Айбат » Айласы кеткендеги амалыбы? Иманбаеваны иштен алам деп бөлүмдү кайра түзөм — дейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айласы кеткендеги амалыбы? Иманбаеваны иштен алам деп бөлүмдү кайра түзөм — дейт

2014-09-24_19-45-52_676112

Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева менен аталган госпиталдын башкы врачы Динара Сагынбаеванын ортосундагы мамиле эки, үч жылдан бери коомчулуктун көўүлүн буруп келет. Көз доктур Салтанат Иманбаевага башкы врач катуу өчөшкөн бейм, бир кишини кызматтан алуу үчүн бүтүндөй бир бөлүмдү кайра түзүү иш чарасын баштап отурат. Бул тууралуу 11-февраль күнү 24.kg маалымат агенттигинде укук коргоочу Такен Молдокулов, Эл жана мыйзам” коомдук уюмунун башкы юристи Жалил Сырдыбаев жана башкалар айтып беришти.  

Бул жерде бир гана жеке өч алуу жана психологилык террор болуп жатат. Анын бир гана максаты бар – Иманбаеваны  кызматынан алып салуу.  Буга чейин, 2018-жылы Салтанат Иманбаеваны себепсиз, ээлеген кызматынан алып салган. Бирок, Жогорку сот баш болгон үч инстанциянын соту Сагынбаеванын чечимин мыйзамсыз деп таап, Иманбаева кызматына кайра алып келген. Анда да Сагынбаева тынч отуруп калбай, Иманбаевага эки жолу сөгүш жарыялаган. Мыйзам боюнча эки жолу сөгүш алгандан кийин автоматтык түрдө ээлеген кызматын калтыруу керек. Ал учурда дагы сот сөгүштү мыйзамсыз жарыялаган деп таап, Иманбаева кайра кызмат ордуна келди. Эми варианттары калбай калгандан кийин Сагынбаева кайра түзүүнү ойлоп тапты. Эми ал аркылуу Иманбаеваны мыйзамга шылтоолоп жумуштан алуу аракети жүрүп жатат. Кайра түзүү эмне үчүн жүргүзүлөт? Активдештирүү, бюджетти кыскартуу, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн жүргүзүлөт. Ал үчүн тийиштүү анализ, мониторинг жүргүзүлгөн эмес. Сагынбаева өз каалоосу менен, өзүнүн командасынан турган жумушчу топтун анализине таянып, кайра түзүүнү баштап жатат. Ал эми кайра түзүүнүн жалгыз максаты Иманбаеваны кызматтан кетирүү. Бул жерде калк үчүн эч кандай пайда жок. Бул маселеге Өкмөт, өзгөчө вице-премьер-министр кийлигишип чечиши керек эле. Бирок алардын баары өзүн төө куштай башын жерге тыгып алышты. Улуттук госпиталда болуп жаткан жагдай тууралуу баары билет. Ал эми госпиталда дарыгер болуп иштеп жаткан Нурлан Тургунбаев вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу жана ЖК депутаты Руслан Казакбаевдин бир тууган иниси болуп саналат. Бул жерден жыйынтык чыгарсак болот, маселенин каякка барып жатканын”,-деп билдирген адвокат.

“Эл жана мыйзам” коомдук уюмунун башкы юристи Жалил Сырдыбаев:

Акыркы 15 жылдын ичинде Саламаттык сактоо системасындагы алтындай баалуу кадрларды жоготтук. Алар Россия, Казакстан, Америка, Германияда иштеп жүрүшөт. Анын себеби, Саламаттыкты сактоо системасында интрига, орун талашн, коррупциянын күндөн- күнгө өсүп жатышында. Алардын катарында Салтанат Иманбаеванын бүгүнкү абалы. Динара Сагынбаева убагында Саламаттык сактоо министри болуп турганын баары эле билет.  Ал кызматтан дары- дармек жана кадр маселелерине байланыштуу чыр-чатактан улам кеткен. Эми Улуттук госпиталга баргандан кийин, ал жакта жакшы эле иштеп жүргөн кызматкерлерге ар кандай кысым жүргүзүп жатат. Кадрдык курамды кайра түзүү аркылуу өзүнүн кишилерин кызматка алып келүүнү көздөп жатат Сагынбаева”,-дейт юрист.

“Мындан ары кандай кадамдарга барасыздар?” деген журналисттерди суроосуна Такен Молдакунов

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча укук коргоо органдарына кайрылабыз. Улуттук госпитал Биринчи май районуна караштуу, ошондуктан Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылабаз” – деди.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2019 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru