Айбат » Бишкек мэри И.Өмүркулов: Акыркы үч жылда шаар кирешеси 700 млн сомго көбөйдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бишкек мэри И.Өмүркулов: Акыркы үч жылда шаар кирешеси 700 млн сомго көбөйдү

иса омуркуловБишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 27-июнда шаар депутаттарынын алдында отчет берүүдө. Мэр бул кызматта иштеген соңку үч жылда шаардын кирешеси 700 миллион сомго көбөйгөнүн айтты.

Тыныгуудан кийин депутаттар Өмүркуловго суроолорун берет. Кабарчыбыздын айтымында, «Республика» партиясынан шайланган депутаттар эгерде мэрдин жооптору аларды канааттандырбаса, анын жоопкерчилиги тууралуу маселе козголот.

Өмүркулов шаар жетекчиси болуп апрель окуясынан кийин дайындалган. Буга чейин да «республикачы» депутаттар аны кескин сындап, кызматтан кетирүү аракетин жасаган.

Булак : «Азаттык» радиосу




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru