Айбат » Жанна Усубалиева кайсы саясатчыны мээлеп жатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жанна Усубалиева кайсы саясатчыны мээлеп жатат?

Жанна УсубалиеваЖанна Усубалиева2Теле алып баруучу, ди-джей, актриса деги койчу бардык жактан таланты ташкындаган кыргыздын сулуу кызы жанна Усубалиева менен маек.

- Жанна журналистикада ким менен тең тайлашып ким менен атаандашасың?

– Ар бир инсандын жаратканым тартуулаган кең жолу бар. Ошол жол бирде  кууш болсо бирде кең болот, бирде өйдө болсо бирде төмөн болот эмеспи. Бул кесибим жараткан тартуу кылган чоң белек десем жаңылышпайм Кубанганым бул тармака келгенден бери баскан жолу тарыхта калган агай эжелер менен таанышып алардын кеп-кеңешин угуп келем. Чынын айтсам мен бул алып баруучудан калып калдым жетейин деп деле ойлонбоптурмун жөн гана кээ бир журналисттердин ишмердүүлүгүн баалап ошолордой болгонго аракет кылышым керек деп эсептейм. Атаандаш катары эч кимди көрбөйм ар бир алып баруучунун өзүнүн өзгөчөлүктөрү же имиджи болуш керек.

- Кайсы саясатчынын ишмердүүлүгүн абдан баалайсың жана кайсы саясатчы эркек катары жагат?

– Мен алып барган программалардын дээрлик баардыгы көңүл ачуучу болгондуктанбы айтор саясат жагына кызыкпайм. Бирок  өлкөнүн өсүшүнө салымын кошуп жаткан инсандар бар бирок аз деп ойлойм. Анткени ар бир саясатчы үй-бүлөөсүн ойлогондой мамлекетти ойлосо эл эчак эле оңолмок. Ал эми мырза катары саясатчылардан бөлүп атабай эле койгонум туура го. Ошентсе да мырза катары баалаганга татыкттуулар бар.

- Эгер сен жактырган саясатчы же бизнесмен экинчи аял кылып алам десе макул болмоксуңбу?

– Менин жашоомдо андай болушу мүмкүн эмес деп ойлойм жана андайдан кудай сактасын. Экинчи аял бол өлтүрөм десе да андай жолго барбайм. Ар бир кыз кандайдыр бир жашоо жолун тандоодон мурун жакшы ойлонуусу зарыл. Арканды алыс таштап, терең ойлонуп иш кылышса өкүнүшпөйт болуш керек.

- Экинчи аял болуп тийген кыздарга карата пикириң?

– Байлыгына кызыгып өзүнөн 20 -30 жаш  улуу адамдарга экинчи аялы болуп турмушка чыккандар бар. Ортолорунда эч кандай сүйүү жок эле эптеп күн көрүп жүрүшөт.  Алар мага аянычтуу көрүнөт. Мен буга каршымын биринчи жары болуп ал адамга биринчи наристени тартулоого не жетсин.

- Дайыма бир калыпта сулуу болуп жүрүш үчүн күн сайын сулуулук салондоруна барып турасыңбы?

– Күнүгө салонго барыш үчүн биринчиден убакыт деле жок. Бирок айым болгондон кийин ар дайым сулуулук каражаттарынан пайдаланып өзүбүздү карап жүрүшүбүз керек анан көпчүлүк айтат го сулуу болуш үчүн бардыгын тынч уктоодон башташ керек, – деп. Бул ойго да толугу менен кошулам. Анан албетте бир четинен  жумушума да  байланыштуу десем болот. Күнүгө болбосо да салонго жумасына  2 жолу барып турам .

- Сулуулугуңдун пайдасы көп тийеби  же зыянын көп тартып каласыңбы?

– Зыянын тарткыдай  ушунчалык сулуумун деп айтпайм. Албетте, кудайга шүгүр келбетим  пайдасын эле тийгизип калат. Айта кетсе жакында эле МАИчилерге түшүп калдым  жылдыздуу экенсиз деп жөн эле койо  беришти. Мына ушул сыяктуу  нерселерге жарап калат.  Анан кайсыл жерге барбайын жагымдуу же жакшынакай экенсиз деген сөздөрдү  угуп калам .

- Телеге чыкпаганыңда азыркыдай атак-даңкка ээ болмоксуңбу?

– Чон атака жетишип телеге келип кыйратып салдым дегенден алысмын. Албетте, радиого салыштырмалуу телеге чыкканда көбүрөөк элге таанылууга мүмкүнчүлүк болоору айтпасак да белгилүү. Анан өзүңө берилген жоопкерчиликти сезип ар дайым аракет кылсаң сөзсүз эл сүймөнчүлүгүнө ээ болосуң. Бардыгы оңой эмес ошончолук эмгектин артында атак-даңк күтүп турат деп эсептейм.

- Эфирден кеткен каталарыңды өзүң байкайсыңбы?

– Албетте өзүңдүн каталарын өзүңө байкалбай койбойт. Ошол эле учурда башкача суроо берип же башкача сүйлөп алып анан  ойлонуп каласың туура эмес кылдым,мындан ары даярданышым керек деп. Кийинки эфирине даярданып дегендей. Мындан сырткары менин эфирлеримди дайыма көзөмөлдөгөн улуу эжем бар. Ал ар бир эфиримди көрүп, сындап   турат. Ал тургай даярданып чыксаң боло деп урушуп да турат .

- Сени актриса катары да таанышат. Киного сунуштар түшүп жатабы?

– Буга чейин 2 киного кичинекей эпизод менен катыштым жана эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Токтобубу Черикчиева эженин аткаруусунда «Биз экөөбүз» деген ырдын клибине тартылдым. Бул мен үчүн чоң кубаныч десем болот. Жакында дагы бир клипке сунуштар болуп жатат буйурса ишке ашып калса жакында ал клипке да күбө болосуздар. Ал эми кино боюнча айтсам «Президент жана бомж» тасмасынын продюсери жайкы аптапта  дагы бир жаңы кино баштаганы турат, ошол тасмага да тартылуу оюмда бар.

- Быйылкы жайкы эс алууңду кайда өткөрүүнү пландап жатасың?

– Биринчиден кичи мекеним болгон Нарын шаарына караштуу Жан булак айылына барып бир чети эс алсам бир жагынан үйдөгүлөргө жардам бергени баруу алдында турам. Мындан сырткары кыргыз бермети болгон Ысык-Көл жергесине да барбасак болбой калат го. Ошондой эле  жайдын аяк жагында кудай буйурса чет жака чыгып келүү планымда бар.

- Кандай жигиттер кыжырыңды кайнатат дагы кандай жигиттер жүрөгүңдү жибите алат?

– Биринчи жакшы жагынан баштайынчы, мага эң негизги жигиттердеги баалаган сапат бул пунктуалдуу мырзаларды баалайм жана ошону менен катар эмгекчил, сыйчыл спорт менен дос болгон,   бою узун балдар жагат. Кыжырга тийгендер боюнча айтсам, мактанчаактар, сөзүнө турбаган, спирт ичимдиктерине өтө эле жакын жалкоолор жакпайт.

- Чыныгы кыргыз жигити кандай болсо дейсиң?

– Чыныгы мырза деген атка татыктуу болсо дейм. Биринчиден эр жүрөк, ыймандуу, эмгекчил айтор ушул сыяктуу жакшы сапаттарды айта берсем бардыгы келип чыныгы мырза деген сөзгө жооп берет болуш керек.

- Азыр андай жигиттерди кезиктирүүгө болобу?

– Албетте, жашоодобузда эң жакшы деген баага татыктуу мырзалар   бар  деп ойлойм. Бүгүнкү күндө  карап турсаң жашоонун азабынанбы же диндин жетишсиздигиненби  же кандайдыр бир себептерденби айтор табылышы оордой. Ошондой болсо да,  кыргыздын чыныгы мырзалары бар.

- Бул жашоодо эмнеден коркосуң жана акыркы убактарда сени ойлонткон нерсе ?

– Бул жашоодо биринчиден кудайдан корком жана жалгыздыктан корком десем болот. Ал эми мени ойлонкон нерселер боюнча айтсам , жалпы жонунан алганда бүгүнкү күндө көп митинг, пикеттер болуп жатат ошолор качан токтойт деги эле бейпил турмушта гүлдөгөн, өскөн мамлекетке жетишебизби деген суроолор ойлонтот. Ал эми өзүм жөнүндө айта турган болсом, убакыттын жеткендигинен уламбы «качан турмушка чыгасыз?» деген суроону көп ойлонуп  атам.

Төлөбүбү Касымалиева



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru