Айбат » Кекчил болбой, эпчил бол. Камактан бошогон «ата-журчулардын» тактекеси

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кекчил болбой, эпчил бол. Камактан бошогон «ата-журчулардын» тактекеси

ата-журтЭнелери менен эже-карындаштарынын этегине корголоп, урук-тууган, жек-жаат, куда-сөөк, чогуу ууруга кирген табакташтарынын, дос-курбуларынын жаалданган колдоосу менен, анан да баарынан сатылма-коркок соттордун чечими менен камактан чыккан Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду, Садыр Жапаровду бир калыпка салганга болбойт. Мисалы, Ташиев, баарынан эстүүрөөк, оюнда арамы жок, карапайым элден чыккан алакөөдөк жайдак төш “баатыр” кейиптенсе, Садырчигибиз кадимки саясий циркач болуп чыкпаспы. Куулугу андан ашат. Тагыраак айтканда, алакөөдөк Камчыкени  бир жеринен ушалап атып  дүүлүктүрүп коюп, Акүй кашаасын көздөй  түртүп, тукуруп салып, а өзү шыпылдай басып барып, адаттагыдай эле жолу менен кирип, ЖоКедеги ордуна тымпыйып отуруп калганын кантесиң. Оозу-мурду кыйшайбай. Талант мырзанын кылганын ит да түшүнбөйт.  “Эл дүрбүсө, эшек да кошо дарбаптыр” дегендей, Камчыбекти ээрчип бийик темир кашаадан кантип секирип өткөнүн өзү да эмдигиче түшүнө да, түшүндүрө да албай кыйналат, кургур.

“Кумтөр” көйүнө жамынып алып,  бийликти күч менен басып алгысы келген аталган “ата-журчуларды” сүттөн ак кылып актап туруп, бошотуп ийген соттор аман эле болсун. Бишкек шаар сотунун бул кылыгын ар кандайча жорушат.  Эмнеси болсо да,  мындай чечимге кызыккан кимдир-бирөөлөрдүн моралдык, материалдык кысымы күч окшбойбу. Ошол кызыкдарлардын арасында ыңкылапка тойбогон “булдузор” Азикени аташат. Дагы, башкысы – чет жерге куулуп куураган КурСалычтын “жашылбайлары” да жүрөт дешет.

Болбосо: “Кана ким мени менен чыгат? Давай, чогулабыз да, Ак үйдү, бийликти алабыз! Азыр алабыз! Кана, кеттик, бийликти алабыз!”, деп бакырган  Камчыкенин “Чыныгхан! Чынгызхан” деген ураан-бакырыгын кулагы барлар дапдаана укту го. Анан эле колго түшүп, сотко келгенде, эмне тентек кылганын билбей калган балакай кейиптенип, макоо боло калганына  калың эл жакасын эмдигиче карманып турган чагы. Мамлекеттик чоң кызматтарды иштеген, коогалаң учурда калың элди башкарып, тынчытып, эки элге элчи болгон эр ортону элүүдөгү жигиттин кылаары ушулбу? Камчыбек мырза түрмөгө түшүп калганына  сырттан бирөөнү күнөөлөп, өлүмтүгүн артынгандан көрө, жанындагы Садырчиктей гонщик- көз боемочуларды жакшылап байкап, териштирип алса болмок.

Ошентсе да Камчыкеге  атайын кызматтын  “курорту” жагып калган окшойт, эсине келип, акылы токтоп, туура  сүйлөп калганына  тобо дейли. “Баары мыйзам чегинде болушуш керек”, дейт “Ата-Журт” анабашыларынын бири. Туура сөз. Мыйзамдуу бийликти оюнчуктай көрүп, азыр эле басып алабыз дегени мыйзамдын абдан оор беренелерине ылайык келээрин, ал үчүн өлүм жазасы да берилээрин эми билгенби? Эми ушундай чоң кылмыш кылса да, Ташиевдин акталып бошонгону “боло берет кыргызга” дегендей эле болуп калды окшойт. Ошондон кийин тиги соттолгон “үчилтик” баягы  “Операция “Ы” киносундагы Георгий Вицинче “Жашасын дүйнөдөгү эң адилет кыргыз соту!” деп кыйкырып ийиши күтүлгөн иш эле. Бирок, антпесе да, бошонгондон кийинки басма сөз жыйындарында алардын ичинен ушуга окшотуп айткандары  да чыкпадыбы.

Садыр Жапаровдой кеп жебеген кайыш беттерге айла жок экен. Бакиевдин  менчик  “акыйкатчы-комиссары” болуп тургандагы кылыктары эле мыйзамдын бир нече беренесине чак келет. “Жыргалаң” шахтасын басмачыдай басып алганы,  ондогон миллион сомдук  бир нече мүлктү жең ичинен уурдап ээлеп алганы, казнанын акчасын самандай сапырганы унутула элек. “Кыргызчылыгы” жок, мыйзамды темирдей бекем карманган башка  өлкөнүн соту болгондо, Камчыке, Садырчик, Талант  бийликти басып алганга чейин барышканы үчүн   үчөө тең колу-бутуна кишен салынып, илгери Кыр Шиберге кетип аткан Токтогул акынга окшоп, “Кайыр кош, кыргыз элим” деген бойдон  Жердин шарынын аркы бетиндеги Гуантанамого жол тартышмак. Эми, канткени менен ары-бери чайпалып барып токтолуп, эстерине келишет го  дей туралы. Кыргызда “Кекчил болбой, эпчил бол” деген накыл кеп бар эмеспи.

Бирназар Усупов.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru