Айбат » Ажы Акун кызмат үчүн энесин сатуудан да кайра тартпастыгын ашкереледи

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ажы Акун кызмат үчүн энесин сатуудан да кайра тартпастыгын ашкереледи

акун

Парламенттин кечээги жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланды. Аталган комиссия бир катар мыйзам бузууларды таап, башкы акыйкатчыны кызматтан кетирүүгө толук негиз бардыгын билдирди. Ал эми ажы Акун кызмат дегенде энесин “сатуудан” да кайра тартпастыгын даңазалап, күнөөнү ар кимге оодара салып жатты.

Комиссия төрагасы Абдыжапар Бегматовдун айтымында, акыйкатчынын аппаратын текшере келгенде 1,5 млн. сомдун дайыны чыкпай калган. Ошондой эле карачечекей уулу баштаган бир катар жарандарга акыйкатчынын кеңешчиси деген күбөлүк берген. Ал эми күбөлүк алган Цароев аттуу жаран “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев жаткан абакка кирип, сүйлөшүп чыкканы далилденген. Мындан сырткары, Японияга жасаган иш сапарында Кыргызстанды кантип “сөккөнү”, анын кесепетинен бизге болгон дүйнө коомчулугунун мамилеси өзгөрүлгөнү тасмада ашкереленди.

“Кыз боозуп энесин коркутат” сыңарындай, Турсунбек мырза өзүнө коюлган дооматтардын бирөөсүн да мойнуна албай, күнөөнүн бардыгын өкмөткө, УКМКга, Башкы прокуратурага, депутаттарга оодарганга аракеттенди. Ал кайсы бир врачтардын сөзүнөн улам А.Батукаевге айыккыс дартка чалдыкты деп “диагноз” коюп, тийиштүү органдарга кат жазганын айтты. Кызык, мындай диагноз койгудай Турсунбек Акун медик беле же Батукаевге мал догдурлук ыкмасын колдонсо боло берет дегениби? Баарынан дагы коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бузурманкул Таабалдиевдин телефон чалып, Батукаев тууралуу маалымат бериңиз дегенинен улам интервью бергенин айтып актанат. Башкы акыйкатчы жаш балабы, эгер кокусунан Таабалдиев “өл” десе “өлө” береби? Андан дагы таң калычтуусу, президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаев ошол мезгилде абакта жаткан Камчыбек Ташиев “айнып” калды деп суранды дегени акыл эси жайында адамды ынандырбайт. Ошончолук эле айткандары чын болсо неге убагында айтып чыккан эмес? Же “чычарда” эмне керек дечү эле?

Жыйын жүрүндө: «Президентти, парламентти коргоюн деп жүрөм. Мени кетирем десеңер өзүңөр билгиле, ал силердин чечимиңер. Бирок, эгер мени кызматтан кетирем десеңиздер парламент бузулат, стабилдүүлүк бузулат” деп коркутканга да үлгүрдү. Жалпы Кыргызстандын тагдыры жалгыз Акундан көзкаранды болуп калса “өлгөнүбүз” ошол экен да. Аргасыздан күлөсүн да. Минтип чыйпылыктап, ар кимге күнөөнү оодаргандан көрө, чыныгы эркектигин көрсөтүп кызматын таштап кетип калса болмок.

Баса, гезит басууга даярдалып жаткан маалда кызык кеп уктук. Кышында Чеченстандан жоон топ адамдар келип, Турсунбек Акун менен жолугушканы, ошондон соң: “Батукаевди бошотпосок 3-4 күнгө жетпей өлүп калат” деп кат жазганы туурасында кеп кетти. Чамасы, чечендер Акундун тилин табышкан го. Бирок кантип деген суроо туулат: эл арасында айтылып жүргөндөй тутамдаган “долларбай” карматышканбы же?..



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru