Айбат » БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкерлердин документтерин 1-июлга чейин кабыл алат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкерлердин документтерин 1-июлга чейин кабыл алат

222222222200 КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына саясий партиялардан, жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө документтер ушул жылдын 1-июлуна чейин кабыл алат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Бишкек шаарынын аймактык райондук шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндөгү» жана «КРнын аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндөгү» токтомдору менен 2011-жылы 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын (буга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кирбейт) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2013-жылдын 25-июлунда аяктайт.

Мыйзамдарга ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервин БШК 5 жылдык мөөнөткө түзөт.

Азыркы учурда көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн зарыл болгон саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын зарыл сандагы өкүлдөрү жок. Буга байланыштуу БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу, ал адамдар менен так, калыс жана ак ниеттүү иштей билүүнү талап кылат. Талапкерлерди көрсөткөн субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин орто кесиптик же жогорку кесиптик билими болууга жана, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш экендигин эске алышы керек. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) ушул жылдын 1-июлунда саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru