Айбат » Көйгөйлөргө жамынып, тыңчылык кылышабы? БӨУлар тууралуу дагы кеп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Көйгөйлөргө жамынып, тыңчылык кылышабы? БӨУлар тууралуу дагы кеп

Төлөйкан ИсмаиловаКыргызыстандык укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын Ташкенге жолсуз сапары биздеги укук коргомуш этип, чынында таптакыр башка иштерди тымызын жасап к+н көргөн уюмдардын маселесин дагы бир жолу талкулоого мажбурлайт. Ушул өңүттөн алганда «Prudent Solutions» талдоо борборунун директору Эсен Усубалиевдин мамлекеттин коопсуздугу тууралуу жакында жапырт маалымдоо каражаттары аркылуу айткандары терең ойго салат. Жаш эксперт көп жылдардан бери коомчулукта кеңири талдоого алынып, бирок жогорку деңгээлде татыктуу көңүл бурулбай келаткан талуу маселени дагы бир ирет козгоду.

Кыргызыстан эгемендик алгандан бери өлкөнү ар түркүн багытта аракеттенген чет элдик уюмдар  кара таандай каптаганын ким танат? Негизгилерин эле алсак, алар  дин, адам укугу, чек ара чатактары, жаштар маселеси, аялдардын теңчилиги, саламаттык сактоо, жыныс тарбиясы багыттарында иштешет. Көрүнүп тургандай, коомдогу абдан талуу, көйгөйлүү, талаш-тартышты, ал тургай тиреш-кагылышты дароо пайда кылчу тармактар. Байкаган кишиге тиги бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын түпкү максаттары ушундан эле билинип турат. Ушундай талуу маселелерден пайда таап, мителик кылган,  жергиликтүү бийликтерди көзгө албай, же алардын коюн-колтугуна кире коюп, борбордогу чиновниктерди да “колго алып”,  тескери тегирменин тегереткен  тентек БӨУларды мисалы, Өзбекстан менен Казакстанда эбак эле тизгини тартып коюшса, Орусияда  кеч болсо да түшүнүп, атайын мыйзамдар аркылуу кууп чыгышты. Ошол БӨУлар адатта  БУУ, ПРООН, ЮСАИД, “Сорос” Фонду, Качкындардын эл аралык уюму, Балдар укугун коргоо Конвенциясы  сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдардын атына жамынып иш кылышат.

Кыргызыстанда коом, аң-сезим  алмашкандагы өткөөл замандын  тоодой таштандыларынан жаңыдан арылып келаткан  расмий бийликтин кемчиликтеринен, сансыз көйгөйүнөн пайдаланып, кумурскадай жайнап, бөйүдөй бөгүнүп аракеттенген БӨУлар эрке талтаңдай эле жүрүшөт. Мисалы, дегеле кыргыздын канында, оюнда жок  нерселерди ойлоп таап, эркекти эркекке үйлөнткүсү, адам баласынын жынысын алмаштыргысы келген  “Лабрис” аттуу уюмду уккан-билгендер болсо керек. Жакында өлкө  борборунун чок ортосу аркылуу кызтекелер жүрүш-парадын уюштурабыз деп оолугушпадыбы. “Лабристин” мындай уят-сыйытсыз  саясатын атагы таш жарган биздин Акыйкатчыбыз да колдоору тууралуу маалымат каражаттары айтып чыкты го. Эми, Тукебиздин буга жообу  даяр. Себеби, ал баарынын укугун коргошу керек. Бирок, адегенде улут менталитетин, тиги кызтеке-жалаптарга булгатпас  ыйык  каада-салтты, үрп-адаттарды, дегеле кийинки муундар тагдырын ойлош керек го. Демейде: “Кыргыз эле кыргыз!!”, “Улут өлдү! Тил өлдү!”, деп бакырып-өкүрө төшүн койгулаган атуул-патриоттор мындайда былтыйып, үн катпай калганы кызык.

Биздеги адам укугу үчүн жанын бергенге даяр БӨУлардын чын жүзүн мындан үч жыл мурдагы Ош коогалаңында көрдүк го. Эки элди элдештирип-жараштыргандын ордуна биринин укугун экинчисинен артык коргоп, жалаң башка улуттар  кыргыздан запкы-кордук көргөндөй кылып бүт  дүйнөгө жайышпадыбы. Өлкөдөгү чыныгы абалдан кабар-маалыматы чала же таптакыр жок, дагы атайын тапшырма менен келишкен  чет элдик комиссиялардын арыгын жакшы эле чаап беришти. Албетте, бизде иштеген “адам-укукчулар” ошол Батыштан каржылоочуларынын тамагын жеп табагын тепсе, анда арам  болушпайбы. Ошондон улам, жырткычтык менен киши өлтүргөнү үчүн кыргыз соту тарабынан энчисин алган Азимжан Аскаров сыяктуулардын укугун эмдигиче безелене коргоп келишет. Анысы менен улуттарды жараштырып, тынчытмак турсун, кайра от жагып жатышканын билсе да билмексен, биздеги укукчу  БӨУлар.

Жогоруда айтылгандардан жана дагы козголо элек көптөгөн маселелерден улам, биздин өлкөдө иш жүргүзгөн сансыз БӨУлар чынында эле башка мамлекеттердин таламын талашып, ар түркүн талуу маселелердин аркасы менен алардын чалгынын чалып, Кыргызстанда кыбыр эткендин баарын эбак тизмектеп, талдап, жиликтеп-устукандап коюшкандай. Демек, биздеги бейөкмөт уюмдардын чыныгы ишин тыкандык менен  калыс иликтеп, текшерип чыкканга убакыт жетти десек болот. Андыктан, бул ишти коомдогу ар түркүн катмарлардын, мамлекеттик мекеме-уюмдардын, буга кызыккан жарандардын, аймактардын чыныгы абройлуу өкүлдөрүнүн, наам-даражасына эмес, накта билимине таянган адистердин, илимпоздордун  катышуусу менен тезинен жүргүзүү зарыл.   Себеби, бул маселе биринчиден, Кыргызыстандын улуттук коопсуздугуна, экинчиден,  өлкө келечегине  түз тиешелүү болуп турат.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru