Айбат » Карыганда калжактабай эле койсо…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Карыганда калжактабай эле койсо…

чал

Пайгамбар жашына жакындап калган актер Акылбек Мураталиевдин карааны негедир Кыргызстанда көрүнбөй кеткен. Көрсө учурда Москва шаарында “эмдөөчү” болуп тамыр кармап, көзүачыктык кылып акча таап атканын уктук. Мындай шыпаагер болуп кеткени кубанычтуу кабар болгону менен, ал жактагы мигранттардын түмөн түйшүгүн чечкен азаматтарга акча сурап кайрылганы аз келгенсип, жетиштүү жардам ала албай калгандарды өкүртө шыбап, бирин экин басылып чыга баштаган россиялык басылмаларга журналист болуп иштеп кетиптир. Кызыгы, “духовный лидер болуп берем” деп көп жылдан бери Россияда жашап орусташып калган кыргыздардын ынтымагын ыдыратып, мусулманчылыкка жатпаган ар кайсы шумдуктун башын бир айтып, коомчулукка жакпагандан кийин четке сүрүлүп калат. Тишин кычырата кекенген Акылбек мырза кыргыздар бириккен жерде ырк бузуп, сөз таратып, өзгөчө жаштарды тажатып бүтүптүр. Бу киши өзүн калмак экенин шардана кылып айтып, тар чөйрөдө кыргыздар сөөк өчтү душманыбыз, буларды ичинен ыдыратыш керек дегендей дөөрүптүр. Карыганда калжактап алжактагы капчыктуу жаштардын акчасына сук артпай бул жакка келе берсе деле күнү өтөр беле дейсиң, жаман көрүнүп эмне кереги бар?

Мамлекеттик айыптоочулар Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотунун «Ата-Журт» фракциясынын депутаттарына карата чыгарган чечимдерин жокко чыгаруу боюнча көзөмөл кылуу сунушу менен Жогорку Сотко кайрылышты.

Мамлекеттик айыптоочулар Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2013-жылдын 29-мартындагы чечиминин жумшактыгы үчүн жана Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы К. Ташиевге, С. Жапаровго, Т. Мамытовго, Б. Исаевге, К. Камчыбековго, К. Кадырбаевге карата чыгарылган өкүмүн кайра кароо боюнча Жогорку Сотко кайрылышты. Бул туурасында 27-июнда КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.  «Муну менен бирге белгилеп кетүүчү жагдай, кайра кароо сунушу өкүмдөрдү жана апелляциялык инстанциядагы протоколдорду окуп чыккандан кийин киргизилген. Протоколдун көчүрмөсү Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаардык соту сот отурумунун протоколунун көчүрмөсүн беришпегендери тууралуу билдирип чыккандан кийин гана берилген» деп белгилейт Башкы прокуратура.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru