Айбат » Мырзаевдин муң кайгы, кыйкыралы, турбайлы!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мырзаевдин муң кайгы, кыйкыралы, турбайлы!

Мырзаев

Акыркы  кезде кыргыз жергесиндеги «дүжүр митингичилердин» катарында А.Мырзаев деген адам пайда болду. Асмандан түшкөнбү десек кечөөкү элеАкаев доорунун саркындыларынан экен. Болгону аты-жыты билинбеген, көлөкөдөгү көп  адамдын бири тура…

Мурун А.Мырзаев УКМКда иштеген. А.Акаевдин жарыгы тийип, тактап айтканда Топоев менен туугандык чатышынын аркасында  Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгы кызматын кучактап отуруп калган. Банктагылар Мырзаевди алгач  иштерман иш билги кызматкер экен деп ойлошкон. А бирок анын таскагы бара-бара катуулап, иштермандыгы  тыйын жасоо жагында, пачкелеген акчларды бүкүлү жутуп иймей  «ит оорусу» кармап кеткенде билинет…

Мырзаевдин кылган иштери айкындалып башына укурук салынаарда томпойгон Топоевди ээчип 2005-жылы Москвага кире качат. Генералдын коргоо министри болуп жүргөндө көп кишиге пайдасы тийген экен. Өзү  мамлекеттик курал-жарактарды камсыздоо тармагында иштеп, Мырзаевди болсо Башкы чалгындоо  башкармалыгына орноштурат. Бул жерде да Мырзаев жөн иштей албай «Кыргызстандагы саясатты жакшы билем. УКМКда  достор иштеп жатат», кыскасы  оозуна келгенди оттойт.  Башкы чалгындоо башкармалыгындагыларга  Мырзаевдин сөзү майдак жакканбы же чын эле аны сынап көргүсү келишкенби, акыры аны Кыргызстанга жөнөтүшөт. Мырзаевдин милдети Кыргызстандагы Ганси авиабазасын чыгарууга көмөктөшүү,коомчулукту козутуу болот.  Бул үчүн   2012-жылы ага атайын акча  каражаттары да бөлүнөт. Митинг өткөрүү, өпкө көпкөнгө чейин «Ганси кетсин!» деп кыйкыруу, кыскасы, уюштуруу иштеринин баарына колунан келишинче чуркайт. Мээнетинин акыбети кайтып тегерегине Ыргалай Бекмуратовага окшогон  жалаң дүжүр митингчилер чогулат. Акыры Мырзаевдин эч нерсеге жарамсыз мажирөө адам экенин  билишкенден кийин аларың акчасын саап басып кетишет. Мырзаев эмне кылат? Жыйынтык болсо жок. Акчанын отчетун  болсо күтүп жатышат. Алапайын таппай жаткан чакта, Мырзаевдин кыйкыргандан башка колунан  кокон тыйын келбесин жакшы түшүнгөн Сабыр Жапаров, Ганси базасын кетирүүгө кошуп агасы Садыр Жапаровдун бошотулушун колдоону  талап кылып акча жагынан жардам берүүгө макул болот.  Мырзаевде болсо башка арга жок эле. Тегерегиндегилердин куурчагына айланды да калды. Башкага болсо мээси жетпейт. Көрөңгөсү тайкы.  Азырынча анын оозун тыйган киши да жок. Андай болгондон кийин кызыл өңгөчүң көрүнгөнчө кыйкыра бер! Сени ким тыят? Кыргызстан митингстан болгону качан. А Мырзаевге окшогон  «дүжүр куурчактар» четтен чыгат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru