Айбат » Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосундагы «Манас» ТТБ боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосундагы «Манас» ТТБ боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Америка

Жогорку Кеңеште “Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, Кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, “Манас” эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынды.

Мыйзам долбоору Транзиттик ташуулар борборун «Манас» эл аралык аэробекетинен чыгаруу маселеси бул объектинин андан ары иш алпаруусунун зарылдыгы жок болуп калгандыгына байланыштуу иштелип чыккан. Анткени, АКШ жетекчилиги 2014-жылы коалициялык күчтөрдүн негизги бөлүгүн Ооганстандын аймагынан чыгарып кетүү менен, ал өлкөнүн коопсуздугун улуттук күчтөрдүн өзүнө өткөрүп берет. Бул маселе боюнча эки өлкө ортосунда келишим түзүлгөн. Ошондон улам, АКШнын транзиттик ташуулар борборуна карата муктаждык жоюлганы турат. Мыйзамга ылайык,  Транзиттик ташуулар борбору 2014-жылдын 11-июлунда өз ишин токтотууга тийиш.

Эске салсак, КР менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы «Манас» эл аралык аэробекетиндеги Транзиттик ташуулар борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде, ошондой эле парламенттик фракциялар тарабынан колдоо таап, андан соң, ал Жогорку Кеңештин 20-июнундагы жыйынында каралган. Ал бүгүн кабыл алынып отурат. Эми бул мыйзам КР Президентине кол коюу үчүн жөнөтүлөт.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru