Айбат » Депутаттарды актаган судьялардын бири чыгарылган чечимге каршылыгын билдирди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Депутаттарды актаган судьялардын бири чыгарылган чечимге каршылыгын билдирди

БаранчаеваБул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык сотунун судьясы Сания Бранчаева билдирди.

Анын айтымында, өкүм сот залында жана анын сыртында наарызычылык билдирип жүргөн элдин кысымы менен жасалды. «17-июнда биз тараптарды угуп, иш 24-июнга которуларын айтканбыз. Эл кыйкырып, бизге карата атырылып, коркутуп, бөтөлкө, бут кийим ыргыта башташты. Сүйлөшүү бөлмөсүнө кеткенибизде жана кайра чыгалы десек, эшикти сыртыбыздан бекитип, кармап турушуптур. Кесиптештерим чечимди бүгүн чыгаруу керектигин, атпесе эл сотту талкалай тургандыктарын айтышты. Анан кайрадан залга чыгып, соттолуучулардын акыркы сөзүн угуп, кайрадан өкүм чыгаруу үчүн кенешүүгө кеттик. Пикирлерибиз эки ача чыкты. Мен актоо чечимине макул болгон эмесмин, бирок көпчүлүк добуш менен депутаттар акталды. Мен бул боюнча «өзгөчө пикир» жазып, аны конвертке салып, чаптадым. Эгерде Жогорку сотто иш каралса, конвертти ошол жерден ачса болот», – деди Сания Бранчаева.

Ал кошумчалагандай, «өзгөчө пикир» документинде судья чыгарылган чечимге эмненин негизинде макул эместигин жана өз позициясын жаза алат. «Мени менен ал күнү иштеген судьялар да анда эмне деп жазылганын окууга укугу жок», – деди судья.

Булак : 24.kg маалымат агенттиги



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru