Айбат » Өз келечегиңди камсыз кыла көр, дыйкан!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өз келечегиңди камсыз кыла көр, дыйкан!

фермер

Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде юридикалык жактарды түзбөстөн иш алып барышкан дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрүн жана жер үлүшүнө ээ болушкан физикалык жактарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камтууда көйгөйлүү маселелердин көп экендигин турмуштук тажрыйба айгинелеп келатат. Алардын ичинен, менин оюмча, алыскы айыл тургундарынын басымдуу көпчулүк бөлүгүнүн камсыздандырылган жарандар статусун алуу жолундагы өзөчө белгилей турган тоскоолдутардын бири – тиешелүү деңгээлдеги укуктук-ченемдик иш кагаздары жөнүндөгү маалыматтар менен тааныш эместиги болуп саналат десек жаңылышпайбыз.

Жашырбай эле айтышыбыз керек, жер-жерлерде айыл тургундары менен болгон жолугушууларда, өз ара пикир алмашууларда айылдыктар арасында дыйкан (фермер) чарбаларынын айыл чарба жерлери жана физикалык жактардын жер үлүштөрү үчүн жыл сайын төлөнүүчү жер салыгы менен ошол эле жер аянты үчүн төлөнүүчү камсыздардыруу төгүмдөрүнүн айырмасын толук билишпегендиги байкалууда. Айрым дыйкандар мамлекеттик салык органдарына төгүлгөн жер салыктарынын квитанцияларын көрсөтүшүп, алардын негизинде пенсия курагы келгенде пенсия чегерүүнү талап кылган, же болбосо, саламаттык сактоо мекемелерине барып милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдиктерин талап кылган учурлар көбүнэсе кездешип келүүдө.

Ишибиздин сапатын жогорулатууга тиешелүү адистердин жетишпестиги да терс таасирин тийгизбей койбойт. Социалдык фондунун райондук жана шаардык башкармалыктарынын кирешелер бөлүмдөрүнүн ар бир адисине 3-4 төн айыл өкмөттөрү, 7-8 ден калктуу пункттар туура келет. Айыл жеринде тиешелүү транспорттук байланыштын жана сапаттуу деңгээлдеги коммуникациялык кызматтардын начардыгы, айылдардын район борборунан 60-70 км алыстыкта чачыранды жайгашуусу да калктын калың катмарын социалдык камсыздандыруу менен камтууда кыйынчылыктарды жаратууда. Ошондуктан райондук башкармалыктардын кирешелер бөлүмдөрүнүн адистерин ошол алыскы айылдардын жаштарынан тартуу маселесине өзгөчө көңүл буруу талабы  коюлуп ккелаткандыгы бекеринен эмес.

Ал эми дыйкандар 20-30 сом камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп коюу үчүн 60-70 сом жол кире кетрип атайын район борборлоруна барууга чамасы да келбейт, мүмкүнчүлүгү да тайкы. Дээрлик көпчүлүк учурларда дыйкан чарбаларынын башчысы же үй-бүлөнун башчысы камсыздандыруу төгүмдөрүн өзүнүн жеке атынан төлөп коюп, дыйкан чарбасынын же үй-бүлөнүн калган эмгекке жарактуу мүчөлөрү мамлекеттик камсыздандыруу саясатынын сыртында кала беришет. Бул жерде Социалдык фондунун райондук жана шаардык башкармалыктарынын кирешелер бөлумдөрүнүн адистеринин кайдыгерлигин да белгилей кетишибиз керек, алар тарабынан атайын типографиядан басылып чыгарылган дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө квитанцияларын дайыма эле толук толтурула бербей калган фактылар кездешет.

Мына ушул себептен айыл тургундары сыркоолоп калган учурда саламаттык сактоо мекемелери менен Социалдыке фондунун райондук башкармалыктарынын ортосунда ары-бери чуркап, убара тартышкандыктарынын себеби төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн аларга бөлүнүп жазылбагандыгынын кесепетинен келип чыккандыгын бардык айылдык тургундар билишсе жакшы болмок.

Эң негизгиси биз айылдык жашоочулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн маанисин жана максатын, анын учурда жана келечекте жарандарга тийгизе турган пайдасын түшүндүрүүгө басым жасашыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду айылдын элинен камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноосунун максаты бюджетттин киреше бөлүгүн толтуруу эмес экендигин, ал жөн гана элет элине келечекте пенсиягы чыгуу үчүн камсыздандыруу стажын топтоонун жеңилдетилген жолу экендигин ар бир айыл тургуну билүүгө тийиш деп ойлоймун.

Мисал катары Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Саттарова Турган эже менен болгон өз ара пикир алмашуунун жүрүшүндө түшүндүрүлгөн жагдайды баяндап берүүнү туура көрдүм. Турган эже өзү жаш кезинен тартып медициналык чөйрөдө мээрман айым катары эмгектенип пенсия жашындагы инсан. Анын үй-бүлөсүнүн 0,5 га сугат үлүш жери бар, ал жерде үй-бүлөнүн 4 эмгекке жарамдуу мүчөсү дыйканылык кылышат. Жер салгынын ченөлчөмү боюнча Баткен районунун сугат жерлеринин ар бир гектарына 268 сом жер салыгы белгиленген. 0,5 га жер үчүн Саттарова Турган эже жылына 134 сом камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшү керек. Бул суммана үй-бүлөнүн 4 мүчөсүнө бөлүштүрсөк ар бир жанга жылына 33,5 сом төлөнөт, ал эми ар бир айга бөлүшүрсөк 2,8 сомдон туура келет.

Диалогдун жүрүшундө Саттарова Турган эже өзүнөн башка ишсиз жүргөн үй-бүлөсүнүн калган 3 мүчөсү айына болоор-болбос акча каражатын камсыздандыруу төгүдөрүнүн эсебине төлөп коюп, тиешелүү камсыздандыруу стажына ээ болуп, пенсия курагы келгенде эл катары пенсия чегериле тургандыгын толук түшүндү жана бул төлөмдөрдү үзгүлтүсүз жүргүзүп, балдарынын ар бирине өзүнчө бөлдүруп жаздырууну талап кыла тургандыгына толук ынанды. Кала берсе камсыздандыруу төгүмдөрүн жыл башынан эле төлөп коюп, камсыздандырылган жарандар катары жыл бою медициналык тейлөөнүн жеңилдиктеринен пайдалана ала тургандыгына кызыкандыгын билдирди.

Демек, алдыбызда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети турат. Бул маанилүү ишке жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптан тартуу учурдун талабы болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да бул орчундуу социалдык милдеттен четте калбоосу керек, анткени алардын эл менен түздөн-түз күндөлүк иш алып барууга мүмкүнчүлүктөрү өтө көп.

Жыйынтыктап айтканда, айылда жашаган ар бир атуул жер салыгынын ченөлчөмундө камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөп коюп, биринчиден, камсыздандырылган жарандар катары белгиленген мамалекеттик социалдык кызматтардын жеңилдиктеринен бүгүн пайдалана алса, келечекте бул топтолгон камсыздандыруу стажынын негизинде келечектеги пенсия чегерүүгө мыйзам ченемдүү негиз түзө алат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru