Айбат » Акыйкатчы Т.Акун реанимацияга жаткырылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Акыйкатчы Т.Акун реанимацияга жаткырылды

реанимацияКыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун учурда президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын реанимациясында жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» акыйкатчынын жардамчысы Сүйөркул Сейдинов билдирди. Анын айтымында, Турсунбек Акун парламенттин фойесинде кетип баратып эс-учун жоготуп жыгылган.

Бүгүн парламентте акыйкатчыны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси кызуу талкууланып жатат. Депутаттар аны «криминалдык чөйрөнүн лөгү» делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине, айрым каржылык мыйзам бузууларга тиешеси бар жана Жапонияга иш сапары учурунда ошол жакта сөз сүйлөп, кыргыз бийликтерин жамандаганы үчүн айыптоодо.

Булак : «Азаттык» радиосу



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru