Айбат » Дүйнөлүк банк: Чылым чеккендер менен тамекинин баасын көтөрүп күрөшүш керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Дүйнөлүк банк: Чылым чеккендер менен тамекинин баасын көтөрүп күрөшүш керек

табакТамекиге болгон салыкты жана анын баасын көтөрүү чылым чегүүчүлөр менен күрөшүүнүн эң таасирдүү жолу. Өзгөчө жаш балдардын чылым чегүүсүнүн алдын алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Бүткүл Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча саламаттык сактоо тармагынын ага адиси Шон Нам Нгуйен өз иликтөөсүндө белгилеп өттү.

Анын айтымында, салыктардын көбөйүшү бир гана тамеки чегүүчүлөрдүн санын азайтпастан, бюджеттин киреше бөлүгүн да толтурууга жардам берет.

Ошондой эле коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу да жакшы жыйынтык берет. Шон нам Нгуйен мындай ыкма Түркия менен Орусияда жакшы жыйынтыктарга алып келгенин кошумчалады.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/226562



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru