Айбат » Өмүрбек Текебаев: “25 жаштагы балага да баш ийишибиз керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүрбек Текебаев: “25 жаштагы балага да баш ийишибиз керек”

текебаев

Шаар мэри болуп муниципалдык кызматтардан топтогон беш жылдык эмгек тажрыйбасы барлар гана дайындала алат. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларына мэр болгусу келгендерде бул талап жогору – мамлекеттик кызматтарда 10 жылдан кем эмес убакыт эмгектенүүгө тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында, “Ош шаарынын статусу боюнча” жана “Бишкек шаарынын статусу боюнча” мыйзам долбоорун кароо учурунда белгилүү болду.

Кыргызстандын эки шаарынын мэрине болгон талаптардын башка шаарлардыкынан айырмаланышына “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев каршы оюн билдирди: “Эки шаарга мэр болгусу келген адамдар он жылдан кем эмес муниципалдык кызматтарда иштеши керек деген талап коюлуп атат. Иш тажрыйбасы жок 25 жаштагы бала келип калбасын деген коркунуч менен ушундай болгону да белгилүү. Биринчиден, бул шаарлардын мэрлигине 25 жаштагы баланын шайланышы мүмкүн эмес. Экинчиден, эгер шайланып калса, ошол 25 жаштагы балага да баш ийишибиз керек”, – деди Ө. Текебаев.

Фракция жетекчиси ошондой эле шаар мэрлери жогорку билимдүү болушу керек деген талапка да макул эмес.

“Жогорку билим деген чектөө алда качан каралбай калган. Мындай чектөө байдын балдары кызматка келсе болот, кембагалга болбойт деген түшүнүк болуп калат. Байдын балдары жогорку билимди Лондон, Америкадан ала алат, ал эми кембагалдын баласынын жогорку билим алганга мүмкүнчүлүгү болбой калсачы? Аны кызматка келбесин деп чечим кабыл алабызбы?” – деген депутат, жогорку билимсиз эле көрөңгөсү барлар ийгиликтерди жарата аларын кошумчалады.

“Дүйнө жүзүндө мындай мисалдар көп. Автобустун айдоочусу президентке айланганы, Чехиянын президенти ким болгону баарына белгилүү”,  - KyrgyzToday.kg



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru