга чейинки берип келген убадаларынын бири да аткарылбай келгенине көңүл бура турган болсок, бул жолку берип аткан убадалары деле шайлоодо добуш алуу үчүн колдонулуп жаткан курал экенин түшүнөбүз.

Биз анын кандай убадаларды берип атканына эмес, анын шайлоо алдындагы күрөшүнө жардам кылып аткан анын айлана-тегерегиндеги адамдарга көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Албетте алар эртең Ө. Бабанов менен бирге Кыргызстанды башкарууга жана алардын пикири менен эсептешүүгө мажбурлашат.

“Интернеттен Кайсар Абылкасымовдун сүрөттөрү табылган жок”Без названия (4)

 Ө. Бабановдун бирден-бир жакын досу жана санаалашы болуп Казакстандын жараны, Жамбул облусунун Тараз шаарында жарык дүйнөгө келген Абылкасымов Кайсар болуп саналат. Ал Ө. Бабанов тарабынан В. Хондон рейдерлик жол менен тартылып алынган «Мунай Мырза» ЖЧКсынын финансылык директор кызматын ээлеген жана «Манас» аэропортундагы америкалык базага күйүүчү май ташыган.

 

2011-2012-жылдары Бабановдун премьерлигинде анын бейрасмий кеңешчиси болуп саналган. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары «серый кардинал» же «оң кол» деп аташкан. Кыргызстанда табигый ресурстар сферасын контролдогон, анын ичинде тоо-кен компанияларына, телекоммуникацияга, энергетика жана башка бир катар тармактарга лицензия берүүнү да контролдогон. Ушул жылдын сентябрь айынын баш ченинде «Кыргызстандагы казактар Ассоциациясынын» курултайына демөөрчүлүк кылган жана бул коомдук бирикменин кайрадан дайындалган төрагасы Марат Токтоучиковго таасири бар. Ал аркылуу казак диаспорасынын добушун Ө. Бабановдун пайдасына алып бергиси келет.

Эске сала кетүү керек, Ө. Бабанов өкмөттү жетектеп турган кезде КР Жогорку Кеңеши Кайсардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселени тез-тезден карап турушкан. Себеби депутаттардын пикири боюнча ал айрым министрликтердин ишине кийлигишип, көшөгө артында Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кадр маселесин чечип турган. «Электрдик станциялар» ААКсынын тендерлерин «өткөрүү» менен алектенген, «Мегаком», «Билайн» жана «Кыргызтелеком» жана башкалардын финансысын текшерип турган. Бүгүнкү күндө К. Абылкасымов Ө. Бабановдун шайлоо алдындагы штабындагы башкы жүздөрдүн бири болуп саналат жана шайлоо алдындагы штабда финансылык маселелерди чечет.

maxresdefaultӨ. Бабановдун жеке финансисти, ошол эле убакта оттон ысык ойношу Аминат Гривцова «мыйзамдагы ууру» Батукаевдин тууганы. А. Гривцова Шарипа Садыбакасовадан тартылып алынган «Кыргызстан» банкын бейрасмий түрдө жетектейт. Эгерде ким унутуп калган болсо айта кетели, 6 гектар жер үлүшү менен дыйкан чарбасын жетектеген Бабановдун апасы Анипа өзүнө карыздар болгондордон оффшор аркылуу 20 миллион АКШ долларын алган. Ага анын уулу АКБ «Кыргызстанды» сатып алган. Ошону менен бирге банктын активдери төлөнгөн сумманын өлчөмүнөн бир нече эсе ашык болгон. Андан соң Бабанов жогоруда аталган коммерциялык банкка пенсиялык фонддун каражаттарын жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырган. Булардан алынган киреше эксперттердин баасы боюнча 250 миллион сомдон ашкан. Бүгүнкү күндө аталган банк төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү боюнча филиалдарынын ишмердүүлүгүн өзүнүн коргоочусу Ө. Бабановдун пайдасына добуш берүүгө алмаштыруу боюнча иштеп атат.

              CrVEQcZVUAA9p7R

Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Иминов, мурда дагы бир КР ЖК депутаты Турсунтай Салимовдун жана белгилүү уйгур бизнесмени Фархат Хаджинин колдоосу менен  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон, андан соң көбүрөөк «жогорку» акырга жетти. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп турган кезде Ф. Иминов ийгиликтүү бизнесмен болуп саналчу. Кумар бизнеси боюнча анын Бишкек шаарында «Хан-Тенгри» аттуу жеке казиносу бар болчу. Аны кийин Россиядагы белгилүү «мыйзамдагы ууру» Гебезов Анвар тартып алган. Ал мындан тышкары дагы Ысык-Көлдө пансионатка, «Дордой-Плазанын» жанынан элиталык батирге жана бир нече автоунаага ээ болгон. Мунун баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү К. Көлбаев тарабынан тартылып алынган.

Ошентсе да Ф. Иминов дагы деле ийгиликтүү бизнесмен катары саналат. Ал Кытай Эл Республикасына ат тезегин кургатпай каттап тураары да белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда Кытайда анын расмий бийлик өкүлдөрү коргоого алган ири бизнеси бар.

Дагы бир кызык жагдай – Ф. Иминовдун Кыргызстандын жараны экендигинен күмөн жараткан жагдай. Себеби, Фархад мырзанын туулуп-өскөн жери тууралуу түрдүү варианттагы маалыматтар бар. Бир маалыматта ал Бишкек шаарында туулуп-өскөн деп айтылса, экинчисинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында туулган делет, дагы биринде Москва районуну Сретенка айылында туулган деп айтылат. Айтор, кайсынысында туулганын Ф. Иминов өзү деле билбейт. Анын кайда туулгандыгын тастыктаган туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок.

Бирок, анын ата-энеси СССР доорунда Кытайдын Синьцзян-уйгур автономиялуу облусунан качып келишкени белгилүү. Себеби, алар уйгурлардын козголоңуна катышкандыгы үчүн Кытай бийлиги тарабынан куугунтукка кабылган.

Мына ушул жагдайлардын баарын эске алганда, Ө. Бабановдун эмне себептен кош жарандуулукту убада кылып атканын түшүнүүгө болот. «Мен президент болуп келгенде кош жарандуулукту киргизем. Башка өлкөнүн жарандыгын да алгандар болсо, алар паспортун катышпайт, Жогорку Кеңешке депутат боло алышат, жогорку кызматтарга бара алышат», – деп кыйкырып атканын көп уктук. Демек, ал дал ушул убадасы менен Ф. Иминов сыяктуу башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстандын мамлекеттик кызматтарында иштеп атканын мыйзамдаштырып берип коеюн деп атканын түшүнсөк болот. Анын үстүнө өзү да бир убакта Казакстандын жараны эмес беле? Андан кийин ал Кыргызстандын жарандыгын кантип алганы боюнча эч кандай маалымат жок.

Баса, биз ушул Ф. Иминовдун октябрь айынын башынан бери карай эле Казакстанга 4 жолу барып келгенин билдик. Кече жакында эле интернет булактарына жарыяланган аудиожазуудан анын Казакстандын чиновниктеринин бири менен шайлоо тууралуу сүйлөшүп атканын да уктук. Баарынан кызыгы ал 10-октябрда таңкы саат 5те Казакстанга өтүп барып, Н. Назарбаевдин ишенимдүү адамдары менен жолугушуп, алардан кыргыз-казак чек арасын убактылуу жаап турууну суранганы маалым болду. Албетте, өзүнүн атынан эмес, президенттикке талапкер Ө. Бабановдун атынан. Анткени чек аралар жабылса, өлкө ичиндеги бийликке нааразычылык жаралып, анын натыйжасында бийлик партиясы сунуштаган талапкерге терс таасирин тийгизет деген ойдо болгон. Бирок, «шибегени капка ката албагандай» эле чек арадагы жасалма түзүлгөн кырдаалды Бабанов казак бийлигинин жардамы менен атайылап жаратканы белгилүү болуп калды. Ф. Иминов ошол эле 10-октябрда казак олигархтары менен да жолугуп, Бабановдун шайлоо кампаниясына колдоо иретинде бериле турган акча каражаттарынын экинчи траншын тез арада жөнөтүүнүн өтүнгөн экен.

 

 

 

Без названия (5)Нурдин Илебаев – Ө. Бабанов премьер-министр кезинде Маммүлк комитетин жетектеген, учурда АКБ «Кыргызстандын» жетекчилеринин катарында турат. Дал ушул өзүнүн «кожоюнунун» протекциясы менен «Мегакомдун» тышкы башкаруусунун жетекчилигине Азамат Мурзалиевди дайындаган жана анын талапкерлигин башкы директорлукка түрткөн. Андан ары «бабановдук» адамдар А. Мурзалиев менен А. Абеков «Мегакомдон» миллиондогон каражаттарды чыгарып кеткени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Мына ушул жерде кызыктуу факт бар, Мурзалиевди Казакстандан «Мегакомго» кийинчерээк мамлекеттик чыккынчылыгы үчүн соттолгон Алтынбек Муралиев, Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов жана Бабанов өзү алып келген.6049428348d701c3d1db8f7bdbaae3ad-big

Ө. Бабановдун чет өлкөлөрдөгү байланыштары өзүнчө көңүл бурууга арзыйт. «Граф» каймана аты бар, Казакстандын бизнес-чөйрөсүндөгү белгилүү Алиджан Ибрагимов сентябрь айынын баш ченинде Ысык-Көл жээгиндеги өзүнүн «Аист» пансионатында Ө. Бабанов менен россиялык жана казакстандык бизнесмендердин жолугушуусун уюштуруп берген. Алардын катарында төмөнкүлөр болгон:

  Без названия (6)Патох Шодиев,Өзбекстанда туулган, «ENRC» компаниясынын ээлеринин бири, ошондой эле «Бай Таш» курулуш компаниясынын жана Бишкектеги «Гоин» соода борборунун ээлеринин бири.

            _2

Муса Бажаев, белгилүү россиялык бизнесмен, Ө. Бабановдун ортомчулугу менен өзүнө караштуу фирма аркылуу «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө ээ болгон, бирок ага бир дагы тыйын салым кошкон эмес, эми аны кытайлык мамкорпорацияга сатууну пландоодо.

 

LVQ8rdB7Александр Машкевич,мунун аты угулганда эле таасири азыркыга чейин терс болуп келаткан «Кумтөр» кени боюнча алдамчылык эске келет.

       9iIEVuCNWxcКыргызстандагы көрсөтүлгөн бизнес-коомчулуктун дагы бир өкүлү болуп Казакстандын жараны Мухамеджан Турдахунов саналат, ал «Семь дней» соода борборунун негиздөөчүсү («7 Дней» жана «Супер Арзан» супермаркет түйүндөрү) жана Бишкек шаарынын ТЭЦине казакстандык көмүрдү ташуучулардын негизгиси. «Евразиялык Банк» боюнча Машкевич жана «Графтын» бизнес-өнөктөшү. 2017-жылдын сентябрь айынын башында Турдахунов өзүнүн бизнестерин текшерүү жана андан аркы уюштуруу иштери максатында Бишкек шаарына келип, президенттикке талапкер Ө. Бабанов менен жолугушуп, Кыргызстандагы өзүнүн бизнестерин алдыга жылдыруу үчүн анын шайлоо алдындагы кампаниясын кошумча финансылык жактан колдоп берүү каалоосун айткан. Ал эми өзүнүн Кыргызстандагы башкы директору Шухрат Исмаиловго кыска мөөнөттө Бишкек шаарынан же Чүй облусунан супермаркеттер түйүнүн кеңейтүүүчүн жер тилкесине ээ болуу же ижарага алуу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.27cbfc411efa45f6f6dbb11dd54d8d11_630_

               Без названия (7)Бабановдун премьер-министрлик кызматтан кетишине өзүнүн белеги менен себеп болгон түрк бизнесмендеринин арасынан Ильгар Алптекинди бөлүп караса болот. Ал «Уйгурлардын бүткүл дүйнөлүк конгресси» уйгур сепаратисттик уюмунун экс-төрагасы Эркин Алптекиндин уулу. 2009-жылдын октябрында КР экс-биринчи-вице-премьер-министри Ө. Бабановдун катышуусунда «Авиакомпания Кыргызстан» ААКсы менен “Pegasus Hava Tasimasiligi A.S.” (Түркия) компаниясынын ортосунда биргелешкен авиакомпания түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Келишимдин жыйынтыгында 2009-жылдын 13-октябрында КР юстиция министрлигинде «Авиакомпания Кыргызстан» ААКсы “Ки Пи Эй” (Kurgus Pegasus Airlines) ЖЧКсы болуп кайра катталган, анын башкы директору болуп И. Алптекин дайындалган.

 

Булар Кыргызстандын элине башчы болгусу келип аткан Ө. Бабановдун жакын байланыштарынын кичинекей   гана бөлүгү. Белгилей кетүү керек, бул тизмеге жакын туугандары, аялы, бир туугандары жана карындаштары кирген жок. Алар да «пирог бөлүштүрүүдө» сыртта карап турушпайт. Бирок, бул өзүнчө тарых.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2017 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru