Айбат » Малика Дина: Апамдын күйөсү да, курбусу да менмин

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Малика Дина: Апамдын күйөсү да, курбусу да менмин

Малика ДинаДинара Акулованын көкүрөк күчүгү Малика Динаны биринчи бетке сүрөткө тартып жатып күйөрмандары көп экенине ынандык. Айрыкча мырзалар арасында. Жолдун жээгинде сүрөткө түшүп жаткан Маликага машина менен өткөн мырзалар ышкырып-кыйкырып, айтор, болушунча ырчыны алагды кылып жатышты. Айрымдар атайын жол четине токтоп, гезиттин качан чыгарына кызыкдар болушту.

– Салам, Малика, бизге берген мурунку маектериңде чет мамлекетке кетем дедиң эле. Пландарың өзгөрө элекпи?
– Бир мезгилде чет өлкөгө кетип, ошол жакта биротоло калам деген ойлор бар болчу. Бирок ал жакта кала албадым, апам менен бирге жашап көнүп калыпмын. Эми турмушка чыкмайынча апамдын жанында болом. Учурда апама үйдө, жумушта, бизнесинде кол кабыш кылып жүргөн кезим.

– Ырчылык менен катар подиумга чыгып калганыңды көрүп жүрөбүз…
– Ооба, белгилүү бир көргөзмөлөргө же кечелерге сунуш түшсө чыгып калам. Бирок модель, ырчылыктан сырткары өзүмдүн башка жумуштарым да бар. Апамдын ишенгени менмин, мени бага турган же апам таяна турган атам жок болгондон кийин апамдын күйөөсү да, жардамчысы да, курбусу да болгонго туура келет.

– Сени көпчүлүк Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы катары таанышат. Бул нерсе сенин жеке адам катары калыптанышыңа таасир этеби?
– Билем, бир нерсе болсо эле «Акулованын кызы ушинтти» деп айтып чыгышат. Мен эмне кылбайын, сөз ата-энеме тиет. Апамдын атын булгабаш үчүн мүнөзүмдүн татаал экенине карабай өзүмдү кармаганга аракет кылам. Ушундан улам шоу-бизнесте, жеке жашоомдо да өзүмө көп тыюу салып, апамды ойлоп иш кылам. Мен канчалык ушак сөзгө кабылбайын же өзүмчө инсан болгонго аракет кылбайын, баары бир Акулованын кызы бойдон калам, муну өзгөртүү мүмкүн эмес да.

– Апаңдын дарегине айтылган сындар оор тийсе керек?
– Жеке өзүмдүкүнө караганда апамдын дарегине айтылган сындар катуу тиет. Апам тууралуу бирөөнүн терс пикирин угуп калсам, улуу экенине карабай жанына барып оозун жапмакмын. Менден башка апамды ким коргойт, мен болбосом? Ал эми мени ушактагандарга менин эмес, кээде апамдын да күлкүсү келет, себеби ал мени жакшы билет да.

– Бизге берген маегинде Абдумалик Шерматов Динара эже тууралуу сын-пикирлерин айткан, аны кандай кабыл алдың?
– Билесизби, окудум. «Вау» деп тамшанып же «блин» деп ызаланган жокмун. Мындайча айтканда, реакция кылбадым. Экөөнүн ортосундагы таарыныч өздөрүнүн иши, катасы. Бул маселени менсиз эле чечип алышат, мен аралашкым келбейт. Бала кезимден көрүп-угуп жүрүп, азыр уккум деле келбей калды. Кандай болбосун, ал менин атам, мага жашоо берген адам. Атам катары жакшы көрөм, сыйлайм. Бирок алардын мамилесине кийлигише албайм, мен жөн эле экөөнүн ортосунда жаралган бейкүнөө жанмын.

– Кыргыз эстрадасынан өз ордумду таптым деп ойлойсуңбу?
– Билбейм, балким, таптым, балким, тапкан жокмун. Өзүм деле жан талашып, бирөөгө атаандашып, чыгармачылык деп жашагандардан эмесмин. Мага баары бир, мен Акулованын кызы катары таанылгам, ошол бойдон эл эсинде калсам деле капа болбойм. Шоу-бизнесте каламбы же жокпу, аны да Кудай билет. Балким, турмушка чыгып, үй-бүлө менен кетем. Кыскасын айтканда, шоу-бизнес деген ааламда биротоло жашап калгым келбейт.

– Эмнеге?
– Учурда ырдап эл көзүнө көрүнүп жатканым апам үчүн, анын кесибин сыйлаганым үчүн гана. Бул чөйрө менен көп болсо 5 жыл жашашым мүмкүн, андан ары балдарымдын апасы, бирөөнүн жубайы, коломтонун очогу болушум керек. Ушуларды эстегенде шоу-бизнес мен үчүн убактылуу эле нерсе экен деп калам. Чынында, силер маекке чакырган сайын «сахнаны таштайм, ырдабайм» деген ойдо боло берем, бирок кайра эле сахнага кайтып келе берем да (күлүп). Сыягы, сахнанын өзүнүн сыйкыры бар окшойт. Эл деле байкап калган чыгар, акыркы күндөрү концерттерде көп бийлебей калдым. Анан бир күнү отуруп ойлондум, «Ата-энемден берилген талантым барЭмне үчүн мен бул талантымды жашырып жүрүшүм керек?» деген суроо пайда болду. Ушул суроо намысымды ойготуп, кайра жандана баштадым.

– Жигиттердин баарын кызыктырган суроо: Жүрөгүңдү багындырган ханзаадаңды таптыңбы?
– Сөз айткан жигиттер көп. Мурун «эл эмне дейт…» деп эле ойлоно берчүмүн. Акыркы бир жылда мен сыйлаган, мен чалганда менин коңгуроомду күткөн адам пайда болду, азырынча ашыкча эч нерсе айтпай турганым жакшы. Бардык нерсенин өз убагы келет.

– «Балдар арасында досторум көп» деп айтып калган жайың бар…
– Кичинемден балдар менен ойноп, чогуу жүрүп көнүп калгам. Азыр да жалаң дос балдар курчап жүрүшөт. Негизи, кыздарга караганда балдар менен жакшы тил табышам. Анан апама тамашалап «тоюмда кыздын курбулары чыккыла дегенде тапырап он бала чыкпаса эле» деп калам. Чын эле ушинтип ойлойм, тааныш кыздарым бар, бирок анчалык жакын эмес.

– Салт-санаага кандайсың?
– Салтка анча жакын эмесмин, европалашып калгам дебейминби. Бир тууган жездемдин кулагынан чойбосом деле өзү келип колума акча карматып койгон. Жездем аябай камкор, мага такай белек жиберип турат. Анан да эжем, жээндерим менен скайп аркылуу сүйлөшүп турам. Мен үчүн интернетсиз жашоо – жашоо эмес.

– Рулда отурганыңа канча болду?
– Расмий түрдө 1 жыл, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок 5 жыл болду. МАИчи байкелерибиз мени «бейбаш» деп эркелетишет, ха-ха. Негизи, 10-12 жаштарымда короонун четинде машинаны айдамыш болуп жатып эле үйрөнүп алгам. Учурда айдап жүргөн Ленд Ровер Фрилендер деген унаамды апам былтыр 11-классты бүтүп жатканда белек кылган. Унаам супер-пупер, мен аны «пупсик» деп эркелетем.

– Маегиңе рахмат.



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Салам. Млика мен сени суйом

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru