Айбат » “Эл үчүн” деп бийликке келгендер элди унутуп баратат…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Эл үчүн” деп бийликке келгендер элди унутуп баратат…

жоомарт оторбаевӨкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев өткөндө “Кумтөр” алтын кенине барып, ал жердеги жумушчулар менен болгон жолугушуусунда 2009-жылы түзүлгөн келишим жөнүндө: “Бул келишимди эл аралык деңгээлде гана чечебиз. Анткени, келишимдер бир канча этапта ратификцияланып, аны Конституциялык сот да бекиткен. Ал эми экологиялык кыйратууларды жергиликтүү соттун деңгээлинде чечебиз” дептир. Ж.Оторбаевдин “экологиялык кылмыштуулукту жергиликтүү соттун деңгеээлинде чечебиз” дегени туура, ал эми “эл аралык”, “Конституцялык сот” дегени таптакыр логикага да, юридикалык жактарга да туура келбейт.

“Эл аралык деңгээл” деп эмне түшүндүрүлөт? Мындай түшүнүктү, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болсо, анын уставын жана дагы көптөгөн “эл аралык” деген статуска ээ болгон документтерди (пакт, резолюция, конвенциялар) аны кабыл алып, кол коюшкан мамлекеттер аралык келишимдерди айтат. Ушул сыяктуу эле бир канча мамлекет аралык макулдашуулар, маселен, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму. Спорт боюнча эл аралык мелдеш, искуство боюнча эл аралык сынак деп аталган нерселердин баарына мамлекеттердин тикелей катышкандыгында. Ал эми “Кумтөрдөгү” канадалык компаниялар жеке менчик. Эч качан жеке менчиктин ишин, мейли, алар мамлекеттер аралык алака кылышсын, аларды “эл аралык деңгээл” деген түшүнүккө аралаштырганга болбойт. Кыргызстандын “Шоро” компаниясы Канадада “Центера голд инк.” сыяктуу иш жасаса, Канада өкмөтүнүн вице-премьери “бул маселени эл аралык деңгээлде чечебиз” деп эч качан айтпайт эле.

Ал эми Ж.Оторбаевдин “келишимдерди Конституциялык сот бекитипир” дегенине келсек, Конституциялык соттун “Кумтөр” сыяктуу келишимдерди караганга эч бир акысы жок болчу. Бир эле Кыргызстан эмес, дүйнө жүзүндө мамлекеттердин Конституциялык соттору эч качан чарбалык, өнөр жай, финансылык иштерди карабайт. Кыргызстан менен канадалык компаниялардын келишимдерин бекиткен Конституциялык соттун 2009-жылдагы чечими эч бир юридикалык күчкө ээ эмес. Жакында, президент А. Атамбаев 1998-жылы мурдакы президенттер тарабынан чыгарылган Указдардын бир канчасын жокко чыгарды. Ушул сыяктуу эле Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы – 2009-жылдагы Конституциялык соттун чечимин жокко чыгартып коюшу керек, эгер өкмөт элге ак ниетте болсо. Бирок, канадалыктарды коргоп, бийликтин дили карарып турат.

Айтмакчы, 2010-жылы Убактылуу өкмөт деген топ Конституциялык сотту жаап, бул соттордун үстүнөн кылмыш ишин козгоду эле, анысы ошол бойдон ың-жыңсыз жок болду.

Кийинки бийликтин “милдети” ушундай, кимдир бирөөлөргө кылмыш ишин козгойт да, «бир нерселерин» алгандан кийин, аны кайра жаап коет. Эл болсо аны унутуп коет. Бүгүнкү бийликтегилер болсо, бакиевдердин, Данияр Үсөновдун тагдырларын чындап унутуп коюшту.

Булак: “Назар пресс”



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru