Айбат » Турсунбай Бакир уулу: Жапайы табиятта эс алганды жактырам

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Турсунбай Бакир уулу: Жапайы табиятта эс алганды жактырам

Турсунбай Бакир уулу

1 июлда парламенттик каникул башталса мен адаттагындай эле июл айын толук иштейм, анткени: 1) бүтпөй калган мыйзам жана токтом долбоорлору калган. Аларды 1 сентябрга даярдашым керек! 2) Шайлоочулардын арыз-муундарын күзгө чейин бүтүрүшүм керек, анткени карызы жок ишти баштайын деген ой бар! Мисалы, бүгүн эле көп адамды кабыл алдым. Бүгүн кабыл алуумда түрдүү маселелери менен 40 киши болду. Анын ичинде: үйүн аферисттерге же банкга тарттырып жибергендер (4 киши), сотко жана прокуратурага нааразы болгондор (4), жер тилке же батир алабагандар (7), 8-10 баласы бар болуп “Баатыр-эне” наамын алалбагандар (2), акчалай жардам сурап келгендер (3), оогандык кыргыздардын тагдыры боюнча (2), күйөөсү менен ажырашуу маселеси менен (1), Араб Эмиратта баласы абакта жаткандыгы жөнүндө (1), Оруссияда Иркутск ш. баласы орус   бандиттерден ок жеп реанимацияда жаткан жигиттин энеси (1), жумушка орношуу боюнча (2) жана башкалар. Анын ичинен катуу таасир калдырган жолугушуулар: Үйү жок, 8 жана 10 баласы бар энелер пропискасы жок үчүн бири вагондо, бири чатырда жашайт экен. Жумушсуздук жана көп балалуу үй-бүлөө катары мамлекет тарабынан жөлөк пулду ушул күнгө чейин бир да тыйын алышпаптыр! Жардам берүүнү өз мойнума алдым. Сокулук районунан 77 жана 76 жаштагы эки аксакал Ооганстандагы кыргыздар жашап жаткан жерди Кыргызстанга кошуу маселесин көтөрүп көрбөйсүзбү деп келишиптир. Жана ошол аксакалдар Туркиянын Ван аймагында жашап жаткан кыргыздарга мектеп китептерди жана мугалимдерди Кыргызстан тараптан жөнөтүү маселесин көтөрүштү. Иркутскта джиу-джитса боюнча шаардын чемпиону болгон кыргыз жигит орус криминалга баш ийбей акыры алардан далына жана башына ок жеп реанимацияда жатып калгандыгы. Дарылоосуна өтө көп акча кетип энеси жардам сурап келгендиги. Иркутскте жашап жаткан кыргыз диаспорасына рахмат: колунан келишинче акча чогултушуп жардам берип жүрүшүптүр! Аллахым алардан ыраазы болсун! Баптист болгон кайненесинен качып чыккан келинден да Аллахым ыраазы болсун! Эми аны ишке орноштуруунуа мойнума алдым. Дагы бир жаш келинди боюнан эки жолу эгиздерди түшүртүп, кичинекей уулу менен көчөгө чыгарып башка келинге үйлөнүп алган айбан күйөөсү да эркек эмес экен! Араб Эмиратта түрмөдө олтурган баласы Рамазан айында жарыялана турган мунапыс жөнүндө мыйзамга илешеби экен деп үмүттөнгөн байкуш ата-энеси. Кана эми Кыргызстанда да ар бир Орозор убактында мунапыс жөнүндө актыларды Президентибиз жарыяласа! Жапайы табиятта же Ысык-Көлдө эс алууну жакшы көрөмүн. Үйдө болсо жактырган телеканалдарды көрүүнү жакшы көрөм. Балдарымда каникул башталды. Алар менен кошо небирелерди алып алып, буюрса жаратылышка чыгып келемин.

Токтогул Туманов: “Ысык-Көлдө жана Алайдын жайлоосунда эс алам”

Каникул башталганы менен биз дайыма шайлоочуларыбыз менен, эл менен тыгыз байланышта болот эмеспизби. Ошондлуктан жер-жерлердеги шайлоочуларымдын баарына жоолугуп, чечилбей жаткан маселелерин чечип, көйгөйлөрүн угам. Анан албетте, эс алууга да убактымдын анча-мынчасын бөлүп, үй-бүлөм менен кыргыз керемети Ысык-Көлгө барып эс алам. Андан кийин абасы таза, суусу тунук, табияты кооз Алайдын жайлоосуна барып кымыз ичип, табияттын кучагында бардык көйгөйлөрдү бир канча күнгө унутуп эс алам деп пландап жатам.

Каныбек Осмоналиев: Үй-бүлөм менен эс алам

Жогорку Кеңештин Ысык-Көлдөгү Алтын көл пансионатында балдарым менен эс алам. Андан кийин 1-августтан баштап, Бишкекте он күн иштейм дагы жумуш башталат. Менин жайкы эс алуум ушул. Мындан сырткары он күн убакыт болуп калса, балдарым менн Сары-Челекке жана Жети-Өгүзгө барып келсекпи деген планыбыз бар. Чет жакка чыгуу тууралуу планыбыз да оюбуз да жок. Ага биздин чамабыз да жетпейт. Кызым атты кинодон гана көргөн, ошондуктан быйыл ат минем деп суранып атат. Ошондуктан кызымдын суранычы биринчи орунда. Балам болсо балыкты столдон жана дүкөндөн гана көргөн. Ошондуктан аны да балыкка алып барсамбы деп пландаштырып жатам. Кыргызстандын өзүнүн кооз жерлерин пландаштырып жатабыз.

Мамытбай Салымбеков: Кайда эс алаарымды билбейм

Мен каникулга чыкканда кайда эс ала турганым тууралуу азыр ойлоно да элекмин. Негизи эле быйылкы жылы эс алууну пландаган жокмун. Ошондуктан кайда эс алаарым азырынча белгисиз.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru