Айбат » Коррупцияга батып, криминалга чырмалган Кыргызстан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Коррупцияга батып, криминалга чырмалган Кыргызстан

коррупция 222222222Кыргызстан соңку үч жылдан бери «криминал жана коррупцияга каршы күрөшүп келе жатат» деп айткандан тажабайбыз. Бир караган адамга бийлик чындыгында эле криминал менен кармашып коррупция менен арбашып жаткандай туюлат. Бирок …

Картөшкө уурдагандар камакта, коррупционер каякта?

Биз билгенден уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана ага тиешеси бар делгендердин 100-200ү кармалып, мыйзам чегинде жазасын алгандай болду. Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча да бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалып, мыйзам чегинде иш-аракеттер болуп жатат. Бирок, криминал жана коррупцияга каршы күрөш жарыялагандан криминал менен коррупционерлердин катары азайдыбы?

Мыйзам боюнча, криминалдык иштерге да, коррупциялык иштерге да оор беренелер каралган. Тилекке каршы, мыйзамдын катаалдыгы да коомдогу криминалдык иштерге, коррупциялык жоруктарга бөгөт кое алган жок. Криминалдардын жана коррупционерлердин катары жылдан жылга, муундан муунга жаандан кийинки козу карындай көбөйүп баратат. Прокуратура, сот, жаза аткаруу кызматкерлери баш, Акыйкатчы, саламаттык сактоо кызматкерлери, чек ара кызматкерлери төш болуп, Азиз Батукаевди баш кылып, ондогон азаматтарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутатын кан жуткурган кылмышкерди дегеле эч нерсе болбогондой Кыргызстандын чегинен аттап-тондоп чыгарып жиберип жатышат.

Коррупция жана криминал менен эч ким күрөшкөн жок. Күрөшүп да кереги жок экенин жакшы түшүнүшөт. Кеп, биз ирип-чириген коомдук системада жашап жатканыбызда. Ошол эле криминал жана коррупция менен болгон күрөш баланын оюнундай эле нерсе экенин эч ким деле танбайт. В.В. Путин айтмакчы, кара курсагынын айынан картошка уурдагандар ууру делип түрмөгө түшүп, “кечерге суу таба албай” миллиондорду уурдагандар мамлекеттик ишмер болуп, эл башкарып жатканы эч кимге жашыруун эмес. “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди аттап-тондоп, буту-бутуна тийбей, түрмөдөн чыгарган күч органдары анын ордуна кайсы бир бечараны “криминал” деген жарлык тагып, өпкөгө эки муштап мойнуна алгызып, түрмөгө тыгып жатканы жалганбы? Ал эми коррупцияга чындап белчесинен баткандар четте калууда.

Бейиши болгур 300 млн

“Кыргызагропродкорпорациясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердигин эле алалы. Бул мамлекеттик ишканага Өкмөттүн токтому менен каралган 800 миллион сомдун алгачкы траншы катары 400 миллион сом 1,5 жылга, 2010-жылга чейин 3%пайыз үстөгү менен бөлүнгөн экен. Быйыл 2013-жыл болуп калды. Бүгүнкү күндө, ошол мамлекеттик ссуданын же өзү жок же үстөгү жок, бир тыйын да мамлекетке кайтарылып бериле элек. «Суу кошулбаган коррупциялык схема» деп мына ушуну айтса болот. Өкмөт тарабынан берилген 300 миллион сом кайда кеткени белгисиз. Бүгүнкү күндө үстөгүн кошкондо, аталган ишкана мамлекетке 500 миллион сом карыз. Мамлекетти 300 миллион сомго отургузуп кеткен экс-жетекчи кечээ жакында гана кармалды.

Кыргызстандагы коррупция, криминал менен күрөшүү куду бир башын кыя чаап салсаң, анын ордуна эки баш өсүп чыккан ажыдаарды эске салат. Алар менен күрөш эч кандай натыйжасыз болууда. Албетте, андан башкача болушу да мүмкүн эмес. Анткени, коррупция да, криминал да биз жашап жаткан коомдук системанын туундусу. Биз коррупцияга жана криминалга ыңгайлашкан, ансыз жашоого мүмкүн болбогон коомдо жашап жатабыз.

Булак: “Алиби”(М.Э)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru