Айбат » Кыргызстанды ХИПКке киргизип, өзү «бейиште» жашагысы келген Акылбек Жапаров

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Кыргызстанды ХИПКке киргизип, өзү «бейиште» жашагысы келген Акылбек Жапаров

ЖапаровЭкономика тууралуу сүйлөсө Кыргызстанды эртең эле гүлдөтүп жиберчүдөй болгон Акылбек Жапаровго дайыма олуттуу ойлор «түштөн кийин» акылына келет. Тереңдетип айтсак, качан кызматтан көчүгү «тайгаланып» кеткенде гана эсине келе калат. Болбосо, «ээрге» минип турганында Кыргызстанды өнүктүрүү эмес, кантип жок кылуунун аракетин көрүп жаткандай туюлат. Антпегенде, сүйлөп баштаса «антеннасы» дүйнөнүн булуң-бурчунан тарта берген Акылбек Жапаров Кыргызстанды ХИПКке киргизем деп «төрт аягын» тыбыратат беле? Бу Акылбек мырзанын жылдызы жанган учурлары Бакиевдердин убагына туш келген. К.Бакиевди  чүй борундагы фасендасына чакырып алдына аргымак тартуулап сиз менин «атам» болсуз деп чөгөлөгөнү эл оозуна айтылып жүргөнү  чындыкка жакындай сезилет. Депутат, министр, биринчи-вице-премьер-министр өңдүү кызматтарды аркалап, бийликтин кумарына жакшы эле манчыркады. Анан финансы министри болуп турганында: «Кыргызстанды ХИПК программасына киргизем» менен аябай убара болгону тарыхыбызда өчпөс сыя менен жазылып калды. Анын ою боюнча аталган программага кире калсак эле, бардык тышкы карыздарыбыз жоюлуп кетмек экен. Бул өзүн дасыккан экономист катары эсептеген Акылбек Үсөнбековичтин жаңылыгы болгон. Бирок, аталган программага кирген өлкөлөрдүн ошол учурдагы жашоо-шарты, экономикалык абалы кандай экендигин таназарына албаса керек. Маселен, аталган программага Африка өлкөлөрү да киргенин билебиз. Ал эми ал жакта азыркыга дейре цивилизациянын шооласы тийбей, жалбырак жамынган жашоо менен күн көрүп келатканын кантебиз? Анын үстүнө рынок экономикасында бирөө бирөөгө бир тыйынды дагы жөн эле бербейт. Демек, ошол учурда биздин тышкы карызыбыз 2 миллиард доллардын тегереги болсо, ХИПК программасына кире калып эле, карыздан таптакыр кутулуп, ага эч кандай милдеттенме албайт болчук деп ким кепилдик бере алат? Же Жапаров Кыргызстанды экинчи Африкага айланткысы келди беле, ким билет? Болбосо, тышкы карызы жок мамлекетти таба алабызбы? Же А.Жапаров ХИПК программасын сунуштаган эл аралык уюмдан 10%алып Кыргызстанды түбөлүк сатып ийейин дегенсизби?
Дүйнөдөгү бардык мамлекеттер бири-бирине карыз болуп жашап келишет. Эгерде ХИПК программасы Акылбек мырза айткандай укмуштуу программа болсо, бизден биринчи коңшу мамлекеттерибиз кире качмак. Деги эле кызматта турганында Акылбек мырзадан жөндүү сунуштар түшкөнүн уга элекпиз. Анын койлорго паспорт бергиси келгени да анекдотко айланып кеткен. Кыргызстан ошол учурда өз жарандарына паспортту толук бере албай жатып, койлорго паспорт берүүнү ким коюптур эле? Айтор, бирде күлкүлүү, бирде опурталдуу сунуштарды гана айта билген Жапаров гезит беттери менен теледен түшпөй экономиканы кантип көтөрүү керек экендиги тууралу азыркы чиновниктерге акыл айтып жүргөндөгү кербези. Кээде А.Жапаров  Максим Бакиевдин коррупциялык схемаларын колдонуп элибизди талап-тоноп «паспортуу» малыбызды айдап алып Бакиедердин артынан жөнөгөнү жатабы деген ой келет. Баягы президенттикке аттанам деп албууттанып чыгып,кайрадан чыкпай калган кезинде ,керек болсо Кыргызстанды сатып алам дегендей эле кыйкырган.Маалымат каражаттары жазып чыккандай,мурдагы «Машина сыноочу станция»Кант шаарында жайгашкан азыркы көп тармактуу айыл-чарба ферманы «МИС» ААКны 13млн АКШ долларына сатып алганы белгилүү.Муну менен катар эле «Таттуу»кондиттердик ишканасын аялы ээлик кылаары айтылып жүрөт.

1Бар байлыгын жашырып, бакылдаган Жапаров 
Акылбек мырзанын мыкты экономист экендигин айтып жүргөндөр дагы бар. Бирок, анын мыктылыгы бир гана өзүнүн жана туугандарынын жашоо-шартын оңдогонго жумшалып келет. Ал эми мамлекет үчүн башын оорутпай, эптеп ХИПК өңдүү программаларды таап чыга калат. Апендидей болуп сүйлөгөнү менен Жапаровдун жашоо-шарты жыл сайын оңолуп, ээлик кылган мүлктөрү, минип жүргөн машинелери деги эле анын айлык акысы менен коошпой келет. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн бир мисалды алдыга тарталы. Мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлктөрү боюнча Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына таянсак, 2011-жылы финансы министри болуп турган Акылбек Жапаров негизги жумуш орунунан 697 миң сом киреше тапкан. Ал эми анын туугандары негизги жумуш орундарынан 189 миң сом табышкан. Андан сырткары кошумча жумуштарынан түшкөн кирешелери 104 миллион 923 миң сомду түзгөн. Экс-министрдин менчигинде 1999-жылы сатылып алынган 2 миллион 400 миң сомдук квартира жана 2004-жылы сатылып алынган жер тилкеси бар. Бирок, анын баасын Акылбек мырза көрсөткөн эмес. Жапаровдун туугандарынын 2010-жылы сатып алган 6 миллион 675 миң сомдук квартирасы бар экен. Андан тышкары ошол эле туугандарынын 1995-жылдан 2006-жылдарга чейин сатып алышкан 29 миллион 67 миң сомдук турак-жайга ылайыкташпаган имараттары бар экен. 2009-жылы жалпысынан 3 миллион 269 миң сомго сатылып алынган 8 автоунаалары бар экендигин дагы көрсөтүшкөн. Айлык акыларды ичпей-жебей чогултсаң да, бир жылда 8 автоунаа сатып алуу түшкө кирбеген окуя экендигин айтканда не, айтпаганда не? Ырас булардын бардыгын ошол учурдагы министр мырза декларацияда ачык эле көрсөткөн экен. Бирок, эң башкысы болгон, Жумабек көчөсү 111деги 19 сотых 49 жылга ижарага алган жерин жаап-жашырып койгон экен. Бул жер тилкесин Акылбек Жапаров ити чөп жеп турган Бакиевдин убагында Бишкек шаарынын мэри, Курманбек Бакиевдин «баласы» Нариман Түлеевдин буйругу менен алган. Азыркы күндө ал жерде көп кабаттуу мейманкана-оюн-зоок комплекси үчүн имарат курулуп бүтүп калган. Мындан тышкары Акылбек мырза Шопоков көчөсүнүн ¹143 номурунда офиске ылайыкташып курулган дагы бир көп кабаттуу имараттын ээси болуп эсептелет. Ырас анын документтери өзүнө катталбаганы менен, бул жердеги эсеп-чоттун бардыгын Жапаров өзү жүргүзөөрүн жакшы билебиз. Мына ушундайча эл көзүнө акылдуу  көрүнгөн, кызматтан куулса эле, аябай акылдуу кептерди козгоп калмайы бар Акылбек Жапаров Кыргызстандын тагдырын ХИПКке байлап коюуну көздөгөнү менен өзүнүн жашоосун бейишке айлантуу менен гана алек.

1Дагы бир жолу Жапаров тууралуу…
Акылбек мырза өзүм дегенде өгүздөй кара күчү бар экендигин, максатына жетүү үчүн айрым учурларда эл кадырлаган адамдарды да «садага» чаап жиберерин далилдеп келет. Маселен, союз маалында Кыргызстанды 25 жыл башкарган, элибиздин кадырлуу инсаны Турдакун Усубалиев менен ¹34-Кочкор шайлоо округунан 2005-жылы депутаттык мандат үчүн чогуу ат салышып калганы бар. Анда эл арасында кадыры бийик Турдакун аксакалдын утуп кетерин бөркүндөй билген Акылбек мырза түрдүү шайтан оюндарын жасады. Эл алдында Усубалиевди шерменде кылууну көздөдү. Айтор, 90га жакындап калган Усубалиевди соттон-сотко сүйрөп, аксакалдын батасын эмес, каргышына калып, калың элдин алдында өзү эле маскара болгон. Андан тышкары финансы министри кезинде ар бир мекемеге бөлүнгөн акчанын 10 пайызын өз чөнтөгүнө солоп калары тууралуу көп эле айтылган.Мындай ыр саптарыда жазганга келегалып жатпайбы замандаш.

Ийри муйру кашы бар,

Акылбек деген киши бар

Акылы жок тили бар,

Акылбек деген «мини»бар.

Ой келди тантып токтобой,

Оозунан аккан кири бар.

Эл оозуна алынган ,

«Он пайыз» деген «чини» бар.

Ошондон улам «мистер 10%» деген лакап атка да конгон. Ошондо жогоруда айтканыбыздай көп кабаттуу мейманкана жана оюн-зоок комплекситерин ошол 10 пайыз өңдүү «аракеттери» менен курса керек. Анан дагы Бакиевдин убагында биринчи вице-премьер болуп туруп, «Камбар-Ата-1» ГЭСине капсула коюу аземине катышкан эле. Борбор шаарга кайтып келип, ал жактагы иш укмуштуудай болуп жатканын, баары жайында экенин саймедиреген. Көрсө, ал жакта жардыруу иштеринде бир топ катачылыктар кеткендиги 2010-жылдын апрель окуясынан кийин ачыкка чыгып отурат. Бул боюнча деле Акылбек Жапаровго кылмыш иши ачыла элек. Бардык жерде суудан кургак чыга берип көнүп калган Акылбек мырзага качан мыйзам иштээр экен деп эле күткөн адамдар көп…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru