Айбат » Депутат Чаткалга кенди кайра иштетүүчү фабрика курууну сунуштады.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Депутат Чаткалга кенди кайра иштетүүчү фабрика курууну сунуштады.

толоакматов“Кыргызстанда кенди кайра иштете турган фабрика куруу зарыл”,- деген пикирин бүгүн, 25-июнда парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү комитетинин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Райкан Төлөгөнов билдирди.

Анын айтымында, учурда Жалал-Абад областынын Чаткал районуна кенди кайра иштетүү боюнча фабрика куруу мүмкүндүгүн карап көрүү керек.

“Чындыгында бул жерде жагдай кыйын, заводду өзүбүз курушубуз керекпи же лабораторияларды курууга күч жумшообуз керекпи так эсептеп чыгуу зарыл. Анан калса алтын концентратын ташыган компаниялар дагы фабрика толук кубаттуулугун токтотуп салбаш үчүн толук көлөмдө кен ташып келүүлөрү тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн көлөмдө каза албаса айып пул салуу керек”,- дейт Төлөгөнов.

Эскерте кетсек, өкмөт Кыргызстандан кен ташып чыгууга бажы салыгын киргизүүнү сунуштаган жана өткөн жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү комитети кен экспорттоого салык киргизүүнү колдогон болчу.

 

kyrgyz.vb.kg




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru