Айбат » Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү оңдоло баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү оңдоло баштады

 

жалал-абадШаардык мэриянын коммуналдык чарба жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри Т. Чойбековдун айтымында, жергиликтүү бюджеттен 4575 м2 жерге 4 млн. 200 миң сом, ал эми тегиздеп, асфальт төшөө боюнча 9 млн. сом акча каражаты каралган. Бул боюнча 24-майда тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында «Жалал-Абад АБЗ» ААК утуп алган.Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Учурда 3716 м2 жерге жамап-жаскоо иштери жүргүзүлүп, ага болжол менен 3 млн. 700 миң сом акча каражаты сарпталды. Калган көчөлөрдүн иштери дагы жакынкы күндөрдө толугу менен аяктаганы турат. Шаардын ичиндеги көптөгөн көчөлөр эскилиги жетип калгандыктан, көп убакытты талап кылууда.

“Биз быйылкы жылда шаардын так ортосундагы көчөлөрдүн санына эмес, сапатына өзгөчө көңүл буруп, кыска аралыктагы көптөгөн жерлерге асфальт төшөөгө аракет жасап жатабыз», – деп билдирди вице-мэр. (ГТ)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru