Айбат » «Кумтөрдүн» үчтөн эки бөлүгүнө ээ болуу үчүн анын жоопкерчилигин моюнга ала алабызбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Кумтөрдүн» үчтөн эки бөлүгүнө ээ болуу үчүн анын жоопкерчилигин моюнга ала алабызбы?

кумторӨлкөбүздөгү саясый кырдаалга баам салып карай турган болсок, бул айдыңда өңчөй амбициялары аттын башындай болгон саясатчылар жүргөнүн байкайсың. Ырасында аркы жээкте дагы, берки жээкте дагы, тактап айтканда, бийликте да, оппозицияда да эмоциясын жашыра албай жулкунуп сүйлөп, экономикабызды көтөрүүнүн ордуна анын боорун эзе тээп жаткан саясатчыларыбыз арбын.

Өзгөчө акыркы убактарда «Кумтөр» маселеси чоң саясый оюнга айланып, өздөрүнө саясый кадыр-барк алып келгиси келгендердин бардыгы басып жүрүп да, туруп жүрүп да, уктап жатып да «Кумтөр» деп сүйлөчү болду. Бардыгынын, жаттап алгансып, сүйлөгөн сөздөрү бирөө гана – ««Кумтөр» Кыргызстан үчүн иштеши керек». Чындыгында алар өздөрүнүн ашынган амбициялары менен ансыз да мамлекетибиздин бюджетин толтурууда зор салымы бар ири ишкананы бүлүндүрүп, ишин токтотуп, мамлекетибизди жыртык тепшиге отургузганы турушканын баамдабай жатышкандай. Ушундай багытта бара жаткан ири саясый фигуралардын бири – Темир Сариев.

Ал «Кумтөр» маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын башында туруп, канадалыктар менен түзүлгөн 2009-жылкы келишимди жокко чыгарууну көздөгөндөрдүн бири. Бирок, эл аралык деңгээлдеги белгилүү эксперттер «Кумтөр» келишимин жокко чыгарууга болбой тургандыгын, эгер ошондой кадамга бара турган болсок, анда «Центерра» бизди эл аралык арбитраждык сотко бере ала тургандыгын, ал жактан Кыргызстандын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтып эле келишет. Эгерде утулуп калсак, анда ансыз да араң жан экономикабыздын казаны көмкөрүлүп, кайра калыбына келиши да күмөн нерсе. Бирок, тилекке каршы, мындай аргументүү пикирлерди биздин чиновниктер дагы, оппозициячылдар дагы кулак сыртынан кетиришүүдө. Өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн оппозициячылдар чындыгында мамлекетибиздин келечеги үчүн мурдуларын «тердетип» да койбой тургандыгын кечээ жакында эле Жети-Өгүздөгү тополоңду уюштуруп көрсөтүштү.

Кызыгы, «Кумтөргө» кеткен жолду тоскон митингчилерге бийлик өкүлдөрүнөн биринчилерден болуп Темир Сариев жетип барды. Эмне себептен күч органдарынан же облус жетекчилигинен эмес, экономика министринин жетип барышы да бир нерсени каңкуулагансыйт. Анын үстүнө, Темир мырзанын айтымында, митингчилердин койгон талаптары буга чейин мамлекеттик комиссия тарабынан дагы коюлган экен. Карапайым турмушта жашаган жергиликтүү тургундар жогорку деңгээлдеги адистер койгон талаптарды кайдан билмек эле? Демек, митингге чыгып, жол тоскондор карапайым адамдар, ал эми аларга кандай талаптарды коюш керек экенин көрсөткөндөр кимдер болушу мүмкүн?

Өлкөбүз ансыз да кыйын кырдаалда экендигин жогоруда да айтып өттүк. Эмдиги жылы Кыргызстандан Американын жүк ташуучу борбору чыгып кетет. Анын чыгышы менен бюджетибиз бери эле дегенде 200 миллион доллардан куру жалак калат. Анын ордун толтуруу маселеси жатат. Ошол эле учурда Бажы биримдигине киребиз деп чамынып турабыз. Ага кирүү менен өлкөбүздө өндүрүлгөн товарларды сыртка ташуу кыйындай тургандыгын, азык-түлүк, кийим-кечелердин, жана башка керектүү буюмдардын баасы көтөрүлөрүн билебиз. Бул дагы элибиз үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратат. Бул экономикабызга экинчи тараптан сокку ургандык болот. Алар аз келип жаткансып «Кумтөр» ишканасын да токтотуп, канадалык инвесторлор менен соттошуп жүрсөк, үчүнчү катуу сокку болору шексиз. «Кумтөргө» жасаган мамилебиз менен чет элдик инвесторлорду жаа бою качырып жатканыбызды эске албай эле, «Биз инвесторлорго бардык шарттарды түзүп беребиз, инвесторлорду тартабыз» деп чамынып калышат. Ырасында, Кыргызстандагы азыркы инвестициялык климатты көргөн инвестор биздин өлкөгө деги баш багат болду екен? Азыркы тапта өкмөт канадалык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Баарыбызга белгилүү болгондой мамлекеттик комиссия «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн улуттук салык мыйзамынын чегинде иштөөсүн сунуштаган. Ага жооп кылып, канадалыктар биргелешкен ишкана түзүүнү сунушташкан. Демек, алар биздин мамлекеттик комиссиянын сунушуна макул эмес экендигин билдирди десек болот. Ал эми алардын сунушу боюнча азыркы тапта анализдеп жатышкандыгын, эгерде биргелешкен ишкана түзсөк, анда жок эле дегенде анын үчтөн эки бөлүгүнө Кыргызстан ээ болушу керек экендигин Темир Сариев белгилейт. Ошондой болгон күндө анын жоопкерчилиги Кыргызстандын мойнунда болушу шарт. Мындай чоң жоопкерчиликти биздин чиновниктер көтөрө алабы? Ансыз да ат тезегин кургатпай алмашып турган өкмөт, министрлер «кызматта канча отурарымды ким билет?» деген күмөн менен мурунку бийликтегилер жасап келгендей «фокустарды» жасап жибербейт деп ким кепилдик бере алат? Экономика министринин айтымында, 2014-жылы «Бозымчак» алтын кенин «Казахмыс» компаниясы иштетип баштайт. «Иштамберди» алтын кенин да иштетүү пландаштырылып жатыптыр. «Жерүй» алтын кенин дагы кайрадан аукционго чыгаруу пландаштырылууда дейт. Бул жолу анын 300 миллион доллардан 100 миллионго төмөндөйт экен. Мына ушул алтын кендерин иштетүүнү көздөгөн компаниялар дагы эртең «Кумтөрдү» иштеткендердин кебетесин кийип калабыз коркушпайт дейсизби? Алар муну абдан жакшы түшүнүп турашат. Эгерде Кыргызстанда инвесторлорго карата мамиле канааттандыраарлык болуп турса, «Жерүй» алтын кенин 300 миллион долларга да алып иштетишмек. Бүгүнкүдөй кырдаал улана бере турган болсо, аны 100 миллионго да инвесторлордун алышы күмөн. Эгер аукциондон 100 миллионго да өтпөй калса, баасын дагы түшүрөбүзбү? Андан көрө мамлекетибиздин эртеңин, анын экономикасынын өсүшүн ойлогон чиновниктер биринчи кезекте инвесторлорго карата мамилени оңдогондору туура болуп жүрбөсүн?

Айрым саясатчылар айткандай, «Кумтөрдү» өзүбүз иштеткенге азырынча чамабыз чак. Анүчүн адистерибиз дагы, техникалык жабдууларыбыз дагы, каражатыбыз дагы жетишсиз. Алтын жердин түбүнөн казылып алынып, рынокко түшкөнгө чейинки мээнетин эске албай эле, шыпылдатып акча санаганды гана жакшы көргөн саясатчыларыбыз бизди туңгуюкка гана сүйрөп бара жатышат.

Булак: “Ачык саясат”



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru