Warning: count(): Parameter must be an array or an object that implements Countable in /home/admin/web/aibat.kg/public_html/wp-blog-header.php on line 1018
 Айбат » Бабанов мамлекеттен жашырган акчасы үчүн укук коргоо органдарынын алдында кантип жооп берет?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабанов мамлекеттен жашырган акчасы үчүн укук коргоо органдарынын алдында кантип жооп берет?

e7589913-a613-4af9-9868-b96fb12ee160

Өткөн жылы болуп өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгондордун бири Өмүрбек Бабанов ири суммада көз боемочулук кылуунун “атасы” экенин далилдеген дагы бир факты ачыкка чыгууда. Бизге жеткен ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, ал “АКБ Кыргызстан” банкынын кыймылсыз мүлктөрүн сатуу менен мамлекетке жалпысынан 172 миллион 500 миң сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Ток этеринен баштайлы, 2009-2010-жылдары аталган банктын жетекчилиги банктын балансындагы 18 филиалынын обьектилерин “Азия Истейт” ЖЧКсына 46 миллион сомго сатат. Баарынан кызыгы бул ЖЧК дагы Бабановдун өзүнө тиешелүү болгон. Ал ишенимдүү адамы Марат Мамбетакуновго 2009-жылы катталган.

Ошентип “АКБ Кыргызстан” мүлктөрүн саткандан кийин, кайра эле ошол мүлктөрүн ижарага алган. Ал үчүн “Азия Истейт” ЖЧКсы менен келишим түзгөн. “Азия Истейт” ЖЧКсы ал мүлктөрдү Сейшел аралындагы Варантон Ресурс Инк ишканасына күрөөгө коюп, карыз акча алат. Эми ушул жерден дагы бир кызыкты айтып коелу, Варантон Ресурс Инк ишканасы дагы Ө. Бабановдун өзүнө тиешелүү адамга катталган экен. Бирок, андай эч кандай карыз акча алынган эмес. Бул көз боеомочулук салыкты аз төлөө үчүн жана эгер соттук иштер болсо банктын өзүн кайтарып алып, баалуу мүлктөрдү өзүнө калтыруу үчүн жасалган тура. Албетте, бул жагы эми өзүнчө кеңири сөз кылууга арзыйт. Андыктан кептин төркүнүн жогоруда баштаган оюбузду улантууга буралы.

Ошентип Банк өзүнүн мүлктөрүн бар болгону 46 миллион сомго сатып атат. Ал эми өз карандысыз эксперттердин баалоосу боюнча ал 18 обьектинин болжолдуу баасы 250 миллион сомдун тегерегинде болмок. Демек, ошондо Бабанов өзүнүн банкынын 18 обьектисин чыныгы базар баасында сатканда 46 миллион сом эмес, 250 миллион сомго сатмак. Ошондо кошулган баага салык (НДС) үчүн 30 миллион сом, сатуудан салык (налог с продаж) үчүн 2,5 миллион сом, киреше салыгы үчүн 25 миллион сом мамлекетке төлөшү керек эле. Мына ушундай салыкты төлөөдөн качуу үчүн Бабанов банктын мүлктөрүнүн баасын 250 миллиондон 46 миллионго түшүрүп койгон.

Ошондо жалпысынан ал 57,5 миллион сом салык төлөмөк. Бирок, ал төлөнгөн эмес. Салык төлөнбөгөндөн кийин ага кошумча төлөм (пеня) жана финансылык 100%дык санкция кошулат. Ошолордун баарын кошуп эсептегенде Бабанов мына ушул көз боемочулугу үчүн эле мамлекетке 172,5 миллион сом карыз болуп турат.

Демек, бүгүнкү күндө “Мен Кыргызстанга кайра кайтып келем” деген саясатты тымызын жүргүзүп аткан Бабанов ушунча суммадагы акчаны мамлекетке төлөп берүүгө даярдана келиши керек. Андан сырткары эмне себептен салыктан минтип көз боемочулук менен качууга барганын да ачыктап айтып бериши керек.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2018 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru