Айбат » Жумгал районунда бул жылдын «Ынтымак» аталыштагы спорт оюндары Таш-Дөбө айыл аймагында өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал районунда бул жылдын «Ынтымак» аталыштагы спорт оюндары Таш-Дөбө айыл аймагында өттү

Чабандардын майрамы, кыргыздын улуттук ат оюндарын өркүндөтүү жана сергек жашоого карай ураанынын алдында 22-июнь күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында райондук деңгээлде улуттук ат оюндары болуп өттү.

Улуттук ат оюндарын айыл жеринде өркүндөтүү жана айыл жаштарын спортко тартуу багытында өткөрүлүп жаткан ат оюндарына катар райондун балбандары «кыргыз күрөш» боюнча күч сынашса, айрымдары волейбол боюнча мелдешке катышып күч сынашты. Жылына өтүп келген улуттук ат оюндары жана спорттун бир катар түрлөрү быйыл Таш-Дөбө айыл аймагына келгендиктен, аталган айыл өкмөттүн башчысы Надыр Бийсеевдин демилгеси менен уюштурулду. Жалпысынан ат оюндарына 50гө чукул ат, кунандар катышты. Өткөн жылы Түгөл-Сай айыл өкмөтү өткөрсө, кийинки жылы Байзак айылына тапшырылды.

Улуттук ат оюндарынын түрлөрүнө «Көк-Бөрү», «Кунан чабыш», «Жорго салыш» жана «Күлүк» киргизилип, жарыш кызуу өттү.

Жыйынтыгында «Кунан» чабышты 1-орунду Дыйкан айылы 15 миң сом, 2-орунду Лама айылы 6 миң сом, 3-орунду Таш-Дөбө айылы алып 3 миң сом байгеге ээ болду. «Жорго» салыштан 1-орунду Дыйкан айылы 10миң сом, 2-орунду Таш-Дөбө айылы 5 миң сом. Ал эми «Күлүк» салышты 1-орунду Таш-Дөбө айылынын күлүгү келип 20миң сом, 2-орунду Байзак айылынан 10миң сом, 3-орунду Таш-Дөбө айылдарына келген саяпкерлер алып 5 миң сом байгеге татышты. Ошол менен бирге «кыргыз күрөш» оюнунан балбандар күч сынашып акчалай сыйлактарга ээ болушса, волейбол боюнча да мелдеш өтүп баалуу сыйлактар жана эс алууга жолдомолор берилди.

Волейбол боюнча мелдешке айылдардан келген 15 курама команда катышып күч сынашты. Ар бир айыл өкмөттөгү жаш спортчулар чогулган волейбол боюнча мелдеште финалдык турга 5 команданын ичинен финалга Таш-Дөбө, Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз, Чаек командалары чыгып 1 орунга Таш-Дөбө командасы, 2-орунга Көк-Ой командасы ал эми 3-орунга Чаек командасы келди.

Байгелүү орунга чыгып  1-орунду багындырган Таш-Дөбө командасынын 12 баласына Ысык-Көлгө эс алуу келүү үчүн жолдомо берилди, ал эми 2-орунду багындырган Көк-Ой айылынын командасына 10 миң сом, 3-орун Чаек командасына 5 миң сом тапшырылды.

Спорт оюндарына КРнын Улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев күбө болду. Жалпы байге фонду 150 миң сомду түзүп ага демөөрчүлүк кылышкан Дыйкан айылынын тургуну Аман Алымкулов, Таш-Дөбө айылынын тургуну Чынтемиров Бердибек жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Адылгазы Исагуловтор болушту.

Жумгал спорт

Мирбек Асаналиев




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru