Айбат » Айрым депутаттар абийириме доо кетирип жатышат, – Т.Акун

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айрым депутаттар абийириме доо кетирип жатышат, – Т.Акун

акунЭгерде мен акыйкатчы кызматын таштап кете берсем, абийириме доо кетет, деп билдирди акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 27-июнда парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Учурда Жогорку Кеңеште Акыйкатчы Т.Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу депутаттык комиссиянын иши каралып жатат.

Т.Акун белгилегендей, айрым депутаттар анын абийирине доо кетирип жатышат. «Ушундай учурда кызматтан кеткеним оор болуп калат. Мен болгон чындыкты айтып жатам. Эч кандай кызмат үчүн жабышкан жерим жок. Жөндөөмдүүлүгүм бар үчүн ушул кызматта иштеп жүрөм, жыргап кеткен жокмун», – дейт ал.

 

Парламентте Акыйкатчынын Японияда сүйлөгөн сөзүнүн видеотасмасы көрсөтүлдү

Ошондой эле бүгүн, 27-июнда, Жогорку Кеңеште КР акыйкатчысы Турсунбек Акунду кызматтан алуу боюнча депутаттык комиссиянын баяндамасын угуу учурунда анын өткөн жылы Япониядагы укук коргоочулардын жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн видеотасмасы көрсөтүлдү.

Анда Т.Акун чет өлкөлүк укук коргоочулардын алдында КР Жогорку Кеңешин сынга алгандыгы үчүн депутаттар анын өзүн сындашты. Бирок, Акыйкатчы бул аракетин «Менин сөзүмдү аягына чейин көрүп койсоңор болмок, анда мен бүтүндөй Жогорку Кеңешти эмес, айрым гана кысым көрсөткөн депутаттар тууралуу айтканмын. Мен ошол сөзүмдүн аягында кыргыз калпагын кийип, Манас айтып, кыргыз элин даңазалаганмын», – деди ал.

Булак : Баракелде




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru