Айбат » Бишкек башчыга “кычкыл” сунуштар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкек башчыга “кычкыл” сунуштар

Мени тээтиги союз учурунда эле куруп башташкан  20  жылдан ашык убакыт өттү же жолум ачылбай койду. Ачылса менин үстүмөн зымырап унаалар өтүп, бир тууган “агаларым”  Чүй проспектиси менен Горкий “байкем” кичине кыйналбай калышат эле. Агаларымдын үстүнөн желип-жорткон   унаалары тыгылып калса абдан жаман кыйналып, ал эми  оңдоо иштери болуп, мени менен өтүп турушат эле…!!!  Мына ушундай ойлорду ортого салып шаары башчы Иса Өмүркуловго кайрылмак, эгер көчөлөрдүн адамдыкындай тили безеленип,  аң сезими болгондо …

тешикСөз болуп жаткан Бишкектин көчөлөрү, Курманжан Датка  көчөсү менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосун бириктирип турган Лев Толстой көчөсүнүн уландысы…  Булар долбоор  боюнча ал көчө Чолпон-Ата жолуна  кошулушу керек экен, адисттердин айтуусу боюнча. Бирок, сөздөн нары иш болбой келген. 2013-жылдын жайында курулуш иштери башталган, бирок, жай бүтө электе токтоп калды, ишенбесеңер азыр барып карап көргүлө тып-тынч эч курулуш иштери көрүнбөйт. Күндөн- күнгө көбөйүп жаткан калк саны көчөгө батпаган унаалар… Кыскасы калаалыктар кыйналып жаткан учуру. Аны баарыбыз билебиз, таңдайды тарсылдатып, шыпшынып айтканыбыз менен көчөлөрдүн кебетеси дале ушунакай…  Кыстырма мисал, ушул жылдын июнь айында Алматы менен Чүй проспектисинде унаалар сүзүлүшүп, көчө такыр жабылып калды, анысы аз келгенсип Горький көчөсүн оңдоо үчүн жабылып турган, Жибек-жолудан өтө алышпай байкуш унаа айдоочулар кантип Бишкектин чыгыш жагына өтүп кетээрин билбей бир нече саат  тыгындар тыгылып турушуп барчу жерлерине кечигип айлалары кетти. Мындай мисалдарды күнүгө көрүүгө болот. Аны жөнгө сала турган жол көзөмөлдөгүч акелерибиздин болсо, ою акча табуу. Муну айтпаса да белгилүү болбосо, жол тыгындарын көзөмөлдөй албай, өтө-ө эле кечигип келишкендиктерин бишкектиктердин ар биринен сурасаң айтып берет.

тешикИса Шейшенкуловичке сунуш катары айта кетсек,   Лев Толстой көчөсүнүн уландысы Чолпон-Ата андан ары Аламүдүн 1 кичи райондоруна чейин созулса Бишкектин жолдору тыгындардан арылмак.  Мэр “байке” ушул кез качан келет?  Ушуга жооп бериңизчи же Кудайдан тиленгенден башка кудуретибиз жетпейби?..

Көчө арманын “озондоткон” Изат сынчы




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru