Айбат » Марс Сариев, саясат таануучу:

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев, саясат таануучу:

Сариев Марс

«Freedom House, Human Rights Watch Кыргызстандын имиджин атайылап бузуп жатышат»
Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандагы эркиндик жана адам укугунун корголушуна Freedom House жана Human Rights Watch аттуу эл аралык уюмдардын берген баасына карата комментарий берди. Ал аталган уюмдар АКШнын кызыкчылыгы үчүн белгилүү бир саясатты жүргүзүп жатышат деп эсептейт. 

- Freedom House уюму өзүнүн докладында Кыргызстанды жарым-жартылай авторитардык саясый системадагы мамлекеттердин катарына кошту. Чын эле ошондойбу?

– Freedom House, Human Rights Watch өңдүү уюмдар өздөрү АКШнын саясатынан көз каранды. Алардын бизди жарым-жартылай эркин, жарым-жартылай авторитардык мамлекет катары жарыялагандары кокустук эмес. Буга чейин алар биздин мамлекетти адам сатуу боюнча 3 категорияда турат деп күнөөлөп келишкен. Ошондой эле Freedom House биздин өлкөдө ММК эркин эмес деп да билдирди.
Бул айыптоолордун бардыгы качан биз Америка базасы боюнча келишимди денонсация кылууну жарыялаганыбызда пайда болду. Менин оюмча мунун бардыгы кокустук эмес. Бул иликтөөлөр обьективдүү эмес. Мисалга, басма сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан жер шары боюнча алдыда. Басма сөз эркиндиги бизде ашып-ташып атат

Freedom House, Human Rights Watch өңдүү уюмдар АКШнын кызыкчылыгы үчүн кандай дыр бир белгилүү өлчөмдө саясат жүргүзүп жатышат.

- Бул иликтөөлөр кандай параметрлер боюнча жүргүзүлөт?

– Алар кандайдыр бир фокус топту алышат дагы социологиялык иликтөө жүргүзүшөт. Албетте, бул иликтөөлөрдү каалаган жакка тартып алса болот. Бардыгы кандай фокус топту алышкандарынан көз каранды болот. Ал улуттук азчылык болушу мүмкүн, же сексуалдык азчылык болушу мүмкүн. Бул жерде албетте, картина таптакыр башкача болот. Андыктан бул жерде манипуляция кылганга мүмкүнчүлүк бар.

- Демек, ушул өңдүү докладдар, эл аралык уюмдардын иликтөөлөрү басым көрсөтүүнүн бир элементи деп эсептейсизби?

– Албетте, бул басым. Муну биздин жетекчиликтерге карата сигнал катары бааласа да болот. Алар биздин имиджди атайылап бузуп жатышат. Анткени Бүткүл дүйнөлүк бан, МВФ жана инвесторлор ушул докладдарга карап иш кылышат. Бул Батыштын оюну.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru