Айбат » Эсен УСУБАЛИЕВ: «Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга батыштын бузулган коомчулугунун бардык деффектерин алып келүүдө»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эсен УСУБАЛИЕВ: «Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга батыштын бузулган коомчулугунун бардык деффектерин алып келүүдө»

Эсен УсубалиевАзыркы тапта Кыргызстанда «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди жана террористтик же экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоону легалдаштырууга (жууп-тазалоого) каршы аракеттер» мыйзамын кабыл алуу боюнча активдүү талкуулоо жүрүп жатат. Негизи республикабызда 2006-жылы эле «Терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен табылган кирешелерди легализациялоо (жууп-тазалоо) каршы аракеттер» мыйзамы кабыл алынган. Мына ушул маселелердин тегерегинде «Prudent Solutions» аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев менен маек курганбыз.

- Сиздин оюңузча бул жааттагы мыйзамды жаңылоого эмне түрткү болду?

– Өкмөттүн бул жааттагы ишмердүүлүгүнүн чыныгы мотиви мен үчүн азырынча толук түшүнүктүү эмес. Бирок, мамлекет көптөгөн бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарга карата жетишээрлик көзөмөлдүн жоктугуна бушайман болуп турганын божомолдоого болот. Бул уюмдар чет мамлекеттердин муктаждыгына жараша маалыматтардын топтомун жана анализдерди даярдашат.

Бул коопсуздукка анык коркунуч, кандай мамлекет болсо дагы олуттуу коркунуч жаратат. Ошону менен бирге эле Кыргызстанда бул сфераны көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү жетишээрлик эмес. Маселен ушул өңдүү уюмдарды каттоо боюнча мыйзамды кабыл алган Россияда аларды чет элдик тыңчы катары көзөмөлгө алууга керектүү аппараттардын бардыгы бар. Кыргызстан дагы сөз жок ушул багытта аракеттерди жасап жатат. Жаңы мыйзам долбоору дагы бул багыттагы манилүү жана керектүү кадамдардын бири.

Бул мыйзам долбоорунун 12-беренесине жарандык коомчулук көбүрөөк көңүл бурушат болуш керек. Анда коммерциялык эмес уюмдарга карата көрүлүүчү чаралар, бейөкмөт уюмдардын финансылык ишмердүүлүгүнө сезилээрлик деңгээлде катуу көзөмөл жүргүзүү каралат.

Бирок, мен бул мыйзамдын иштешине күмөнүм бар. Эгерде ал кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдардын санын эске алганда, финансы полициясынын кызматкерлери, УКМК, ИИМ мынчалык көп көлөмдөгү документтерди текшерип үлгүрө албай калат.

- Баарыбызга белгилүү болгондой бул мыйзам долбооруна бүгүнкү күндө бир нече бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин депутаттары каршы пикирлерин билдиришти. Алардын айтымында, мыйзам республикабыздагы жарандык коомчулуктун өнүгүүсүнө тескери таасирин тийгизет. Аны менен бирге айрым кыргыз саясат таануучулары эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, учурдагы коммерциялык эмес уюмдардын 40 пайызы туңгуюкка сиңип кетет, ал эми жумушсуздардын саны 50 миң адамга көбөйүшү мүмкүн, жыйынтыгында мамлекетибиздин бюджети коммерциялык эмес уюмдардан түшүп туруучу салык төлөмдөрүнөн куру калат деп билдиришүүдө. Жарандык коомчулукту колдоо борбору Ассоциациясынын өкүлү Эркин Убышеванын айтымында, бейөкмөт уюмдар ИДПнын 2,2 пайызын берет. Бул көрсөткүч саламаттыкты сактоонун бардык структурасы менен салыштырууга болот. Канчалык деңгээлде мындай коркунучтар бар?

– Тобокелчиликтер албетте бар. Биздин өлкөдө коррупциянын өтө жогорку деңгээлин эске алганда, аны менен бирге көптөгөн бейөкмөт уюмдарды өзүбүздүн эле жарандар башкарып келерин эске алып, мамлекеттин өкүлдөрү менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү «бир кепке» келише ала тургандыгына көзүм жетет. Социалдык-экономикалык маселелерден саясый маселелелерге чейин сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү ар дайым биздин өлкөнү коңшулаш өлкөлөрдөн айырмалап келген.

Менде бир коркунуч бар, мыйзамды аткарууда саясый мотив менен ашыкча катуу болуу, мамлекетибиздеги кырдаалды олуттуу дестабилдештирип жибериши мүмкүн. Ал төмөнкүдөй кырдаалда болот, эгерде кайсы бир бейөкмөт уюмдун артында олуттуу чет элдик структура турган болсо же биздин өлкөдө түздөн-түз таасири бар болсо. Андыктан мен бул жаңы мыйзамдын кабыл алынышына мамлекет өзү даяр болушу керек деп айтат элем. Ошондой эле мамлекетке жана коомчулукка тийе турган бардык таасирлерин түшүнүшү керек.

- Республикабыздын жарандык коомчулугу мыйзам долбоорунун 12-беренесине өзгөчө кооптонуп турушат. Анда финансы чалгынчыларына Коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) тууралуу мониторинг жүргүзгөнгө жана маалымат топтогонго, финансылык отчетун талап кылганга, демөөрчүлөрү тууралуу маалыматтарды ачканга жана укук коргоо органдарына бул маалыматтарды бергенге укук берилген. Бул жерде КЭУнун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын болушунун эмнеси жаман экендиги түшүнүксүз? КЭУ статусу каражаттарды жууп-тазалоого терроризмди каржылоого багытталбагандыгын билүүнүн эмнеси жаман? 

– Бул жерде эң башкы маселе бейөкмөт уюмдар (БӨУ) ар дайым эле долбоорлорду каржылоонун негизги максатын, заказ бергендерди жана долбоорлордун түпкүлүктүү максаттарын ача беришпейт. Эгерде БӨУдардын ишмердүүлүгүн тереңден билүүгө уруксат болсо, анда көптөгөн кооз аттары бар долбоорлордун, коомчулуктун оюн билүүгө багытталган сурамжылоолордун бардыгы  кырдаалдын түшүнүксүз абалын көтөрүүгө жана биздин коомчулуктагы иштерди заказ бергендердин нугуна бурууга багытталган чалгындоо маалыматтарынын топтому экендигин байкоого болот. Бүтүндөй Кыргызстан коомдук, саясый, диний, этникалык топторго, калктын бардык катмарларынын социалдык каалоолору, географиялык өзгөчөлүктөрү, мамлекеттин ресурстук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү мурдатан эле иликтенип, каталогдорго бөлүнүп калган. Көптөгөн жүргүзүлүп жаткан мониторингдер коомдук ал-абалдагы, экономикалык жана саясый кырдаалдардагы өзгөрүүлөрдү өз убакыт-сааты менен билип турат. Сөз жок, ушунун бардыгын ачыкка чыгаруу БӨУдар үчүн дагы, заказ бергендери үчүн дагы пайдасыз.

Эгерде БӨУдардын ишмердүүлүгүнүн финансылык тарабы тууралуу айта турган болсок, бул жерде да көйгөйлөр жаралат. Менин билишимче көптөгөн масштабдуу долбоорлорду реализация кылууда БӨУдардын өздөрү тарабынан максатсыз жумшалган учурлар болот. Канчалык биз мамлекет коррупциялашканы тууралуу фактыларды айтсак, ошондой эле ийгилик менен биз БӨУдардын ичиндеги коррупция тууралуу да айтсак болот. Тигил же бул кырдаалда дагы биз өзүбүздүн жарандар тууралуу айтып жатабыз. Андыктан БӨУдардын ишмердүүлүгүнө жана алардын финансылык жактан отчет берип туруусу тууралуу бул жана башка маселелер өтө катуу талкууну жаратат.

- Өтө саясатташкан коомчулук жана адамдардагы эртеңки күнгө карата ишенимдин жоктугу коркунуч жаратат. Анткени биздин коомчулукта канча радикалдуу ислам секталары бар экендигин билбейбиз. Ал жерде «сакалчандар» адегенде «чыныгы исламга» окутушат дагы, андан кийин жаштарды «ишенимсиздер» менен күрөшкө колдоруна курал берип, өкмөттүк эмес уюмдардын аты менен алып чыгышат. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, аскердик радикалдарды даярдоого агылып келаткан финансылык каражаттарды токтотконго жардам береби?

– Албетте, терроризм жана аны каржылагандар биринчи орундагы маселелер болуп саналат. Бул маселени жаңы мыйзам идеалдуу түрдө чечиши керек. Бирок, практика жүзүндө терроризмди каржылоо – кош стандарттуу маселе экендигине сизди ишендирип кетким келет. Мисалга, Батыш коомчулугун азыркы күндө Түркия жана башка мамлекеттерден Сириядагы өкмөткө каршы согушуп жаткан террористтерди каржылоого багытталган каражаттардын булагы тынчсыздандырбайт. Тилекке каршы, эгерде бул Кыргызстандагы же Борбордук Азиядагы кырдаалга багытталса, региондогу дестабилизацияга салымы бар топтор үчүн терроризмди каржылоого каршы кандай гана закон болсо дагы каражаттардын агылып келишин токтото албайт.

- Коңшулаш Казакстанда дагы чет элдик гранттар тууралуу дебаттар жүрүүдө. Казакстандын Жарандык альянсынын президенти Нурлан Еримбетов казакстандык бейөкмөт уюмдар чет элдик компаниялардан грант алышына каршы экендигин билдирди. Анын сөзүнө караганда азыркы күндө чет элдик демөөрчүлөрдөн грант алып жаткан бейөкмөт уюмдарды мамлекет өзү дагы каржылай алат. Бирок, бир шарт менен, эгерде ал долбоорлор кзак коомчулугуна пайдалуу болсо. Сиздин оюңузча, ушундай көзкарашты Кыргызстанда колдонууга мүмкүн деп эсептейсизби?

– Казакстанда мындай абалды колдонууга болот. Бирок, аларда деле мындай долбоорлорду өздөрү каржылоонун аягында гранттарды бөлүштүрүү системасы коррупциялык схемага айланып кетиши мүмкүн. Бул жерде көйгөй башка мүнөздө.

Мурунку советтик союздун курамындагы мамлекеттерде жалпы социалдык, кайрымдуулук мүнөзүндөгү көлөмдүү масштабдагы долбоорлорду каржылоо салтка айланган эмес. Муну менен дайыма мамлекет алек болуп келген, дагы деле ошондой. Ал эми Батышта мындай салт бар. Бирок Батыш өзүнүн тарыхында дагы, бүгүнкү күндө дагы өздөрүнүн жеке, кыянаттык максаттарын коюп келишкен. Андыктан Кыргызстанда кандай гана кайрымдуулук болбосун религиялык багытты өзүнө камтып турат. Бул көпчүлүк учурда.

Ал эми саясый ишмердүүлүк боюнча эмне айта алабыз, бул багытта дагы чет элдик заказчы бар болсо, анын багыты түшүнүктүү. Мамлекет өзүнө каршы багытталган долбоорлорду каржылай албайт.

Жалпы жонунан мен финансылык көзөмөл керек жана анын жыйынтыктары коомчулук үчүн белгилүү болуп турушу керек деп эсептейм. Анткени карапайым калк каражаттар эмнеге жана кайда жумшалып жатканын, долбоорлордо жана гранттарда кандай максаттар билдирилгенин жана кандай жыйынтыктар болгонун билүүгө укуктуу.

Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн башка учуру дагы бар – коомчулук алдындагы жоопкерчилиги. Бейөкмөт уюмдар мамлекетти көзөмөлдөйт жана сынга алат, ошол эле учурда өздөрү эч кандай жоопкерчилик тартышпайт. Демек, парадоксалдуу кырдаал болуп калат.

Мисалга, кандай гана шайлоо болбосун, анын алдында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү активдешип кетет. «Таза шайлоо үчүн», «добуштарды сатып алууга жол бербөө» сыяктуу лозунгдары менен. Бирок, эгемендүү Кыргызстан пайда болгондон бери ушул өңдүү долбоорлорго канча каражат жумшалганын эч ким эсептеген эмес жана баарынан кызыгы мындай ишмердүүлүктүн жыйынтыгы кандай болгонун эч ким билбейт. Бул жаатта кандайдыр бир өзгөрүү болгондугун мен байкаган жокмун. Добуштар мурдагыдай эле сатылып келет, бирок долбоорлор дагы деле ишке ашырылууда. Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы менен калкыбыздын шайлоолорго карата түшүнүгү кеңейип калганы тууралуу айтуу кыйын. Бул эмне? Бири-бирин түшүнүп алдообу? Акча иштегенге ыңгайлуу шартпы? 

Ошондуктан бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын болушу, финансылык жактан отчет берип туруусу жана эң башкысы алардын ишинин жыйынтыгы менен таанышып турууга коомчулуктун мүмкүнчүлүгүнүн болушу маанилүү деп ойлойм.

- Бүгүнкү күндө көптөгөн коммерциялык эмес уюмдар чет жерлерден акча алышат. Бирок, эч ким эч качан жөн гана акча бере бербеши бышык. Чет элдик каржылоолордун артында ар дайым кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы турат. Алар мамлекеттин суверендүүлүгүнө коркунуч туудурушу жана эгерде бийлик алмашып кеткен учур болсо форпосту түзүп жиберүүлөрү мүмкүн. Буга каршы туру үчүн пландаштырылылган закондун ичинде биз эмне кылсак болот?

– Чет элдик таасирлерге жана алардын өлкө ичинде жүргөн агенттерине бир гана экономикалык жана идеологиялык планда күчтүү мамлекет каршы тура алат. Кыргызстандын бүгүнкү абалында каршы туруу мүмкүн эмес. Азыркы айтаарым канчалык парадоксалдуу болсо дагы айтайын, Кыргызстанды азыр коррупция менен бардык деңгээлдеги жоопкерчиликсиздик сактап турат.

Өлкө ичиндеги кандай гана долбоор болбосун, ар дайым анын каражаттарын эффективдүү пайдаланбаган, бөлүштүрүлбөгөн башкы коркунучу менен кагылышат. Акыркы учурларда чет элдик таасирлердин агенттерине бөлүнгөн каражаттар квартира же автоунаа сатып алууларга, же болбосо шаан-шөкөттүү тойлорду өткөрүүгө жумшалып кеткенине ишенгим келет.

- Азыркы күндө коммерциялык эмес уюмдардан мамлекет үчүн кайсы сферада эффективдүү жардам болмок? Майыптар менен иштешүүбү, начар үй-бүлөлөрдүн балдарына камкордук көрүүбү, түрмөдөн чыккандар, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктар менен профилактикалык иш жүргүзүүбү, жумушка орноштурууга жардам берүүбү? Коомчулук  биринчи кезекте муктаж болуп турган нерсе эмне? Коммерциялык эмес уюмдар этностор ортосундагы стабилдүүлүктү сактоодо өздөрүн көрсөтө алабы?

– Бул татаал суроо. Негизи мамлекетке өзүнүн жоопкерчилигинде турган бардык сферада жардам керек. Бирок, биз коммерциялык эмес уюмдар аркылуу чет жерлерден каражат алуу менен ага кошумча кандай «бонус» алып жатканыбызды аңдап түшүнүшүбүз керек? Прозелитизм, салттуу религиялык, үй-бүлөлүк баалуулуктарды талкалоо, бир жыныстуу баш кошууларга жол берүү же башка дагы Батыштын бузулган коомчулугунун деффектерин алып жаткан жокпузбу?

Кандай болгон күндө дагы биз кыйын кырдаалда турабыз – мамлекетке жардам керек, бирок бул жардамдар өздөрү менен кошо башка мамлекеттердин таасирин жана баалуулуктарын алып келет. Жыйынтыгында алар жардам берүү менен бизди талкалашат. Андыктан мамлекет коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун коомчулуктун саламаттыгына жана саясый стабилдүүлүккө тийгизе турган таасири тууралуу ойлонушу керек.

- Маегибиздин аягында тышкы саясат багытындагы суроо менен кайрылгым келет. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга караманча каршы туруп жаткандардын артында өздөрүнүн активдүүлүгүн президент Алмазбек Атамбаев Америка базасын чыгаруу тууралуу акыркы чечимин кабыл алгандан кийин өтө активдешип кеткен Батышчыл коммерциялык эмес уюмдар тургандай сезилбейби? Азыркы тапта кырдаалды курчутуунун бардык аракеттери жасалып жатат, коомчулукту дестабилдештирүү үчүн, Кыргызстан батыштын таасиринен чыгып кетпеши үчүн бардык аракеттер жасалып жаткандай?

– Мен бейөкмөт уюмдардын активдешип кетүүсүнө Кыргызстандагы АКШнын аскердик күчүнө карата биздин өкмөттүн чарасы таасир этип жатканына бекем ишенимдемин. Азыркы тапта бизде жана ушундай ишмердүүлүктү жүргүзүп жаткан чыныгы заказчылардын өздөрүнүн түзгөн уюмдарынын потенциалын текшерип алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Менин оюмча алар үчүн бул дагы өз деңгээлинде экзамен. Аларга жумшалган акчаларды алар акташабы, же жокпу? Жакын арада кандай жыйынтык болгон күндө дагы биз муну билебиз деп ойлойм. Эгерде ийгиликке жетишсе, алардын позициясын жана өлкөбүздөгү финансылык абалдарын бекемдөөсүн күтсө болот. Эгерде жеңилүүгө дуушар болушса, түрдүү өзгөрүүлөр күтүлөт, ал эле эмес таң калуулар дагы болот.

- Маек курганыңыз үчүн рахмат.

Маек Ca-News агенттигинен кыргызчага которулду.

 
 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru