Айбат » Айчүрөк Султанова, ырчы; “ырдап койгондон да саясатты чыгаргандарга түшүнбөйм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Айчүрөк Султанова, ырчы; “ырдап койгондон да саясатты чыгаргандарга түшүнбөйм”

АйчүрөкIMG_7747

-Айчүрөк айым сиз Жогорку Кеңеште иштейт эмессизби, кайсы бир маалымат булактарына саясий өңүттө маек куруптурсуз. Дал ушул саясий өңүттө маек курсак кандай дейсиз?

-Туура саясий багытта маек кургам, бирок, андан бери бир топ убакыт өттү. А негизи мен саясат тууралуу маек курганым “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү”  мыйзамга туура келбейт го дейм, себеби өзүм Жогорку Кеңештин кызматкеримин да.

-Жогорку Кенештеги котормочулук кесибиңиздии кесип деп эсептейсизби же ырчылыгыныздыбы?

-Негизи менин кесибим тарыхчы, бирок бул кесип менен кете алган жокмун. Анткени,  окуумду аяктай электе эле 5-курстан баштап эле Жогорку Кеңешке машинистка болуп орношуп калганмын. Аппараттын  редакциялык-басма иштер бөлүмүндө оператор болуп иштеп жүрүп эле котормочулукту үйрөнүп иштеп калдым. Ал эми ырчылык болсо кичинемден эңсеп, тилеп жүргөн максатым эле. Мындайча айтканда көп кырдуу кесиптин ээсимин деп айтсам жаңылышпайм.

-Тарыхчы катары айтсаңыз, апрель окуясы тарыхта кандай деп айтылып калышы мүмкүн?

-Аны бара-бара тарых өзү көрсөтөт, таразалайт го дейм. Тарых үчүн чындык жазылыш үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынат. Ал эми ар бир окуяны өз убактысында ар кандай көз карашта  баа берилип келгени менен тарых окуяларды эч качан бурмалай албайт.  1916-жылкы окуяны “Үркүн” деп жүрүп, кийин “Улуттук боштондук күрөш” болуп аталып калган сыяктуу тарых кандай болгон күндө да туура баасын берет. Ошол себептен бул окуя жөнүндө азырынча эч нерсе айта албайм.

-Жогорку Кеңеште мыйзамдарды которсуздарбы?

-Мен жыйналыштагы протоколдорду котором, андан сырткары “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы” деген китебибиз чыгат, ошону чыгаруудагы эмгек толугу менен менин мойнумда.

Жогорку Кеңештин иш кагаздары толугу менен кыргыз тилиндеби? Өкмөт дагы ушул жаатта кызматкерлерге кыргыз тилин үйрөтүү боюнча иштерди баштабадыбы… Сиздин пикиринзче бул кадам кандай?

-Ооба, бизде иш кагаздары көптөн бери эле кыргыз тилинде жүргүзүлүп келе жатат. Эми толугу менен өттү деп айткандан алысмын, дээрлик 90 пайызы кыргыз тилинде жазылат, бул эң жакшы кадам, себеби өзүбүздүн тилибизде жүргүзүлгөнү туура да.

-Сиз атайын кыргыз тилинен билим алдыңыз беле?

-Орто мектепти 10 жыл бою кыргызча окудум, университетте да кыргызча лекция уктум, иштеген жерим да котормо бөлүмү болгондуктан мага дагы канчалык деңгээлде кыргыз тили жөнүндө билим алышым керек. Менимче ушул эле билимим жетиштүү го деп эсептейм.

 

 

-Шайлоолордо ырчылар ырдап элди чакыруу үчүн пиар катары колдонулат эмеспи? Шайлоо учурунда кайсы саясатчылар менен иштешип жүрөсүз?

-Мен эки жолку шайлоодо гана катышып калдым, 2005-жылы мартта революция болгондо Жогорку Кеңеш тарап бизди да убактылуу бошоткон. Ошондо “Ак жол” партиясынын үгүт бригадасында иштедим. Андан кийин Президенттик шайлоо болгондо депутат Анарбек Калматов  менен иштештим.

-Ал саясатчылар менен кийин мамилеңер үзүлгөн жокпу?

-Негизинен эле адам менен мамилем башынан түз болсо аягына чейин эч качан мамилемди үзбөөгө аракет кылам, себеби турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет, ал эми адамдык касиет эч качан жоголбош керек дейм.

-Анарбек Калматов үгүттөө иш чарасы менен жүрүп өзбекче ырдап жүргөндөрү айтылып жүрөт. Президентикке талапкерлердин ырдаганына кандай карайсыз?

-Талапкерлер ар бир кесиптин ээлери болушу мумкун да, эгерде ал ырдап жүргөн, таланты бар адам болсо ырдап койгондун эмнеси жаман. Ал эми өзбекче ырдаганын себеби ошол жерде биз барган участокто бир чоң айылдын жашоочуларынын баары өзбек калкы экен, алар агайдын ырдап жүргөнүн билишчу экен, суранып кол чаап туруп алышкандыктан ырдаган. Шайлоочуларды “муну кылып берем, муну кыйратып жиберем” деп алдагандан көрө суранып жатышкандан кийин ырдап койгону туура эле…

-Анарбек Баратович өзбекче ырдап жатканда эл кандай кабыл алды?

-Баардыгы өзбектер болгондон кийин албетте, жакшы кабыл алышты.  Ушул жерде бир нерсени айта кетейин, ушул ырдап койгондон да бир саясатты чыгарганына түшүнбөйм. Бул жерде болгону шайлоочулар сурангандан адам катары, жаран катары ырдап койду.

-Сизди  “Маданият министрлигине көрсөтсө иштейт белеңиз” деген журналисттин суроосуна “иштеп бермекмин” деп жооп бериптирсиз? Эгерде министр болуп калсаңыз, ишти эмнеден баштайт элеңиз?

-Мен тактыкты абдан жакшы көрөм, биринчи кезекте эле тартип маселесинен баштамакмын, тартип бар жерде иш да болот. Анан мындай иштемекмин деп пландарымды айтып салсам анда менин идеяларымды дароо тартып алышы мүмкүн… Ошондуктан калганын айтпай эле коёюн… (тамаша).

-Султан Раев мурун деле Маданият министри болуп иштеген эле эми жаңыдан кайрадан эле министрликти басып жыгылды,  ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

-Мамлекеттик кызматкер  болгондуктан, Маданият министрлигинин жасап жаткан иштерине көп аралашпагандыктан мурда кандай иштеген, азыр кандай иштеп жатат,  толук айта албайм, кандай гана майрамдык иш чара болбосун жалаң гана жаш ырчыларды ырдатып калышты. Орто муундан жогоркулар деги эле катышпайт, анан аябай кыйратып жатышат деп айтуудан алысмын…  Ал эми министр Султан Раев жөнүндө болсо айтаарым,  демек экинчи жолу министр кылып кайра коюп жаткандан кийин, демек иштеген иши жакканы үчүн коюлуп жатса керек да…

 

 

-Эмнеге орто муун, жаш муун ырчылар деп бөлүнүп калган коомчулукта?

аманга жараша болуп жатат.

-Баардык эле ырчылар эмеспи балким алардын чыгармалары элге жакса керек да?

-Туура бардыгы эле ырчылар,  эмне улуу муундагы ырчылардын ырлары элдерге жакпайбы?  Бул жерде саясат такыр башка болуп жатканы байкалып турат…

-Саясат кандай болуп жатат?

зүңөр деле карап көрсөңөр, дайыма эле ошол майрамдык кечелерде кимдер ырдап жатышат? баягы эле бир тизме го…  Эмне үчүн ар биринде эле ошол ырчылар?  Ал эми Кыргызстанда канчалаган жакшы ырдаган белгилүү атагы чыккан ырчылар бар, алар эмне үчүн кошулушпайт?  Же ошол иш чара болоордо элдерден сурамжылап туруп анан кошконун көрдңөр беле?  Кимдин суроо-талабы менен болуп жатат?  Ушул суроого бир да жолу болсо жооп ала алдыңар беле ошол уюштуруучулардан?

-Туура албетте, бул жерде бир ууч топтун гана кызыкчылыгы болуп жатат.  Мындай көрүнүштөрдөн кантип арылса болот?

-Мындай көрүнүштөн эч качан арыла албайбыз, бул биздин каныбызга сиңип калган. Канчалык кыйкырба, канчалык ыйлаба ушул көрүнүш эле бойдон калат.  Алтургай күчөшү мүмкүн…

-Башка мамлекеттерде ушул сыяктуу көрүнүштөр барбы? Же бул биздеги эле болуп жаткан көйгөйбү?

-Эми башка мамлекеттерге барып көрбөгөндөн кийин айтуу кыйын.

Маектешкен Элнура Алымкулова



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru