Айбат » «ЖАШАСЫН СОТТОР!» – Коррупция али тирүү!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «ЖАШАСЫН СОТТОР!» – Коррупция али тирүү!

сот

Акыркы кезде коомчулукту  дүрбөткөн бир окуя болуп өттү. Ал  Бишкек шаардык сотунун «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду баардык беренелер боюнча актоосу. Кыргызстандагы «акыйкат сот» К.Зулушев төрагалык кылган сот коллегиясы үч депутатты 30 эсеп көрсөткүчтөгү айып пулга жыкты. Баракелде!.Сот болбосоң кое кал. Мындан  артык калыс чечим болчубу? Бекеринен жыйырма жылдан бери кыргыз элинин муң зарынын символуна айланган сот системасын  кайрадан реформалоо керек деп айтылбаганы даана болду. Бир жылга жакын созулган сот процессинин акыры мындай бүтүшүн эч ким күтпөгөн чыгар. К.Ташиев менен С.Жапаровго Кылмыш кодексинин 297-беренесинин 2-бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) жана 295-28-беренеси (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) боюнча, ал эми Т.Мамытовго 295-28-беренеси (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) күнөө коюлган. 29-мартта Биринчи май райондук сот тарабынан «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров 1,5 жылга, Талант Мамытов менен жан сакчыларды 1 жылга эркинен ажыратылса, эми минтип  шаардык сот аларды актап жатат…

«Ата журтчулар» акталып алып деле  кайра догун бийлике артууда…« Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнүм далил, деп билдирди «Ата Журт» фракциясынын депутаты К. Ташиев, бирок, ал Кылмыш кодексинин 295-беренеси менен камап салууга жатпайт болчу десе, бети жок  С Жапаров:»  Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечими туура эмес болду. Андагы 17 барактуу токтомдун 15 барагында далилденбеген, калп фактылар жазылган. Анткени, 295-беренесинде белгиленгендей, эгерде бийликти басып алууда ок атуучу куралдарды, таштарды, бычактарды колдонсо, анда ушул берене боюнча айып такса болот»,-деп дөөрүйт. Мына сот  актаган депутаттардын кебетеси! Мындай болгондон кийин актоонун канчалык кажети бар? «Бөрү баласы ит болбойт.» Буларың өз күнөөлөрүн дале түшүнө элек!

«Ата журтчуларды» бошотуу менен калыс  сот аталган  Курманкул Зулушев, Сания Бранчаева жана Медер Сатиевдер канчалык деңгээлдей мыйзамдуулук менен  иш алып барышкан? Эмне үчүн Кыргызстанда тоок урдагандар менен мал уурдагандар   беш жылга эркинен ажыратылат да, депутаттарга эркиндик берилет?  Мыйзамды баарына  бирдей колдонсо болбойбу? Мыйзам бузгандарга азыркы бийлик өтө жумшак мамиле кылып жаткан кези. Эгерде мындай окуя К.Бакиевдин убагында болгондо, алар бери жагы дегенде эле 20 жыл отурушмак. «Булардын  коррупционер экендиги баардыгына белгилүү. Алар өздөрү далилдеди муну. Миллиондорду алып качып кетишти, биз аларды табабыз.», – деп жатышат соттун чечимине нааразы болгон коомчулуктун өкүлдөрү… А чынында сот процесси кандай болду эле? Депутаттарды актаган соттордун бири  Сания Бранчиева  өкүм сот залында жана анын сыртында наарызычылык билдирип жүргөн элдин кысымы менен жасалганын, пикирлер эки ача чыкканын билдирген. «Мен актоо чечимине макул болгон эмесмин, бирок көпчүлүк добуш менен депутаттар акталды. Мен бул боюнча «өзгөчө пикир» жазып, аны конвертке салып, чаптадым. Эгерде Жогорку сотто иш каралса, конвертти ошол жерден ачса болот», – деген. Демек,  бул сот  иши дагы уланаарын каңкуулайт.  Акталган  депутаттар айткандай «акыйкат чечимби» же коомчулуктун  кээ бир өкүлдөрү билдиргендей  «калыс карайбыз деп жатып калпыстык кетирген чечимби» кандай айткан күндө да сот системасы  белчесинен  коорупциялашып бүткөнү айдан ачык. Башкы прокуратура менен  ИИМдин иштеринин жыйынтыгына сот бутагы « төөчө сийип», таптакыр тескери бүтүмдөрдү чыгаруу менен  өзүнчө бир  абсолюттук , кол тийбес  бийлик  мунарасына айланды.  Буларды тез арада реформалоо болбосо, эзели  Кыргызстан  мыйзамдуулук үстөмдүк кылган мамлекет боло албайт. Мунун бир далили  шаардык соттор      К. Зулушев, С. Бранчиева жана М.Сатиевдердин жасаган иши. Мына бүгүнкү сот системасынын жүзү. Парадокс1. Биринчи май райондук соттору мыйзамдуу иш кылышабы же Бишкек шаардык соту мыйзам чегинде иш алып барабы? Кимисине ишенсе болот? Же мыйзам «буйлаланган төөдөй» эки жака чөгө береби? Мунун баарын соттордун абийирине коелу, эгер аларда кыпындай абийирдин учкундары калган болсо? Болбосо, не демекбиз. «Жашасын соттор!»,- дейбизби. Жок. Жок. Акыры сотторго  дагы «ӨКҮМ» чыга турган күн келет…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru