Айбат » Ганси авибазасын денонсациялоо боюнча мыйзам кабыл алынды, кимдер добуш берди, кимдер добуш берген жок?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Ганси авибазасын денонсациялоо боюнча мыйзам кабыл алынды, кимдер добуш берди, кимдер добуш берген жок?

Ганси20-июнь күнү АКШнын Ганси авиабазасын денонсациялоо боюнча мыйзамды КРнын Жогорку Кеңеши кабыл алды. Биринчи окууда  91 депутат катышып, 5и каршы чыкты. Ал эми экинчи окууда 92 депутат катышып, төртөө каршы добуш берди. Ошондой эле үчүнчү окууда болсо, 91 депутат добуш берип, анын беши каршы добуштарын беришти. 120 депутат болсо анын басымдуу бөлүгүн ээлеген “атажуртчулардын” 24 депутаты добушка катышкан жок.  Ал эми КСДП фракциясынан каршы добушун Исмаил Исаков менен Данияр Тербишалиев берди. “Ата Мекен” фракциясынан Ташполот Балтабаев, “Республика” фракциясынан Урмат Аманбаевалар каршылыктарын билдиришти. Муну менен катар өзүн “батышчылмын” деп эсептеген жана “экс-атамекенчи” Өмүрбек Абдырахманов каршы добушун берди.

Добуш берүүгө катышпаган депутаттардын тизмеги:

– Шаршенбек Абдыкеримов – “Ынтымак” депутаттык топтун мүчөсү;

– Айнуру Алтыбаева (“Ар-Намыс”);

– Кенжебек Бокоев (“Республика”);

– Жылдызкан Жолдошева (“Ата-Журт”);

– Дастанбек Джумабеков (“Ата-Журт”);

– Садыр Жапаров (“Ата-Журт”);

– Равшан Жээнбеков – эркин депутат;

– Канатбек Исаев – “Ынтымак” депутаттык топтун мүчөсү;

– Динара Исаева (“Ата-Журт”);

– Ахматбек Келдибеков (“Ата-Журт”);

– Хаджимурат Коркмазов – “Реформа үчүн” депутаттык топтун мүчөсү;

– Абдимуталип Кочкорбаев (“Ата-Журт”);

– Туратбек Мадылбеков (“Ата Мекен”);

– Талант Мамытов (“Ата-Журт”);

– Каныбек Осмоналиев (“Ар-Намыс”);

– Исхак Пирматов (“Республика”);

– Максат Сабиров (“Республика”);

– Асия Сасыкбаева (“Ата Мекен”);

– Нурлан Сулайманов (“Ата-Журт”);

– Чолпон Султанбекова (“Республика”);

– Камчыбек Ташиев (“Ата-Журт”);

– Райкан Төлөгөнов (“Ата Мекен”);

– Нурлан Төрөбеков (“Ар-Намыс”);

– Наримал Түлеев (“Ата-Журт”).

URL: http://www.vb.kg/233115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru