Айбат » Жогорку Кеңеш өкмөттүн «Дастан» корпорациясынын 98,46% акциясын сатуу боюнча сунушун колдоду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жогорку Кеңеш өкмөттүн «Дастан» корпорациясынын 98,46% акциясын сатуу боюнча сунушун колдоду

ДастанЖогорку Кеңеште өкмөттүн «Дастан» трансулуттук корпорациясынын 98,46 пайыз акциясын жана «Мегаком» ачык акционердик коомунун 49 пайыз акциясын сатыкка коюу демилгесин депутаттар колдоду.

Эске салсак, 2012-жылдын 14-15-августунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда улутташтыруу жолу менен мамлекеттин карамагына кайрадан кайтарылып алынган «Дастан» корпорациясын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында эки тараптуу келишимге кол коюлган.

Ошондон улам, «Дастан» корпорациясыны акцияларын сатыкка коюп, анын 51 пайызын Орусия тарапка берүү зарылчылыгы келип чыккан. Анткени, ишканага Орусиянын коргоо комплекси ээлик кылса, андан түшкөн коргонуу багытындагы аскердик заказдан, салыктан, ошондой эле жаңы жумушчу орундарынан кыргыз тарап бир топ пайда табат.

Андан тышкары, «Мегакомдун» мамлекетке тиешелүү 49 пайыз акциясы да сатыкка коюлат. Ал эми калган 51 пайыз акциясы боюнча сот иштери жүрүүдө. Ага азырынча арест коюлган, келечекте толугу менен мамлекеттин карамагына алынып калышы мүмкүн.

Булак : Баракелде




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru