Айбат » Орозо кармоодон эмнелерди тапса болот жана эрежелери кандай?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозо кармоодон эмнелерди тапса болот жана эрежелери кандай?

Айлардын эң ыйыгы катары эсептелген рамазан айы да кирип келди. Бул ай өзүнүн берекелүүлүгү менен башка айлардан айырмаланып турат. Рамазан айы тууралуу хадистерде: “Рамазандын келишине кубанып, кетишине өкүнгөн адам чыныгы мусулман. Бул айда бейиш эшиктери ачылып, асмандан күндүр-түндүр береке жаап турат. Ооз ачарда кылынган дуба-тилектер сөзсүз кабыл болот” деп айтылат. Орозо айы тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын муфтийи Чубак ажы Жалилов кеп салды.

-Орозо кармагысы келген адам эмнеден баштоосу керек? 

-Шариатта балакатка жеткен, акыл-эси толук, кылган иштерине жооп бере ала турган курактагы адамга шариаттын парздары парз, арамдары арам, адалдары адал болуп, кылган иштерине карата күнөө жана сооп жазылып баштайт. Бул курак эркектерде 12-15 жаш, кыздардыкы 10-15 жаш аралыгы эсептелет. Ушул мезгилден баштап ар бир пенде ислам амалдарын аткарууга милдеттүү. Анын ичинде орозо кармоо парзы кирет. Орозо кармагысы келген адам эң биринчи кезекте “орозо кармаймын” деген ниетин бекемдөөдөн башташы абзел. Ниетин бекемдеп, сооптуу ишти жасоого камданса – Алла Таала дагы ал пендесинин түйшүктөрүн жеңилдетет. Эч себепсиз эле орозо тутпай койсо – бул күнөө.

-Рамазан айынын эрежесиндеги адам өзүн кандай алып жүрүшү шарт?

-Орозо сырткы жана ички орозо деп экиге бөлүнөт. Тамактан, ичимдиктен, аялга жакын болуудан таң аткандан баштап күн батканга чейин тыйылуу эрежелери сырткы орозого кирет. Ал эми кулакты, тилди, көздү жана жүрөктү жаман, арам нерселерден тыйуу – ички орозо болуп эсептелет. Жаман жана жалган сөздөрдү айтуу, урушуу, ушакташуу – орозону бузбаган менен ибадатынын маңызын бузуп, сообун азайтат. Эгерде ооз бек учурда сизди кимдир бирөө урушуп, жаман сөздөр менен тилдей турган болсо “Мен орозо тутуп жаткан адаммын” деп айтуу керек. Эгер аны менен чатакташууга барсаңыз, сиз эртеден-кечке ачка жүргөндөн башка пайда таппай каласыз. 

-Орозо туткандар кандай азыктар менен тамактанганы оң?

-Бардык тамактарды ооз ачкандан кийин жей берсе болот, чектөө жок. Бирок ооз ачаар учурунда жашылча-жемиш, кайнатылбаган суу же сүт менен ооз ачуу сунушталат. Эң жакшысы бул курма менен ифтар кылуу. Бир күн кечке ачка жүргөн ашказаныбызды суу же жашылчалар менен жазып туруп, бираз убактан кийин тамактануу – ооруп калуу коркунучун алдын алат. 

-Исламдын бирден-бир өзгөчөлүгү болгон орозонун пайдасы жөнүндө айтсаңыз?

-Орозо мусулман пендени сабырдуулукка, чыдамдуу болууга тарбиялайт. Анткени, бул айда мусулман пенде напси каалап, сүйүп турган тамак-аш, суусундук ж.б. нерселерден өзүн токтотот. Кечке чейин ачкачылык азабын тартканда, тамак-ашка муктаж болгон кедей-кембагалдардын ахыбалын түшүнүп, аларга жардам берүүнү ойлонот. Бул жагынан алганда адамды боорукерликке да тарбиялайт. Эң башкысы Алла Тааланын өкүмүнө моюн сунгандыгы үчүн сооп-сыйлыктарга ээ болот. Экинчиден ден-соолугуна дагы жакшы пайдасын тийгизет. Орозо учурунда кан азык-зат издеп организмдеги калдыктарды, радикалдык-концерогендик элементтерди ж.б. зыяндуу нерселерди ээритет. Ошондуктан медицинада деле бир нече күн орозо кармоо сунушталат. Бирок медициналык диета менен орозонун айырмасы чоң. 

-Орозо кармоо кимдерге сунушталбайт?

-Орозо кармабаган адамдардын 6 категориясы бар. Алар: жолго чыккан мусаапыр, оорукчан, этек кири (айызы) келген аял, төрөттөн кийинки кандан (нифас) тазалана элек аял, орозого күчү жетпеген карыя, эмчек эмизген жана боюнда бар аял.
Ооруп калган адамга орозо тутуу кыйын болсо, айыкканга чейин оозун ачат. Калтырган күндөрүн карыз ирээтинде кийинчерээк тутат. Өнөкөт ооруга чалдыккан адам орозо кармай албаса – ар бир күнүнө бирден орозо туткан кишинин оозун ачырат же ага тете болгон акча суммасын садага (фидья) берет. Баардык күндөрдү топтоп Орозонун аягында бир садага берип койсо да болот. Эгерде орозо тутуу ымыркай-наристе үчүн кандайдыр зыяны боло турган болсо орозо кармалбайт.

-“Кадыр түн тосуу, курмандык чалуу” деген көрүнүштөрдүн мааниси канчалык? 

-“Ким орозо адамга ооз ачырса – анын орозосундай сооп алат”. Ооз ачыруу дегенибиз – суу ууртатып коюу же мүмкүнчүлүгү келсе кардын тойгузуу. Мухаммед пайгамбар: “Ким Рамазандын Кадыр түнүн ишенимде жана үмүттө ибадат менен өткөрсө, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет” деп айткан. Орозо учурунда кылынган ибадатка сооп 70 эселенип берилет. Ар бир адамдын сөзсүз түрдө (эң аз дегенде эле) күндүзү бир, түндөсү бир дуба-тилеги кабыл болуп турат. Рамазан айындагы соопту пенде билгенде 12 ай тең Рамазандай болсо экен деп тилеп калышмак. Кадыр түнү тагдыр жазылат, периштелер түшөт, дубалар кабыл болот, бул түнкү ибадат 1000 айдан да жакшыраак. Бул деген 83 жыл, а балким адамдын бүт өмүрү деген сөз!

-Ысык аптапта орозо кармаган адамга сууга түшкөнгө болобу? 

-Ооба, эгер адам кулак-мурундан суу кирбестигине кепилдик бере алса, болот. Эгер суунун адамдын ичине кирип кетүү коркунучу болсо, сууга (көлгө, бассейнге, душка, ваннага) түшүүдөн баш тартуу керек.

-Ажы, диний жүрүм-турум дубалар менен коштолот эмеспи, күнүмдүк турмушта пайдалана турган кандай дубалар бар жана алардын жардамы кандай?

-Дуба – бул ибадаттын маңызы делет хадисте. Дуба аркылуу биз Жараткандын алдында муктаж экенибизди белгилеп, ага жардамга кайрылып, жакшылыгынан үмүт кылып, күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайбыз, “истигфор” айтабыз. Күнүмдүк дубалар бул турмуш-тиричилик убагында Аллахты эстеп айтылган сөздөр. Мисалы дасторкон алдында “О, Аллахым! Бул ырыскыңды бизге берекелүү кыл жана мындан да жакшысын татууга мүмкүнчүлүк бер” деп айтылат. Үйгө кирээрде “Аллахтын ысымы менен кирдик Аллахтын ысымы менен чыктык жана Раббибизге тобокел кылдык!” деп айтылат. Хадисте айтылып келгендей бул сөздөр болгондо терс күчтөр үйдүн ичине кире албайт. Андыктан күнүмдүк дубаларды кайталап жүрүү пендени ар кандай жамандыктан сактайт.




Башка окшош макалалар:

8 комментарий

  1. уктап жатканда уруктун (сперма) чыгышы орозону бузабы?

  2. досум орозо тутуп жатып 10- күнчө өткөн соң өзүнүн кумарын кандырып,гусул болуп калыптыр. Эми кандай болот

  3. Менин ашказаным ооруп башым да ооруп калат ал еми емне кылсам болот орозо кармого

    • Б. Б.:

      Эгер орозо кармоого ден-соолугуңуз мүмкүндүк бербесе, организмди кыйнап кармоо болбойт го.. Доктурга көрүнүп көрүңүз, мүмкүн бир-эки күн даарылана калып, орозону улантып кетээрсиз ;)

  4. Sabyrduu boluuga abdan tez kondum.

  5. орозо айы чын эле берекелуу айэкен

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru