Айбат » Кыргыздар тургуза албаган эстеликти казактар тургузуп бермей болдубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыздар тургуза албаган эстеликти казактар тургузуп бермей болдубу?

чыАз күн мурун улуттук китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата арналган маданий иш-чара болуп, ага казак эл акыны Мухтар Шаханов келип катышты. Иш-чарада Мухтар Шаханов досу Чыңгыз Айтматовдун «Ата Бейиттеги» эстелигин тургаза албай жатышына нааразы болуп, «эгер кыргыздар эстелик тургуза албасаңар ачык айткыла, мен казактын байларына кадыр баркымды салып, акча чогултуп, эстелик тургазайын», – деп агынан жарылды. Эскертсек, Айтматовдун арабыздан кеткенине төрт жыл болсо дагы ушу күнгө чейин эстелиги тургузулбай келет. Муну менен Шаханов кыргыздарды арына келтирейин деди. Намыстуу эл элек, казак туугандарга шылдың болбой залкар жазуучунун эстелигин орнотуп койчу жигиттерибиз бар чыгаар. Албетте, маркум Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөөсү эле эстелик тургузуп койсо жарашмак. Колдорунда жок дегидей, жондору жука эмес. ЖК депутаты Ширин Айтматова деле атасынын бейитин томсортуп койбой, колунан келбесе марафон өткөзүп болсо да эстелик тургузуп койсо болмок. Тилекке каршы, залкар жазуучунун балдары эстелик тууралуу ойлонуп коюшпаганы күйдүрөт.
24.kg




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru