Айбат » УКМК кызматкерлери мыйзамсыз куйма алтынды алып жүргөн жаранды кармашты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Кылмыш » УКМК кызматкерлери мыйзамсыз куйма алтынды алып жүргөн жаранды кармашты

1УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматы Нарын облусунун аймагында жайгашкан Солтон-Сары кен чыгуучу жеринен алтын уурдаган фактысы боюнча М.К. аттуу Кыргызстандын жаранын кармашкандыгын тартылган видеону көрсөтүштү.

УКМКнын аталган кызматы тарабынан 21-июнь күнү тоо-кен тармагындагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө М.К. аттуу жаранды кармашкан.

Аны кармоо учурунда жанынан жалпы салмагы 460 граммды түзгөн алтын куймасы табылган.

21-июнда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (баалуу металлдарды, жаратылыш баалуу таштарын мыйзамсыз айлантуу) менен каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, кармалган адамга 22-июнда айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын тергөө абагында 2 айлык мөөнөткө камоо баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Булак : Tazabek




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru