Айбат » Элдин саламаттыгын ойломуш болгондордун түпкү максаты кызматпы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Элдин саламаттыгын ойломуш болгондордун түпкү максаты кызматпы?

ден-соолукКыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин, өкмөттүк эмес уюмдардын кээ бирлери чындыгында мамлекетибизге жардам берүүгө аракет кылды. Ал эми донорлор тарабынан каржылангандардын айрым тобу болсо, өлкөнүн ички саясатына чейин кийлигише баштады. Себеби, эл аралык уюмдар өздөрүнүн ишмердигин так ушул Бей өкмөт уюмдар (БӨУ) аркылуу жүргүзүшөт. Кызык жери, алар бардык ведомстволордун каржылык иштериндеги ачыктыкты талап кылышат. Өздөрүнүкүн болсо айткылары жок. Бир учурда булар кайсыл булактар аркылуу каржыланаарын ачыкка чыгаруу боюнча демилге көтөрүлгөн. Тилекке каршы, баарылап “өкмөт акени” жакалап олтурушуп, ишти бас-бас кылышкан. Негизи айыл-кыштактарга, кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан жашоочуларга көмөк көрсөткөн өкмөттүк эмес уюмдар жок эмес. Демек, алардын иши ушул нукта кетсе нааразычылык аз болмок. Бирок, кээ бир БӨУ өкүлдөрү көрүнгөн ведомствонун ишине башын салып, бирөөлөрдүн көрсөтмөсүн аткарып жаткандыгы, тааныш эмес короого кол салгандай эле таасир калтырат экен. Ошол уюмдардын көбү (аттарын атабай эле коелу) жашы жете элек жеткинчектерге кайдагы бир батыштын “укук” маселесин эрте үйрөтүшүп, мектептеги мугалим менен окуучулардын ортосундагы мамилеге чейин аралашып, “эгер мугалим силерди чапса же урушуп койсо сотко чуркагыла” деген таалим тарбияны жаш муундардын аң сезимине азыр да куюп жүрүшөт. Айтмакчы, БӨУнун дагы бир өкүлү, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Кыргызстандагы оорулуулар фармацевтикалык таштандылар менен дарыланууда”- деген билдирүүсү менен медицина тармагында иштеп, күнү-түнү ооруканада жаткан адамдардын ден-соолугу үчүн кам жеп жүргөн ак халатчандардын ишине көлөкө түшүргүсү бар. Албетте, медицина тармагы мурдагы кубаттуу СССРдегидей каралбай, кыйынчылык тартып турган учуру.  Мурдагыдай дары-дармек менен мамлекетибиз бейтаптарды камсыз кыла албаса дагы, дарыгерлер кайрылгандарды ооруканага жаткырышып, тиешелүү дарыларды жазып берип, көпчүлүгүбүз эле сакайып чыгып атпайбызбы… Же муну дагы тангыбыз барбы? Муну менен мен жалпы саламаттыкты сактоо системасын мактап же кошомат кылайын деген оюм жок. “Медалдын эки бети бар” дегендей, “таштанды дары-дармек ичип жатабыз” таризинде бир тараптуу кеп козгогондорго жооп кылып коеюн деген эле тилек. Бир кезде жеке менин өзүмдө деле “ушул биз ичип жаткан “аптекалардагы дарылар канчалык сапаттуу болду экен (?) деген күмөн  ой болгон. Көрсө, сырттан келген дары-дармек катуу көзөмөл менен эле келет экен.  Мисалы, дары-дармек чет өлкөдөн келишим менен алынып келингенден соң, саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дарыларды камсыздандыруу департаментинен сапаты толук текшерилет. Алар “жарайт” деген уруксат бергенден кийин гана сатыкка чыгат дешет адистер. Ар бир фирма рынокко чыгаардан мурун каттоодон өтүшөт. Ошол каттоонун негизинде, атайын дарылардын тизмеси түзүлөт, тизмеге кирген дарылар медицинада колдонууга болот дегендикти билдирет.  Бул тизме менен интернет аркылуу Кыргызстандын ар бир инсаны тааныша алат.Ооба, контрабанда жолу менен киргендери да бар.  Ошол үчүн дарыкана тармагынан сырткары, дары сатууга укугу, уруксаты (лицензиясы”) жок жерлерден, тактап айтканда, базарлардан бирөөнүн колунан сатып алсаңыз дарынын сапаты жана коопсуздугу боюнча кепилдик берилбейт. Токтайым эжебиз ушул жагын эске албай калгандай. Туура ал медицина адиси болбогондон кийин жаңылыш-каңырыш кептерди угуп алып, туталанып жаткандыр. Аны да туура түшүнсөк болот. Баса бул маселени депутат Ширин Айтматова, кийинчерээк Т. Балтабаев сыяктуу депутаттар көтөрүшүп, бирок коомчулукка кайсыл дарылар элге зыяндуу болуп жаткандыгын так-даана айтып бере албай койду эле. Ток этерине эми келдик окшойт.  Көрсө, бул жерде элдин ден-соолугун ойломуш болуп, дары менен камсыз кылуу департаментиндеги башчылык орунду талашуу оюну жүрүп жатыптыр. Түшүнүктүү… Анда туура эмес маалымат таратып, маселени бир беткей көтөрүп жаткандар элдин саламаттык эмес, түбүндө өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын максат кылышкандай. Керек болсо дары менен камсыз кылуу департаментин жеке менчикке өткөрүп, сатып алуудан деле кайра тартышчудай эмес. Демек, Кыргызстандагы дары дармектер сапатсыз деген маселени көтөргөн адамдар кызматтары ар башка болсо дагы түбүндө бир кызыкчылыкты көздөгөн так картина көз алдыга тартыла баштады. Демек, парламентте отурган депутаттардын көбүнүн көтөрүп чыккан маселелеринин аркасында кайсы бир чоң мааниге ширелишкен максаттар жаткандыгын ичкериден изилдеген адам билип койсо болот. Болбосо, фармацефтика менен эч бир тиешеси болбогон (же мурда-кийин укук коргоочу катары мындай маселени көтөрүп көрбөгөн) чоң саясаттан кеп козгоп, президент болом деп жүргөн Т.Үмөталиева кайдан жүрүрп, бул маселени көтөрүп, маалымат жыйынын өткөрүп калды экен. Бул жагынан алганда, Үмөталиеванын бул кадамынан жогоруда биз атаган парламентарийлердин кулактары көрүнгөнсүйт. Дагы бир кыстырма: Үмөталиева айтат, “бизге сапаты, сертификаты жок препараттарын сатышат. “Академиялык профессорлор он миңдеген дарыларга сунуштарын жазып чыгууну жетектеп турат, булар адамды өлтүрө турган препараттар”- деп. Кудай урбадыбы… Токтайым Үмөталиева академик, профессор, кандидат, жөнөкөй медицина кызматкерлеринен бери киши өлтүргүч санайбы?  Ооруп калганыбыз жаныбыз көзүбүзгө көрүнгөндө ошолордун жардамына зар болуп, дарысын ичип айыгып жатканыбыз анда жалганбы? Фактыларга таяналы…. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 7 миң 560 аталыштагы фармацевтикалык продукция катталган. Фармацевтикалык продукциянын 5 миң 486сы дары-дармек, 2 миң 74ү медициналык жабдыктар. Ал эми мал жандыктарына багытталган препараттарды каттоо КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тийиштүү структурасына берилген. Былтыр Кыргызстанда 19 млн сомдук фармпродукция сактоо жана пайдалануу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2012-жылы Кыргызстанда сертификациядан өтпөгөндүктөн 21 миллион сомдук дары-дармектер жок кылынган.. Былтыр болсо 19 миллион сомдук продукция сактоо жана пайдалануу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жоюлган. Министрлик тарабынан дары-дармектерди даярдоого жана сатууга 1 миң 111 лицензия берилген.

Адистердин айтымына караганда, дары-дармек пайдалуу, ошону менен катар зыян да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, анын зыянсыздыгы жана коопсуздугу текшерилиши керек. Бул оор жана көпкө текшерилүүчү процесс. Кээ бир учурларда алты айга чейин созулат. Баардык чыгымдар монополияга каршы комитет тарабынан бекитилген. Ага болбой эле, “департамент дарыны каттоо үчүн чоң акча алып жатат” деген жалган сөздөрдү чыгара калышат. КМШ мамлекеттеринин ичинде каттоо үчүн бизде аз акча төлөнөт. Ошондуктан, препараттын баасынын көтөрүлүшүнө эч кандай таасир этпейт. Негизи дары чыгаруучу заводдор ар жыл сайын өндүрүшүн модернизациялайт. Андыктан, курамы өзгөрөт, упаковкасы, дизайны ж.б.у.с. Демек, жасалма препараттан коргоо үчүн каттоо кылынат.

Кыргызстанда дары-дармек каражаттары тууралуу мыйзамда, дары-дармектерди жана медициналык техниканы аптекалардан тышкары жерлерде сатууга тыюу салынган. Ага карабастан сатуучулар “ар кайсыл базардын бурчтарында тура калып сатышууда. Бирок, сатуучуларда дарылардын сапатын далилдеп турчу сертификат жок. Тилекке каршы, билбеген адамдар бул сатуучуларды дары менен камсыз кылуу департаментине байлап, чоң жаңылыштык кетиришүүдө. Экинчиден, дооматчылардын лицензия боюнча да дооматтары негизсиз экендиги буга чейин далилденген. Анткени, лицензияны департамент эмес, министрлик берет. Лицензиялардын акчалары үч күндүн ичинде бюджетке түшөт. Лицензияны атайы уруксат менен бере турган комиссия бар. Үч күндө ал акча бюджетке которулуп берилбесе салыкчылар тарабынан айып пул салынат.

Негизи дары-дармек маселеси боюнча чуу чыгаргысы келгендердин түпкү максаты белгилүү болду. Бирок, Т.Үмөталиева эмне себептен кокусунан эле бул маселени көтөрүп чыга калды?  Маалымат жыйынында, ал “мен миңдеген долларларга дары алып дарыландым, оң таасир берген жок” деп, бизди кошо таң калдырды. Мынча болду, кайсыл дары таасир бербей койгондугун коомчулукка жарыя кылып койсо болмок. Же мобул дарыңар эскирип кетиптир деп, дары алган аптекасына, болбосо тиешелүү органдарга  кайрылганы оң болмок. Айрым кызыктар топтордун сөз учугун улагандан көрө. Анын көтөргөн маселелери да кызык. Бир туруп, “Кумтөр”,бир туруп, “МВД”, бир туруп, июнь окуясы же паспорт же “конституцияны оңдош керек”, жоюш керек, союш керек…..   

Кыргызстандын ар бир жараны өз оюн айтканга укуктуу. Бирок, жалган маалыматты таратуу, жок жерден бир ведомствону жаманатты кылуу кадыресе эле көрүнүш деген берене мыйзамда жок да. Ошондуктан, “ойноп сүйлөсөк да ойлоп сүйлөсөк” кимибизге болбосун жарашчудай. Эң негизгиси ар бир маселени жети өлчөп бир кезсек. Болбосо бири-бирибизди чукуганды адат кылып,  ак адамды кара кылганга катуу маш болуп бүттүк окшойт.

 Улукбек Кутманбаев

           



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru